Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Жалал-Абад: Батыровдун иши боюнча сот өкүмү күчүндө калды


Жалал-Абаддагы сот жараянынан. 31-январь, 2012.
Жалал-Абаддагы сот жараянынан. 31-январь, 2012.

Жалал-Абад облсоту Кадыржан Батыров менен кошо 6 соттолуучунун апелляциялык арызын карап, баштапкы сот өкүмүн күчүндө калтырды.

Облустук сот жыйынында ондой жабырлануучу көрсөтмө берди. Алар 2010- жылдын 14-19-май күндөрү Жалал-Абад облусундагы өзбек улуттук маданий борборунун башчысы Кадыржан Батыровго тиешелүү болгон университеттен атылган октон жараат алгандыктарын билдиришти.

Өткөн аптадагы сотто жабырлануучулар мурдагы губернатор Бектур Асанов менен “Ата Мекен” партиясынын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаевди мажбурлоо жолу менен сотко күбө катары алып келүүнү өтүнүшкөн. Мамлекеттик айыптоочу экс-губернатор Бектур Асанов үйүндө болбогондуктан сотко келбегендигин билдирди.

Асылбек Текебаев бир жолу да чакыруу кагазын албагандыгын жана өзүнүн чакырылганын интернет булактардан билип, сотко өзү келгендигин айтты. Ал жактоочулар менен жабырлануучулардын суроолоруна берген жообунда 2010- жылдын 14-19- май күнү Жалал-Абадда эмес, өз үйүндө болгонун,муну өзү менен кошо бирге болгон 20 адам ырастаарын, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин туугандарына караштуу Тейит айылындагы үйлөрдү өрттөөгө катышпагандыгын билдирди:

- 14-майда, Бакиевдердин үйү өрттөнгөн күнү мен Кадыржан Батыровду көргөн жокмун, Тейитте да болгон жокмун. Тополоң болгон жерде да, облустун борборунда да болгон жокмун. Бардыгы туура эмес көрсөтмөлөр. Үйдө болгонмун, жанымда жыйырма адам болгон, бардыгы далилдеп бере алат. “Ата Мекендин “ мүчөлөрү мен билгенден барган эмес, мен барбагыла дегем тааныгандарыма...

Буга чейинки соттук териштирүүлөрдө көптөгөн жабырлануучулар “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүнүн эки жыл мурдагы окуяларга катышы бар экенин тастыкташкан. Алардын көрсөтмөлөрүн кайра эстеткен жабырлануучу Бекболот Ибрагимов Асылбек Текебаевди ошо окуяларда көрбөгөндүгүн,бирок анын партиялаштарынын тополоңдо жүргөнүнө күбө экенин айтып чыкты:

- Базар-Коргондон келип, “Ата Мекендин” майкасын,кепкасын кийип, байрагын алып, Кадыржандын жанынан быяктан беш жүз киши чыкты, аяктан үч жүз киши келди. Биз ошо маалда тынчтыкты сактайлы деп жүргөн элек. Машина менен биз да аркасынан келдик,ошо экөөңүздөр толук келип, мынабу администрацияга келдиңиздер...

Жактоочулар мурда “ОшТВ” жана “МезонТВ” сыналгылары көрсөткөн тасмаларды кайра текшерүүдөн өткөрүүнү сунуш кылышты.Коомдук жактоочу Равшан Гапиров тасмалар туура эмес которулганын белгиледи. Бирок судья Амангелди Молдобаев ал өтүнүчтөрдү четке каккан токтом кабыл алды.

Жарыш сөзгө чыккан адвокат Рашит Музаффаров соттолуучу Кадыржан Батыров өзү уюштурган митингдерде өзбек автономиясы тууралуу эмес, адам укугу тууралуу сүйлөгөнүн мисал тутту. Ал ЖКнын экс-депутаттары Кадыржан Батыров менен Ином Абдурасуловдорду өмүр бою эркинен ажыраткан шаардык соттун өкүмүн өзгөртүп,кайра тергөөнү сунуш кылды.

- Бир жактуу болуп атат. Кеткен кемчиликтердин ордун толтуруу үчүн жаңы тергөөгө кай тарылышы керек да. Дисктерди көрдүк.Ошо жерде Кадыржан Батыров “келгиле,тополоң кылалы, андай кылабыз, мындай кылабыз” дегени жок.Ошон үчүн биз өтүнүчтөрдү келтиргенде экспертиза өткөрөлү деп сурандык.

Соттук коллегия
Соттук коллегия

Бирок мындай кеңештерге жабырлануучулар менен окуялардын күбөлөрү макул болгон жок. Окуя маалында бутуна ок тийген ардагер Маданбек Кочкорбаев май, июнь окуяларынан жүздөгөн адам набыт болгонун белгилеп, алты соттолуучунун бардыгына жазаны күчөтүү жагын суранды.

Соттолуучулардын апелляциялык арыздарын териштирүү боюнча облустук соттук коллегия 31-январда ишин жыйынтыктап, Жалал-Абад жана Ош облустарынын өзбек улуттук маданий борборлорунун башчылары болушкан Кадыржан Батыров менен Ином Абдурасулов баш болгон алты соттолуучуга карата Жалал-Абад шаардык соту 2011-жылдын 28-октябрында чыгарган өкүмүн күчүндө калтырды.

Анда Жогорку Кеңештин аталган эки экс-депутатын өмүр бою эркинен ажыратуу менен үй-мүлктөрүн мамлекетке чегерүү, калган төрт соттолуучунун экөөнүн ар бирин жыйырма жылга, бирөөсүн өн төрт жылга, дагы бирөөсүн алты жылга түрмөгө кесүү өкүмү чыккан.

Соттолуучулардын жактоочулары облустук соттун өкүмү боюнча эч кандай пикирлерин билдиришкен жок. Анткени алар өкүм угузулаар маалда сот ишине катышпай, кетип калышкан болчу.

Бул сот иши башкы айыпталуучуларсыз өтүп, өкүм сыртынан угузулду. Анткени Кадыржан Батыров да, Ином Абдрасулов да ошол 2010-жылдагы калабадан кийин эле өлкөдөн чыгып кеткен. Буга чейин Кадыржан Батыров Швециядан баш паанек алганы кабарланган.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG