Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Сыр каткан снайперлер


Июнь коогасы башталган алгачкы күндөрдө Ош шаарындагы бийик имараттардын үстүнөн снайперлер жайкын адамдарга жана аскерлерге ок чыгарган учурлар болгону айтылган.
Июнь коогасы башталган алгачкы күндөрдө Ош шаарындагы бийик имараттардын үстүнөн снайперлер жайкын адамдарга жана аскерлерге ок чыгарган учурлар болгону айтылган.

Өткөн жылкы июнь коогасы учурунда кагылышууну күчөткөн деп айтылган жалданма снайперлердин сыры жабылуу бойдон калууда.

Күч түзүмдөрүнүн айрым жетекчилери снайперлердин болгондугун төгүндөп чыгышса, кээ бирлери тастыкташканы менен алардын андан аркы тагдыры тууралуу унчугушпайт.


Бээ көрдүңбү, жок...

Июнь коогалаңы учурунда Ош шаарынын ар кайсы бөлүктөрүндө снайперлердин тынч адамдарга жана аскер кызматкерлерине каршы ок чыгарган учурлары катталган. Бирок аталган снайперлердин чатакташкан тараптардын кимисинин пайдасы үчүн иштегени жана кандай максатты көздөгөндүгү белгисиз бойдон калды.

Ошол учурда күч түзүмдөрүнүн жетекчилери шаардын ар кайсы аймагында жашырынган снайперлер улутуна карабастан эки тарапты тең атып жатканын айткан болчу.

Бирок ички иштер министринин орун басары Бакыт Алымбеков иликтөөнүн жыйынтыгы жалданма снайперлердин болбогондугун ырастады деп билдирди:

- Ошол учурда башка мамлекеттен келген көзгө атарлар тууралуу сөздөр болуп жатты.

Бирок жергиликтүү эле эки тараптан тең куралдуу адамдар кагылышта болушкан. Аларды жалданма көзгө атарлар деп айтууга негиз бере турган далилдер табылган жок. Андай адамдар кармалгандардын арасында да бар. Бирок жалданма көзгө аткыч чет мамлекеттиктер боюнча бир дагы факты жок
.

Анткен менен каргашалуу июнь күндөрү снайперлердин шаардын кире беришиндеги Фуркат айылы, Он-Адыр кичи району жана шаардын борбордук бөлүгүндөгү Зайнабединов,Ташкен көчөлөрүндөгү жана Ош району менен Шейит-Дөбө аймактарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн үстүнөн ок чыгарган учурлары байкалган.

Оштогу мыйзам жана тартип укук коргоо уюмунун жетекчиси Изаттулло Рахматтуллаев окуянын күбөлөрүнүн айтымында, көзгө атар чагымчылар эки тарапты тең бирдей аткылап турушканын белгиледи:

- Тополоң болуп жаткан жерден алыс эле аймактарда жашаган адамдар көзгө атардын огунан атылган. Көргөндөрдүн айтымында, көзгө атарлар эки күн бою тынбай атып турушкан. Ар бир фактыны өзүнчө алып көрүп, анан салыштыра турган болсок көзгө атарлар эки тарапты тең ким экендигине карабастан ата беришкен. Айрыкча алар ар бир тараптын кыжырын келтириш үчүн жаш балдарды жана аялдарды дагы аяшкан эмес. Мындай чагымга алдырган эки тарап андан кийин кагылышка аралашып кирип кетишкен.

Туңгуюк туюнтмалар



Мындан сырткары коогалаң учурунда каршылашкан тараптардын эки жагында тең снайперлер болгондугу тууралуу божомолдор бар. Бирок укук коргоо органдары башка бир улуттагы жалданма снайперлердин ошол кезде жок кылынган жана айрымдарынын кармалган учурларын дагы төгүнгө чыгарышпайт.

Ички иштер министринин дагы бир орун басары Курсан Асанов ошол учурда кармалган шектүү чет элдик адамдар учурунда улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилгендигин ырастады:


- Ош шаарында былтыркы июнь коогасы учурунда шектүү чет элдик жарандар жергиликтүү элдин жардамы менен кармалышкан. Бул боюнча бардык материалдарды чогултуп туруп, Улуттук коопсуздук кызматына өткөрүп бергенбиз. Алар кармалган учурда көзгө атаар мылтыктар табылган эмес. Бирок маселенин акырына чейин чыгып иликтөө үчүн маалыматтар такталбай калган. Коркпой эле жооп бере турган болсом - алар койо берилген.

