Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

Эркебаев: Каргашага жол бергендердин жоопкерчилиги каралбай жатат


Июнь окуялары боюнча комиссиялардын сунуштарынын аткарылышы боюнча кооганы иликтеген Улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев кеп салат.

- Парламенттин бир катар депутаттары июнь окуялары боюнча Жогорку Кеңештин токтому аткарылбай жатат деп билдирип чыгышты. Кооганы бир нече комиссия иликтеп, анын ичинде Улуттук комиссия да бир катар сунуштарды берген эле. Бул сунуштар канчалык деңгээлде аткарылды?

- Мен Жогорку Кеңештин депутаттары көтөрүп жаткан маселени туура деп эсептейм. Өзүңүз айткандай, июнь окуясын көптөгөн комиссия иликтеген. Анын ичинде расмий деңгээлде үч комиссия изилдеген. Алардын ичинде биздин да комиссия бар болчу. Ошол окуялар болгондон кийин эле Роза Отунбаеванын убагында, август айында коопсуздук кеңешинин жыйыны болуп, анда Улуттук комиссиянын жыйынтыгы менен саясий чечимдер кабыл алынат деп айтылган.

Өткөн жылы январь айында биз ишибизди элге жарыялап, Жогорку Кеңеште эки күн жооп бергенбиз. Андан кийин эл аралык көз карандысыз комиссия менен депутаттык комиссиянын жыйынтыктары чыкты. Ачык айтканда, биздин комиссия сунуш бере турган комиссия болчу. Жогорку Кеңеш болсо өзүнүн эки беттен турган, өкмөттүк гезитте жарыяланган токтомунда үч айлык мөөнөт берген.

Ошондо сентябрь айынын башында токтом боюнча кандай чечимдер кабыл алынганын угуш керек болчу. Мына бүгүн февраль айынын бири болуп жатат. Андан бери каралган жок. Мен бул маселенин көтөрүлүшүн туура деп эсептеймин. Бул маселелер боюнча анча-мынча иштер болду. Бирок эч кандай саясий чечимдер, уюштуруу иштери каралган жок.

- Буга эмне себеп болду? Шалаакылыкпы, же жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын деген мамиле болдубу?

- Сентябрь айынан тарта Кыргызстанда эң чоң саясий өнөктүк – президенттик шайлоо башталып кетпедиби. Мен деле Кыргызстандын тынчтыгын ойлогон кишимин. Август айында мен ушул маселелер кечигип жатат, каралышы керек деп айттым эле. Мен да саясий өнөктүк тынч өтүп кетсе экен деп, ал маселеге басым жасабай, сабырдуулук көрсөттүм. Мүмкүн Жогорку Кеңеш дагы ошондой ойдо болсо керек.

Эми ал шайлоо да өттү. Президент да, өкмөт да шайланды. Бул маселени тынч кырдаалда карап чыгыш керек. Ошол эле учурда күнөөлүүлөр эмне үчүн ушуга чейин кармалбай жатканы, ушул окуяларды алдын албай койгон кызмат адамдарынын саясий жолу сөзсүз каралышы керек. Эсиңиздерде болсо керек, мен нормалдуу өлкөдө кызмат адамдары бетин табактай кылбай кетип калышы керек деп айткам. Тилекке каршы ушу күнгө чейин бир да киши ошондой жоопкерчиликке тартылган жок.

- Апрель, июнь окулары боюнча күнөөкөрлөрдүн чабактары гана кармалып, жаяндары дале жоопкерчиликке тартылбай жатат деп айтылып келет. Эми кандуу окуялардын негизги себепкерлерин жоопко тартууга саясий эрк, күч жетеби? Сиз буга ишенесизби?

- Айтканың абдан туура. Мен деле ошондой ойдомун. Апрель окуясы боюнча да, июнь коогасы боюнча да катышуучулар гана кармалып, жооп берип жүрөт. Ал эми негизги күнөкөрлөр болсо качып жүрөт. Кантсе да кызматта туруп, ошол иштерди алдын албай койгон кызмат адамдар жоопко тартылган жок. Мен аны туура эмес деп эсептейм.

Ушул өңүттө президент Алмазбек Атамбаев жаңы жылдын алдындагы маалымат жыйынында бул иштерди аягына чыгарам деп айтпадыбы. Мен да ушуга үмүт байлап турам. Ал киши июнь окуясына сырттан келген күчтөр катышты, мага Каримов айтты деген кыязда айпадыбы. Ал үчүн биздин расмий бийликтер Өзбекстан, Орусия менен биргелешип, бул маселени андан ары иликтеш керек деп. Биздин комиссияда ошондой маселе коюлган. Мына ушул сөзү бир аз жубатып турат.

Ушул эки маселенин аягына чыкмайынча, күнөөлүүлөр жоопко тартылмайынча, ошого жол берген кызматкерлердин саясий жоопкерчилиги каралмайынча, бул маселе ырбай берет.
XS
SM
MD
LG