Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Ошто кооганын эки жылдыгы эскерилди


Ош шаарында июнь коогасынын эки жылдыгына карата эскерүү иш-чаралары өттү.

Эскерүү борбордук аянтка жаңы орнотулган “Тынчтык коңгуроосун” кагуу менен башталды. Аны алгачкы жолу президент Алмазбек Атамбаев какты. Орусияда жасалган 50 килограмм салмактагы коңгуроо кыргыздын улуттук оймо-чиймелери менен кооздолуптур. Ага кыргыз, орус жана англис тилдеринде “Дүйнө жүзүнө - тынчтык” деп жазылып турат.

Оштогу борбордук аянттын жанындагы “Энелердин көз жашы” жана “Өчпөс от” эстелик-монументтерине катар жайгашкан коңгуроо Июнь коогасынын эки жылдыгын эскерүү иш-чараларынын алкагында расмий ачылды. Ага катышкан өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев курман болгондорду эскерип, жакынын жоготкондорго көңүл айтты:

- Июнь коогасын Кыргызстандын көп улуттуу эли жүрөгү сыздап, кайгыруу менен эстейт. Мен жалпы журттун атынан жакынын жоготкондорго көңүл айтам.

Апааттын эки жылдыгын эскерүү иш-чарасы ачык асман астында, атайын жасалган дасторкондун четинде болду. Капсалаңда шейит кеткендерди эскерүүгө жабыркагандар, коомдук активисттер, расмий өкүлдөр болуп жалпысынын миңдей киши катышты. Маркумдарга багышталып куран окулду. Анын артынан элге шорпо жана палоо тартылып, мындан ары тилектештикте жашоого үндөгөн чакырыктар айтылды.

Буга чейин эл арасында “эскерүү иш-чараларын уюштуруунун кажети жок, аны менен эски жара кайра жаңыланат” деген тариздеги пикирлер айтылып жүрдү эле. Бирок бүгүнкү иш-чарага келгендер өткөндөрдү эскерүү чараларын уюштуруп туруу - жакшы жышаан экендигин айтып жатышты. Алардын бири Сурма Эргешова:

- Мындай иш-чараларды уюштуруп туруу керек. Себеби өткөн күндөр эске түшүп, кайра ошондой апааттын болушуна адамдар жол бербейт. Балдарыбыз дагы касташуунун аягы эмне экендигин билип чоңоюшат.

Коогада уулунан ажыраган Розухан Касымова болсо ушундай иш-чаралар менен катар капсалаңды уюштургандарды кармоо иштерин да жандантышса жакшы болмок деген оюн айтты:

- Бүгүн президент баш болуп, мен жана мен сыяктууларга көңүл айтышты. Согушту баштагандар жазасын алат деп убада беришти, мунусуна рахмат. Бирок ошолорду тезирээк жазалашса биздин да көңүлүбүз жай алып калмак...

Эскерүү маалында президент Алмазбек Атамбаев буларга токтолду:

- Эмне үчүн элүү жылдын ичинде Ошто үч жолу кан төгүлдү? Алтмышынчы жылдары, 1990-жылы, 2010-жылы неге Ош кара түтүнгө бөлөндү? Себеби бул жердеги кыргыз жамааты менен өзбек жамаатынын арасында накта биримдик жок. Эгер эки улуттун өкүлдөрү бирикпесе, карама-каршылыктар улана берсе, кайрадан каргаша болот...

Президенттин бул сөзүн колдогондор да, орунсуз көргөндөр да болду. Маселен, шаар тургуну Жумагүл Шарипованын айтымында, өлкө башчысынын минтип айтканы туура эмес:

- Өлкө жетекчисинин оозунан ушундай сөз угам деп ойлободум эле. Ансыз деле соңку кездеги ушак-айыңдардан шаарда оор кырдаал сакталып турган учурда президенттин минтип сүйлөгөнү ого бетер дүрбөлөң чыгарат. Мамлекет башчысы пикирин оптимисттик көз карашта айтып, элдин келечекке болгон ишенимин арттырыш керек эле...

Июнь коогасынын эки жылдыгын эскерген 10-июнь күнү Ош шаарында эч кандай көңүл ачар иш-чаралар болгон жок. Соңку кездерде интернет айдыңында тараган ушактардан улам милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Андан сырткары элдик кошуундун 1400дөй өкүлү коомдук тартипке көз салууда.

Мындан туура эки жыл мурда Ош шаарында кыргыз-өзбек улуттарынын ортосунда жаңжал чыгып, ал кандуу каргашага айланган. Жаңжал көп өтпөй кошуна Жалал-Абад облусуна да жеткен. Бул калабада жалпысынан 400дөн ашуун адам набыт болуп, 2 миңден ашык адам жабыркаган.


XS
SM
MD
LG