Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Акыйкатчы июнь коогасы боюнча Батыров менен Мырзакматовду айыптады


Оштогу өрт чалган күндөр, 2010-жылдын 13-июну
Оштогу өрт чалган күндөр, 2010-жылдын 13-июну

Акыйкатчы Турсунбек Акун июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссиянын баяндамасын жогорку деңгээлде даярдалган изилдөө деп баалады.

Бирок андагы бир катар саясий лидерлерге баа берилбей калгандыгын сынга алды.

Арсар ойлорлордун арасында калган баяндама


Акыйкатчы Турсунбек Акун эл аралык комиссиянын ишин жогору баалап, анын баяндамасы буга чейин июнь окуяларын иликтеген башка комиссиялардыкынан бардык жагдайларды камтый алгандыгы менен айырмалангандыгын белгиледи.

Турсунбек Акун эл аралык комиссия буга чейин ачык жарыяланбай келген фактыларды таап чыккандыгына токтолду:
Турсунбек Акун

- Мунун баарын эл аралык комиссия биринчи жолу ачык айтып жатат. Буга чейин улуттук комиссия дагы, биздин комиссия дагы толугу менен баяндай алган эмес. Муну моюнга алыш керек. Мында каза болгон адамдардын саны 470 деп буга чейинки ар түрдүү маалыматтардын баарын тактап туруп берип жатышат. Анын ичинен 75 пайыз өзбектер, 25 пайыз кыргыздар болгондугу айтылыптыр. Бул эми чындык да. Канча адам зордукталды, канча адам кордолуп өлтүрүлгөндүгүн жашыруунун кереги жок. Анан өзбек тектүүлөрдүн укугун коргогон адвокаттарга кысым болуп жаткандыгы айтылыптыр. Чындыгында эле ушундай болуп жатпайбы. Андай эмес дегендин ордуна ошондой көрүнүштөргө жол бербешибиз зарыл.

Ошол эле учурда Кыргызстандын өкмөтү аталган баяндамада айрым бир эпизоддорго өзгөчө көңүл бөлүнүп, кээ бирлери көңүл сыртында калып кеткендигин өзүнүн комментарийинде белгилеген болчу. Тышкы иштер министринин статс-катчысы Асеин Исаев “Азаттыкка” курган маегинде эл аралык комиссия коогалаңдын чыныгы себептерин ачып бере албагандыгын айткан:
Асеин Исаев

- Окуянын чыгып кетишинин чыныгы себептери эмнеден болду деген суроого эл аралык комиссия жооп таба албай койду. Анда негизинен окуя кантип өнүккөн, канча адам каза болгон, алардын канчасы кайсы улуттан, жабыркагандардын көпчүлүгү кайсы этникалык топко тиешелүү болгон деген сыяктуу суроолорду коюп, ошонун ичине өздөрү кирип кетип, бөлүп-жарып жатышат да. Эми бул биздин мамлекеттин жалпы кайгысы. Каза болгондордун бардыгы биздин - Кыргызстандын жарандары. Мунун ордуна жалпы бир анализ болсо жакшы болмок.

Акыйкатчы июнь коогасынан кийин этникалык мамилени жөнгө салуу боюнча эл аралык комиссиянын сунуштарынын көпчүлүгү орундуу деп эсептейт. Буга чыныгы кылмышкерлерди улутуна карабастан жазалоо чараларын жүргүзүү жана иликтөө иштерин акыйкат алып баруу боюнча талаптарды мисал келтирди.

Кемигинде дагы бар, керкисинде дагы барбы?

Ошол эле учурда Турсунбек Акун эл аралык комиссия тарабынан июнь коогалаңы боюнча Оштун мэри Мелис Мырзакматовдун жана Кадыржан Батыров баштаган бозгунда жүрүшкөн өзбек саясатчыларынын аракеттерине жетиштүү баа берилбегендигин сынга алды:
Кадыржан Батыров

- Эл аралык комиссиянын кемчилигинин бири К. Батыров, Ж. Саллахуддинов, И. Абдрасулов жана К. Абдуллаеванын бул окуялардагы ролуна жана алардын терс аракеттерине баа бере алган эмес. Аларды жөн гана өздөрүнүн саясий укуктары үчүн алпурушуп жатышкан адамдар катары мүнөздөп койгон. Ал эми ошондой шыкак кылгандардын бири Ош шаарынын мэри М. Мырзакматовдун улутчулдук аракеттери туурасында эмне үчүн эч нерсе айтылбайт. Болгону бул боюнча эки-үч сүйлөм гана бар экен. М. Мырзакматов июнь окуясына чейин эле кылмыштуу топтор менен байланышып, алар аркылуу өзбек ишкерлерине салык салышты деген маалыматтар бар. Ошондон кийин өзбектер кыргыздар бизди кыса баштады дешип уюмдаша башташкан экен.

“Чаң жугузбаган” чабандестер

Буга чейин “Азаттыктын” өзбек кызматына берген маегинде Кадыржан Батыров июнь коогалаңына өзбек лидерлеринин катышы жок экендигин айтып, алардын бардыгы бул окуяда жабырлануучу болушкандыгын билдирген. Ал эми Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов болсо "Азатыкка" жакында берген маегинде жогорудагыдай пикирлерди анын аты менен байланыштырылган кадимки ушак-айың катары сыпаттаган:
Мелис Мырзакматов

- Ар кимиси имиш-имиш жоромолдордун негизинде гана жыйынтык чыгарып жатышат. А чындыгында бул жердеги жашоо, болгон окуялар жана алардын келип чыгыш себептеринин төркүнү такыр башка жакта жатат. Аны тастыктаган далилдер дагы бар. Биз мамлекетти ачык эшиктер мамлекетине айландырбашыбыз керек. Биздин мөңгүрөп турганыбыздан, кансырап турганыбыздан пайдаланышып, ар кандай жоромолдорду чыгарып жатышат.

Эл аралык иликтөө комиссиясынын баяндамасында июнь коогалаңы боюнча атайын өкмөттүк комиссия түзүү сунушу киргизилген. Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акун мына ошол сунушка ылайык июнь коогалаңына катышы болгон ошондогу убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн жана айрым бир саясатчылардын ар биринин аракеттерине жараша укуктук жана саясий баа берүү маселесин көтөрдү.

XS
SM
MD
LG