Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:57

Кочкорбаев: жарашуу жараяны убакыт талап кылат


Кара-Суу районундагы Шарк айылынын 12 жаштагы тургуну Мухаммеддин үйү июнь коогасында күйүп кетип, кычыраган кышты чатырда тосту.

Кара-Суу районундагы Шарк айылынын 12 жаштагы тургуну Мухаммеддин үйү июнь коогасында күйүп кетип, кычыраган кышты чатырда тосту.

"Эл аралык толеранттуулук үчүн" коомдук фондунун Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Асылбек Кочкорбаев түштүктөгү жараштыруу жараяндары тууралуу маек курду.

“Азаттык”: Июнь коогасынын кийин түштүктө улут аралык ынтымакты калыбына келтирип, жараштыруу боюнча бир катар иш-чаралар уланууда. Динаятчылар, эл аралык уюмдар киришип жатат. Сиздин баамыңызда мындай иш-чаралардан натыйжа чыккансып жатабы? Абалды сүрөттөп айтып бересизби?

Асылбек Кочкорбаев: Июнь окуясынан кийин түштүктө эки улут ортосунда мамиле бир топ солгундап калган эле. Абалды кайра өз калыбына келтирүү бир топ убакытты талап кылат экен. Бүгүнкү күндө мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик эмес уюмдар ушул жараянга катышып кандайдыр бир деңгээлде өз салымдарын кошконго аракет көрүп жатышат.

Билесиздер, түштүктөгү болгон окуяны азыр ар ким ар кандай баалап жатат. Бирок ага карабастан кайсы нерселер бизди бириктирет деген ойдун тегерегинде аракет кылышыбыз керек. Кыргызстандын келечеги үчүн ойлонушубуз керек.

“Азаттык”: Аракет эмнеден башталышы зарыл деп ойлойсуз?

Кочкорбаев: Ар бир аракет кичинекей кадамдардан башталышы керек болуп жатат. Мисалы мен өзүмдүн коңшум менен жакшы сүйлөшө алсам, же болбосо кайсы бир уюмдарда, мекемеде кандайдыр бир деңгээлде бири-бирине болгон мамилени жакшырта алсак анда жарашуу процесси ыкчамыраак жүрөт эле.

“Азаттык”: Жалал-Абадда эл өзүн коопсуз жерде жүргөндөй эле сезип калдыбы же дагы деле бири-биринен чочулоолор барбы?

Асылбек Кочкорбаев: Мындан 2-3 ай илгериге караганда бир аз жакшы. Көчөлөрдө бири-бири менен сүйлөшүп, айрыкча адамдар көп топтолгон базарларда, коомдук унааларда бири-бирине болгон мамиле жакшы, кудайга шүгүр. Бирок мындай окуя болгондон кийин шыр эле жакын болуп кетүү өтө кыйын экен. Ошондуктан аракеттер көрүлүп атат. Кечээ президент Роза Отунбаева түштүк жергесине келгенде бейөкмөт уюмдар менен жолугушууда негизи эки маселени койду: социалдык көйгөйлөр менен бирге эле улут аралык мамиле, ынтымакты бекемдөө тууралуу айтты.

“Азаттык”: Сиздердин фонд улуттар аралык ынтымакты калыбына келтирүү боюнча кандай аракеттерди көрүп жатат?

Асылбек Кочкорбаев: Бир аз мурун эл өзүн коопсуз жерде жүргөндөй сезеби деп сурабадыңызбы. Биз ушул тапта жер-жерлерде, айрыкча коогалуу окуя болгон жерлерде эл өзүн коопсуз сезеби деген маселенин үстүндө изилдөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Андан сырткары окуя болуп өткөндөн кийин диний кызматкерлер менен жараштыруу процесстерине катыштык. Мечиттерде, эл көп жайгашкан жерде чогуу отуруп кандай кылсак бүгүнкү күндө улуттар мамиле калыбына келет деген суроолорду алдыбызга коюп талкууладык.

Эң башкысы мамилени өзгөртүү керек. Биз биринчи кезекте көйгөйгө болгон мамилени өзгөртпөй, жаңы, жакшы мамилени түзө албайбыз. Биз ушул багытта бир топ иш-чараларды жүргүзүп жатабыз. Бир гана дин кызматкерлери менен иштеп, изилдөө менен чектелбестен, жамааттарда дагы социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө аракет жасап жатабыз. Ошол эле учурда мектеп окуучулар менен иштеп жатабыз.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG