Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:36

Июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш иштеринин жетимиш пайызга чукулу ачылбай калды.

Башкы прокуратура буга массалык башаламандыкта адам өлтүрүүгө, мүлккө кол салууга жана адам уурдоого байланыштуу оор кылмыштарды жасагандардын көпчүлүгүнүн өздүгү аныкталбай калганы менен байланыштырууда.

Ошол эле учурда этникалык кагылышка түрткү берген жана башаламандыктарды уюштурган деп шектелип иш козголгон адамдардын көпчүлүгү кармалган эмес.

Беш жылды беймаза кылган иштер

Июнь окуясына байланыштуу 2010-жылы жалпысынан 5646 кылмыш иши козголгон. Алардын көпчүлүгү талап-тоноо, уурдоо, карактоо, бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү, өрттөө, зордуктоо жана адам өлтүрүү сыяктуу оор кылмыштар.

Башкы прокуратуранын 2015-жылдын июнь айына карата маалыматы боюнча, жалпы козголгон иштин арасынан 1793 кылмыш иш ачылды деп табылган. Ошондо ачылбай калган кылмыш иштеринин жалпы көрсөткүчү 68 пайызды түзөт. Анын ичинен 1400дөн ашуун иш убактылуу токтотулуп же айрымдары тергөөдөн кыскарып кеткен. Мына ошондо соттун кароосуна 336 кылмыш иши гана жеткен.

17-июнь, 2010-жыл

17-июнь, 2010-жыл

Башкы прокурордун мурдагы биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулу жапырт иш козгоонун өзү башында туура эмес болгонун белгиледи:

- Башында эле ошондой көлөмдө кылмыш иштерин козгоонун кереги жок болчу. Козголгондон кийин ошол кылмыш иштери ачылыш керек. Бирок бирдей эпизоддогу кылмыш иштерин бириктирип, ошого карата укуктук баа берүү керек эле. Анда тынч мезгилдеги методология боюнча ар бир кылмыш фактысы боюнча иш козголо берген. Анан калса окуянын масштабы да чоң болгон. Массалык башаламандык учурунда көпчүлүк кылмыштар адамдардын топтошкон сүрмө тобу тарабынан жасалган. Ошондо алардын ким экени аныкталган эмес. Мына ошол тополоңго катышкан адамдардын ар бирин таап, жоопко тартуу чынында кыйын. Бирок кагылышка шыкакчы болгон уюштуруучуларды жоопко тартуу башка маселе. Башаламандыкка кокустан барып кошулуп калган жарандардын ар бириникин өзүнчө карап чыгуу зарыл.

Кайтарылбаган “карлыгачтар”

Козголгон кылмыш иштеринин айрымдары 2013-жылы иретке келтирилип, бир өндүрүшкө бириктирилген же шектүүлөр табылбагандыгына байланыштуу убактылуу токтотулган.

Массалык башаламандыкка байланыштуу 43 кылмыш иши боюнча 102 адамга издөө жарыяланган. Мындан сырткары этникалык кагылышты уюштурду деген шек менен Интерполдун линиясы боюнча 37 адам эл аралык издөөгө берилген. Алардын арасында Кадыржан Батыров, Иномжан Абдирасулов, Карамат Абдуллаева, Жалолиддин Салахудинов сыяктуу өзбек улуттук маданий борборунун өкүлдөрү жана саясатчылар бар.

16-июнь, 2010-жыл

16-июнь, 2010-жыл

Алардын айрымдары Европадан башпаанек тапса, кээ бирлери Өзбекстанда же Түркияда жашап жатканы боюнча ыкчам маалыматтар бар экени белгиленди. Ал турсун издөөдө жүргөндөрдүн айрымдары эл аралык конференцияларга катышып, коомдук иштер менен алектенип жүрөт.

Темирбек Бекмамат уулу аларды кайтарып келүү боюнча суроо-талаптар жоопсуз болуп келгенин айтты:

- Өзбекстан менен бизде КМШнын алкагында Минск конвенциясы боюнча кылмышкерлерди өткөрүп берүү келишими бар. Биз учурунда Ташкенге Кыргызстандын жарандарын өткөрүп берүү боюнча жөнөткөн суроо-талаптарга “алардын дайын-дареги аталган өлкөнүн аймагында аныкталган жок” деген жооп келген. Алыскы чет мамлекеттер менен андай келишим жок. Анан калса, ал жакта качып жүргөндөрдүн айрымдары саясий башпаанек алып алган экен. Ошого байланыштуу алар кайтарылып берилбей турганы боюнча жооп келген.

Мындан сырткары бүгүнкү күнгө чейин чет өлкөлөрдө жашырынып жүргөн июнь окуясына катышы бар 50 жаран кармалган. Алардын 46сы Орусиянын аймагынан кармалса, үчөө Казакстандан жана бирөө Түркиядан колго түшкөн.