Ошол эле учурда Ош шаарындагы арак заводунун үстүнөн “Драгунов” снайпердик мылтыгы менен атып жаткан көзгө атардын алыс аралыктан тартылган тасмасы жергиликтүү тергөө органдарынын колуна түшкөн. Учурда бул боюнча иликтөө амалдары жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди. Бирок буга окшогон далил тасмалардын болгондугуна карабастан күч түзүмдөрү июнь окуясындагы диверсиялык иштер менен алектенишкен снайперлер тобу боюнча толук маалымат берүүдөн жалтайлап турушат.

Ош шаарынын тургуну Калыс Абдыкаимовдун айтымында, окуянын көпчүлүк күбөлөрүнүн көрсөтмөлөрү бар экендигине карабастан сырдуу снайперлердин бети ачылбай турат:

- Көзгө атарлардын болгону чындык. Бул боюнча бийлик өкүлдөрү өздөрү деле учурунда билдиришкен болчу. Мынчасы кармалды, тигинчеси жок кылынды деп күндө сайрап жатышып эле аягында бул снайперлер кимдики болгондугун жана кандай максатты көздөгөндүгү боюнча маселе көмүскөдө калып кетти. Азыр алар туурасында унутуп калышкансып эч кимиси сүйлөгүсү келбейт. Демек бул өтө эле опурталдуу жана күчтүү чет элдик атайын кызматтардын иши экендиги байкалып калды.

Түшүнүксүз түкшүмөл


Июнь окуясына байланышкан табышмактуу жагдайлардын түйүнү Улуттук коопсуздук кызматына барып такалат. Анткени ошол учурда колго түшүрүлгөн снайперлердин же болбосо чагымчыл диверсанттардын аталган мекемеге өткөрүлүп берилгендиги боюнча көп айтылууда. Бирок коопсуздук кызматы мындай маалыматты расмий түрдө тастыктаган жери жок.

Анткен менен улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Марат Иманкулов башаламандыкты уюштурган күчтөр алар үчүн дагы табышмак бойдон калып жаткандыгына токтолду:

- Сиздерге окшоп биз дагы шектенип жатабыз. Анткени мына ушундай масштабдагы окуяны уюштуруу бир, же бир нече адамдын жеке демилгеси менен ишке ашышы мүмкүн эмес.

Муну бүтүндөй бир аймакта башкарылма башаламандык кылабыз деген күчтөрдүн аракети катары атоого негиз боло турган элементтер байкалат. Биз мына ошону иликтеп жүрөбүз. Кимдер буюртма беришти, кимдер аткарды, окуя кантип уюштурулду деген суроолордун үстүнөн биз тынымсыз иштей беребиз. Анткени мына ошол күчтөр кандуу окуяны кайра кайталаганга аракет жасашы мүмкүн
.

Кыргызстандын бийлиги үчүн чагымчыл - снайперлер тууралуу маселени көтөрүү опурталдуу экендигинен кеп салгандар да аз эмес. Анткени буга байланышкан түйүндүү маселе кошуна мамлекеттер менен мамиленин курчуп кетишине алып келет деп чочулагандар арбын.

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов снайперлердин сыры ачылбагандыгынын себебин айрым бир олуттуу жагдайлар менен байланыштырды:

- Чындыгында эле шектүү көзгө атар чагымчылар кармалышкан, тиешелүү тартип коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Бирок бардыгы көрүнүп тургандыгына карабастан айрым бир бийлик өкүлдөрү тарабынан июнь окуясына башкача бир боёк берүү аракеттери байкалат. Бул эми ички-тышкы күчтөрдүн өздөрүнүн каалоолорун таңуулап жаткандагысы деп ойлоого негиз берет. Бирок ушул окуяларды баштан кечирген эл бул кагылышуунун башында ким тургандыгын, көзгө атарлар кимге тиешелүү болгондугун жана кармалган адамдарды кимдер акча алып туруп, чыгарып жиберишкендигин жакшы түшүнүп турат
.

Ош шаардык соттук-медициналык экспертиза борборунун маалыматы боюнча, 108 адам алыскы аралыктан атылган октон каза болгон. Анын автоматтан же снайпердик мылтыктан атылгандыгын аныктоо эксперттер үчүн кыйынчылыкты жаратат. Анткени көпчүлүк учурда алардын окторунун үлгүсү окшош.

Мындан сырткары өткөн жылкы коогалаң учурунда тополоңчулардын колунан ондогон жаңы чет элдик өндүрүштөгү ок атуучу куралдар тартылып алынган. Алардын арасында ар кайсы үлгүдөгү снайпердик мылтыктар дагы бар.

XS
SM
MD
LG