Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

Тергөө: Өзбекстан кылмышка шектүүлөрдү кайтарбай жатат


Ош, 21-июнь, 2010-жыл
Ош, 21-июнь, 2010-жыл

Өзбекстан июнь коогалаңына катышы бар деп шектелген кыргызстандык жарандарды аталган өлкөнүн аймагынан кармап, кайтарып берүүгө көмөктөшпөй жатат. Мындан улам Кыргызстандын тартип коргоо органдарынын жетекчилери июнь окуясына байланышкан көптөгөн кылмыш иштеринин бетин ачууга мүмкүн болбой жатканын белгилешти.

Өткөн жылкы июнь коогалаңын иликтөө боюнча мекемелер аралык тергөө тобу кооганы уюштурууга катышы бар деп шектелген чагымчыл күчтөрдүн изине түшкөн.

Учурда бул боюнча кырктан ашуун кылмыш иши козголгон. Анын ичинен Кыргызстандын өтүнүчү менен чагымга тиешеси бар деген шек менен тогуз адам Орусиядан, дагы бирөө Казакстандан кармалып, мекенине кайтарылганы айтылды.

Бирок ири кылмыш иштерине катышы бар деп шектелген отуз эки Кыргызстандын жараны дагы деле Өзбекстандын аймагында жашырынып жүргөнү белгиленди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Марат Орозбаев аларды кармап берүү боюнча өтүнүчкө Өзбекстан тарап бир жылдан бери жооп бербей жатканын белгиледи:

- Алардын көпчүлүгү өзбек тектүү жарандар болгондуктан тополоңдон кийин эле Өзбекстандын аймагына кире качышкан экен. Алардын ар биринин мына ошол чагымчыл иштерге катышы бардыгы боюнча жетишеерлик материалдар топтолгон. Биз бул боюнча атайын кат менен кайрылганбыз. Бирок Өзбекстан тарап азыркы күнгө чейин алгылыктуу жооп бере элек.

Буга чейин июнь коогасын уюштурган деп шектелип, өлкөдөн качып кетишкен Иномжан Абдрасулов, Жалолиддин Саллахуддинов жана Карамат Абдуллаева сыяктуу өзбек тектүү саясатчылардын Ташкенде отурукташканы боюнча ыкчам маалыматтардын бар экени айтылып келген.

Өзбекстан Кыргызстан менен биргеликте эле КМШ өлкөлөрүнүн алкагында кылмышкерлерди кайтарып берүү боюнча Минск конвенциясына кол койгон.

Бирок Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдраим Жумашаев Өзбекстан аталган конвенциянын шарттарын бузуп жатканын белгиледи:

- Ыкчам маалыматтар бар. Бирок Өзбекстан жактан көп нерсе аткарылбай жатпайбы. Биздин жиберген маалыматтарга жана өтүнүчтөргө алар жооп бербей жатышпайбы. Алар уруксат бербегенден кийин башка өлкөнүн аймагына кирип, кылмышкерлерди алып чыгып кете албайт экенбиз.

Мисалы, биз И. Абдрасуловдун кайсы жерде жана кимдердин көмөгү менен жан сактап жүргөнүн билчүбүз. Бирок ал жактан бизге көмөк көрсөтүү болбосо иштеш кыйын экен. Биз Казакстан, Орусия менен бул багытта жакшынакай эле иштешип жатабыз. Ушул Өзбекстан менен эле маселе чыгып жатат.


Ош, 21-июнь, 2010-жыл
Тергөө органдарынын окуяларды тизмектегени боюнча июнь окуясы Ош шаарындагы “Алай” мейманканасынын айланасында өзбек тектүү жаштардын башаламандык уюштурганынан башталып кеткен.

Окуянын күбөлөрү алардын арасында чагым жасап, кызуу кандуу жаштарды күүлөгөн күчтөрдүн болгону туурасында көрсөтмөлөрдү беришкен. Бирок алардын көпчүлүгү тополоңдун аягында сыртка чыгып кетишкени тергөө учурунда дайын болгон.

Башкы прокурор Аида Салянова “Азаттыкка” курган маегинде негизги кылмышка шектүүлөрдүн өз учурунда кармалбай калышынын себептерин төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Ошол окуялардан кийин жазага тартыла турган адамдардын көпчүлүгү качып кеткенинин себеби эле ошол учурдагы референдумга карата жеңилдетилген шартта паспорттор берилген. Мына ошондон пайдаланышып, алар сыртка чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк алышкан.

Ошондой эле тартип коргоо органдарынын кызматкерлерине ошол учурда коркунучтуу болгондуктан өз учурунда ыкчам ача турган иштердин бети ачылбай калган. Көп шектүүлөр Өзбекстанга кетип калышкандыктан биз ал жактын Башкы прокуратурасы менен биргеликте жумушчу топ түзүүнү сунуштасакпы деп жатабыз. Анткени алар биз шектүү деген адамдарды кайтарып берүү боюнча маселеге жооп бербей жатышат.


Кыргызстандын тергөө органдары тарабынан июнь окуясы боюнча жалпысынан беш миң алты жүз отуз үч кылмыш иши козголгон. Анын ичинен адам өлтүрүү учуру боюнча 476, карасанатайлык менен үй-мүлккө зыян келтирүүгө байланышкан 2443 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен буга чейин бети ачылган кылмыш иштери болгону алты пайыздан бир аз ашыгыраак көрсөткүчтү түзө турганы айтылды.
XS
SM
MD
LG