Санпа окуясы боюнча айыпталуучулар сот залында

Санпа окуясы боюнча айыпталуучулар сот залында

Чет өлкөгө качып кеткендердин көпчүлүгү башаламандык уюштуруу жана адам өлтүрүүгө катышы бар деп шектелген. Ушул күнгө чейин башаламандыкка шектелип, кармалгандардын алтоо Кыргызстанга алып келинген. 18 адам убактылуу башпаанек алганына байланыштуу тиешелүү мамлекеттер аларды берүүдөн баш тарткан. 11 жаран башка мамлекеттин жарандыгын алганына байланыштуу кайтарылган эмес.

Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыктын башчысы Сүйүн Өмүрзаков кылмышка шектүүлөрдү Кыргызстанга кайтаруу көйгөйлөрүнө токтолду:

- Кармалгандардын көпчүлүгү Орусияда кармалган менен алар барары менен эле ошол жактын жарандыгын алышкан экен. Орусиянын мыйзамына ылайык, алар өздөрүнүн жаранын кайтарып бербейт. Казакстанда кармалгандарды болсо, кайтарып алып келгенбиз. Анан Орусияда кармалгандар, учурда ошол жакта турушат. Биз Башкы прокуратура аркылуу аларды кол коюлган келишимдин негизинде кайтарып келүүгө аракет кылып келатабыз. Биз кылмыш иштеринин материалдарын ал жакка жөнөтүп, ошонун негизинде аларды бул жакка экстрадициялоону чечип жатабыз. Уюштуруучу лидерлер кармалса, көп нерсенин башы ачылат эле. Бирок эртеби-кечпи алар сөзсүз кармалат.

Сабак алуунун сааты...

2010-жылдагы июнь коогалаңы учурунда укук коргоо органдарынан жана аскер бөлүктөрүнөн 1058 ок атуучу курал жана жүз миңден ашуун ок-дары жоголгон. Мындан сырткары алты чопкутталган аскер техникасы тартылып алынып, кийин кайтарылган. Көрүлгөн чаралардын негизинде 632 курал-жарак жана ар түрдүү калибрге түшчү 90 миңге чукул ок-дары кайра кайтарылган.

Курал-жарактарды тартып алуу жана шалаакылык боюнча 66 кылмыш иши козголуп, анын 52си ачылган. Сотко мына ушундай мүнөздөгү 38 кылмыш иши берилип, 55 аскер адамына айып коюлду. Алардын арасынан куралды тарттырып жиберүүгө өбөлгө түзгөн кырдаалга жараша деген негиз менен 27 аскер адамынын кылмыш иши кыскарган.

Санпанын жанында тартылган сүрөт, 17-июнь, 2010-жыл

Санпанын жанында тартылган сүрөт, 17-июнь, 2010-жыл

10-июнь күнү президент Алмазбек Атамбаев июнь окуясын чет элдик атайын кызматтардын кылдаттык менен уюштурган операциясы катары мүнөздөдү. Бирок Кыргызстандын укук коргоо органдары этникалык кагылышууну алдын ала даярдоого же системалуу уюштурууга байланыштуу табышмактуу жагдайлардын бетин ача алган эмес.

Атайын кызматтын ардагери Талант Раззаков бул окуянын толук иликтенбей калышын кооптуу деп эсептейт:

- 90-жылкы окуядан кийин да көз жуумп, жараат өзү айыгат деген негизде көңүл бурбай койгонбуз. Окуяга тиешелүү укуктук баа берилген эмес. Ошонун натыйжасында окуя кайра кайталанды. Мында окуяга тиешеси бар адамдардын жоопкерчилиги каралып, маселеси толук бойдон каралмайынча бул нерсенин чыныгы себептери менен чыныгы өзөгүн иликтеп, анын экинчи кайталанбашын камсыздоо зарыл. Биз ошол нерсени унутуп калып жатабыз. Биз даталуу күндөрү гана ошол окуянын кесепеттерин эстеп, ошол тууралуу кеп кылбастан, аны дайыма көңүлгө түйүп, ошонун үстүнөн иштеп турушубуз зарыл.

Мунапыс берүү демилгеси

Ошол эле кезде коомчулукта июнь окуясына байланыштуу массалык башаламандыктар учурунда майда кылмыштарга шектелип, андан соң соттолуп кеткен адамдарга мунапыс берүү демилгеси көтөрүлө баштады.

Эске сала кетүүчү жагдай, эл аралык укук коргоо уюмдарынын маалыматы боюнча, июнь окуясынан жабыркагандардын жана ага байланыштуу айыпталгандардын дагы 70% өзбек тектүү жарандар түзөт. Мына ошондуктан "Хьюман Райтс Уотч" баш болгон эл аралык уюмдар Кыргызстандын бийлигин июнь окуясын бир жактуу тергөөдөн баш тартууга чакырып келген.

