Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Июнь окуялары: “Кыйшайган” кылмыш иштери...


Оштогу коогалуу күндөр, 2010-жылдын 12-июну.
Оштогу коогалуу күндөр, 2010-жылдын 12-июну.

Президент июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш иштерин териштирүүнү тездетүү менен тергөө жана сот иштеринде мыйзамдуулукту сактоону талап кылды.

Мамлекет башчысынын укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилиги менен болгон кеңешмеси жабык өттү.

Жабык кеңешме

Роза Отунбаеванын бул жолку жолугушуусуна журналисттер чакыртылган жок. Кеңешме июнь окуялары боюнча кылмыш иштерин иликтөө жана соттук териштирүүлөргө байланыштуу экендиги гана белгилүү. Жыйналыштын жабык өткөрүлүп, маалымат чыгарылбай жаткандыгына байланыштуу коомчулукта июнь окуялары боюнча олутуу жагдайлар талкууланып жатышы мүмкүн деген божомолдор арбын. Президенттин буга чейин укук коргоочулар менен жолугушуусунда кылмыш иштерин териштирүүдө кетирилип жаткан кемчиликтер туурасында маселе көтөрүлгөн. Алар кылмыш иштерин кароодогу бир жактуулук жана мойунга алдырууда кыйноо усулдарынын колдонулушу боюнча материалдарды президентке тапшырышкан.

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова тергөөдөгү жана соттук жараяндардагы көйгөйлөрдү белгиледи:

- Сот өтүп жаткан учурларда бир тараптуулукка жол берилип, ошол башка улуттагы соттолуучулардын жактоочуларына жана алардын туугандарына басым көрсөтүү, кысымга алуу учурлары токтобой жаткандыгы айтылды. Ошол эле учурда ишти караган тергөөчүлөр жана аны кийин териштире турган соттор дагы бир жактуулукка жол берген учурлар тынчсыздануу менен кабыл алынууда. Президент менен мына ушул багыттагы пикир алмашуулар болуп, сот жараяндарын канткенде тең укуктуу жана мыйзам ченеминде алып баруу маселесин чечебиз деген суроо койулду.

Жаман адатка жамынган “кызыл шапкелер”

Роза Отунбаева адам укуктарын бузууга байланышкан конкреттүү учурлар алдыдагы кеңешмеде талкууга алына тургандыгын убада кылган. Учурда мына ошол фактыларды мамлекет башчысы укук коргоо органдарынын жетекчилери менен талкууга алып жаткандыгы айтылууда. Июнь окуяларын иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын жетекчиси Токон Мамытов учурда укук коргоо органдары тарабынан кетирилген кемчилдиктер чындыгында эле арбын экенине токтолду:

- Укук коргоо органдары жабырлануучулар өздөрү биздин тууганыбызды өлтүргөн адамдар мына мобулар экен деп өздөрү издеп таап, айтып жатышса дагы жетишерлик көңүл бурбай койгон учурлар көп экен. Соттор болсо аларды кармоого өз учурунда уруксат бербей, көпчүлүгү өлкөдөн качып чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. Анан жанагы кылмыш иликтөөчү из кубарлар кыргызы болобу, же өзбеги болобу июнь окуясы боюнча шектүү деп эле жаш жигиттерди негизсиз кармап алышып, акча өндүргөнгө жаман үйрөнүп алышыптыр.

Кайрылууларда чынынан чыры көппү?

Анткен менен укук коргоочу жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү органдардын өкүлдөрү мындай дооматтар менен макул эмес. Алардын айтымында, июнь окуялары боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөөдө жапырт адам укугун бузган учурлар көбөйүп кетти деп айтууга негиз жок.

Башкы прокуратуранын башкы тергөө башкармалыгынын башчысы Канат Аманкулов кызыкдар күчтөр бул боюнча ызы-чуу салып, маселени саясатташтырганды адатка айландырып алышты деп айыптады:

- Милициянын же атайын кызматтын өкүлдөрү мына ушундай зомбулук кылып жатышат, мынамындай мыйзамсыздыктарды жасашууда деп конкреттүү фактылар менен бизге биринчи кайрылбай туруп, эле өздөрүнчө ызы-чуу кылгандар аз эмес. Биринчи мына ошондой фактылар боюнча арыз түшсө, анан иликтейт элек да. Тилекке каршы жалпылап айта беришет, териштире келсең эле анан ал маалымат тастыкталбай калган учурлар көп. Анан эле прокуратура карабайт дешип саясатташтырышып, жалаа жаба беришет.

Анткен менен өткөн жылкы өлкөнүн Ош жана Жалал-Абад аймактарындагы этникалык кагылышууга байланышкан окуя боюнча беш миңге жакын кылмыш иши козголгон. Бирок учурда анын жүздөн ашууну гана тергелип, сотко өткөрүлгөн. Кылмыш иштеринин көпчүлүгүнүн азыркы мезгилге чейин бети ачыла элек. Канат Аманкулов буга алдын-ала тергеп-иликтөө иштерин уюштурууда кетирилген кемчиликтер себеп болгондугуна токтолду:

- Көп кылмыш иштер боюнча изилдөөлөр бүтө элек. Анткени кылмыш кимдер тарабынан жасалгандыгы жана кандайча ишке ашкандыгы боюнча маалыматтар жетиштүү болбогондуктан көпчүлүгүнүн бети ачылбай турат. Бул эми башында алдын-ала тергеп-иликтөө иштери чийки уюштурулгандыгын көрсөтөт. Учурда оперативдүү издөө иштери улантылып жатат. Белгилүү кылмыш иштери боюнча табылган шектүү адамдардын иштери тергелип, сотко өткөрүлгөн.

Укук коргоочулар менен мамлекет башчысынын жолугушуусунда атайын тергөө комитетин түзүү маселеси көтөрүлгөн. Укук коргоочулардын айтымында, прокуратура бир эле мезгилде тергөө иштерин жүргүзүп, ошол эле учурда алардын жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарга ээ болушу туура эмес. Мындан сырткары соттор корпусун кесипкөй инсандар менен толуктоо, орчундуу кылмыш иштерин караган судьялардын коопсуздугун камсыздоо жагы кабыргасынан койулган болчу.

Роза Отунбаеванын укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилери менен 13-апрелде жабык өткөрүлгөн кеңешмесинин чечимдери азырынча жарыялана элек.

XS
SM
MD
LG