Укук коргоочу Абдымомун Мамараимов этникалык кагылышка алып келген башаламандыктарга аралашып калган карапайым жарандарга мунапыс берүү маселесин көтөрдү:

Күч түзүмдөрү өздөрүнүн тикелей милдеттерин так аткарышкан эмес. Атүгүл ошол учурда укук коргоо органдарынын айрым жетекчилери саботаж уюштуруп турушкан.

- Мына ошол кандуу окуянын чыгышына себепкер деп, уюштуруучу катары табылган кишилерге мунапыстын тиешеси болбош керек. Бирок сүрмө топтун коштоосу менен ошолордун таасири астында калып, ошондон улам тополоңго катышып калган карапайым адамдарга кечирим берилип, аларга карата мунапыс колдонулса жакшы болот эле. Ошондо эки ортодо кечирим болуп, ынтымактын калыптанышына негиз болмок. Анткени ошол окуядан кийин жүргөн тергөө иштери бир жактуу болуп, бир жактуу сот чечимдери чыгып, кээ бир учурларда күнөөсүз эле адамдар соттолуп кеткен учурлар болгон. Анткени алар ур-токмоктун арты менен эле айыбын моюнга алып, ошонун негизинде кесилип кеткен. Мунапыс кылмышка тиешеси жок, бирок кандайдыр бир сүрмө топтун таасиринин астында калган адамдарга эркиндикке чыкканга мүмкүнчүлүк бермек.

Анткен менен этникалык кагылышууга алып келген мындан беш жыл мурунку июнь окуясы үчүн кимдер жооптуу деген маселеге чекит коюла элек. Окуяны иликтеген улуттук комиссия менен депутаттык иликтөө тобу "куралдуу кан төгүүгө Кадырожан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөрдү, качкын президент Курманбек Бакиевдин жактоочуларын жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себепкер болду" деген корутунду чыгарган болчу.

Жоопсуз жоопкерчилик

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурунку төрага орун басары Артур Медетбеков ошол кездеги бийликтин жоопкерчилиги биринчи кезекте каралыш керек эле дейт:

- Кандай болгон күндө да ошол кезде жоопкерчиликти моюнуна алган убактылуу өкмөт кырдаалды көзөмөлгө алууга тийиш болчу. Анын ордуна алар бул жакта кызмат бөлүштүрүп, бири-бирин аңдып отуруп алышкан. Эч кимиси ошол окуяга чейин Ошко барып, кырдаал кайсы жагына өзгөрүп баратканын байкап, ошого жараша чара көрүү тууралуу ойлонгон да эмес. Азыр эми ар кандай себептерди айта берсе болот. Эгерде бийлик бардыгын өз учурунда жайгарганда мына ошондой трагедияга жол берилмек эмес. Кийин деле окуяга түздөн-түз кимдер кызыкдар болгону так аныкталып, ошого жараша бийликтен так жооп болгон жок.

18-июнь, 2010-жыл

18-июнь, 2010-жыл

Бирок ошол учурда Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү июнь окуясына этникалык кагылышууну пайдалануу менен аймакка бүлүк салгысы келген террордун жаңы формасы катары мүнөздөмө беришкен. Бул кандуу окуяга жол берүүнүн негизги себеби катары ошол кездеги бийликтин алсыздыгы жана кырдаалды көзөмөлдөөгө жарамсыздыгы да негиз себеп катары аталып жүрөт.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев буларды айтат:

- Күч түзүмдөрү өздөрүнүн тикелей милдеттерин так аткарышкан эмес. Атүгүл ошол учурда укук коргоо органдарынын айрым жетекчилери саботаж уюштуруп турушкан. Болбосо мына ошол окуяны алдын алып, кандайдыр бир деңгээлде чара көрүшсө болот беле? Алардын колун ким байлап алыптыр? Ошол окуядан кийин деле жасалган кылмыштарды тез арада документтештирип, тергөөгө негиз бере турган фактыларды каттоого алуу жана кылмышка шектүүлөрдү качырбай кармап калуу дагы ошолордун милдети болчу. Бирок андай болгон жок. Бул жалпысынан укук коргоо органдарынын ошол учурдагы ишинин жыйынтыгы.

2010-жылдагы июнь окуясында расмий маалыматтар боюнча 446 адам каза болуп, эки миңге чукулу ар кандай деңгээлде жараат алган. Ошол окуя учурунда элүү жети адам дайынсыз жоголуп, учурда алардын саны он тогуз адамга кыскарган. Ушул күнгө чейин 18 адамдын жасатынын өздүгү аныктала элек. Июнь окуясында жарандарга жана мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын өлчөмү төрт миллиард сомдон ашуун экени жарыяланган болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG