Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:39

Ошто эки жылдан бери июнь окуясы боюнча кылмыш иштеринин беш пайызынын гана бети ачылды.

Ошто соңку 5 айда июнь окуясына байланышкан 18 кылмыштын бети ачылды. Муну менен иликтөө аягына чыккан кылмыш иштеринин саны 200гө жетти. Бирок бул сан коогалаң боюнча жалпы кылмыш иштеринин 5 пайызын араң түзөт. Милиция массалык башаламандыктагы фактыларды иликтөө кыйынга туруп жатканын айтса, жакындарынан айрылгандар күч органдары чабалдык кылып жатканын айтууда.

Улут аралык жаңжалдын эки жылдыгы өткөнүнө карабай андагы кылмыш иштери толук иликтенип бүтө элек. Бул жагдай милицияга аброй алып келбеген менен алар күнү-түнү иштеп атканын айтышат.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыковду угалы:

- Шаардык ички иштер башкармалыгы июнь окуясы боюнча 197 кылмыштын бетин ачкан болсо, алардын 33ү адам өлтүрүү фактысы боюнча. Жыл башынан бери 5 ай аралыгында дагы 18 кылмыштын бети ачылды. Анын төртөө адам өлтүрүү фактысы боюнча. Мындан сырткары коогалаңда дайынсыз жоголгон 51 адамдын 41и табылган.

Деген менен иликтенип бүткөн 200дөй иш капсалаңга байланышкан кылмыш иштеринин беш пайызын араң түзөт. 2010-жылкы окуя боюнча Ош шаарында жалпы 3341 кылмыш иши козголгон болсо, анын дагы 3000ден ашыгы ачык бойдон турат:

- Массалык башаламандык учурунда бир эле мезгилде ар жерде кылмыш иштери болгондуктан, милиция кызматкерлери алардын изи сууй электе барып иликтеп, материалдарды топтогонго мүмкүнчүлүк болбой калган. А иликтөө иштеринин дароо башталбагандыгы бул андан кийинкиге өтө оорчулук алып келет. Бирок биздин кызматкерлер иштеп жатат. Буюрса дагы көп жыйынтык болот, - деди Замир Сыдыков.

Жүздөгөн адамдардын канына забын болуп, ондогон энелердин көз жашын көлдөткөн капсалаңды иликтөө кечеңдеп жатышы жакындарынан айрылгандардын нааразылыгын жаратууда.

«Ош шейиттери» коомдук уюмунун жетекчиси Тургунайым Айтиева:

- Кылмыш иштеринин бети ачылып жатат деген менен кылмышкерлердин баары качып кетип калган. Бул жерде кармалып, соттолуп жаткандары жанагы 233-берене менен гана, массалык башаламандыкка катышты деп карап турганды деле, адам санын көбөйтүп жүргөндөрдү деле айтып жатат. Кичине иликтемиш болушкан менен иштин жылбай жатканы элдин нааразылыгын жаратып жатат. Сот иштери деле жакшы болбой жатат. Элдин табасын кандырып, нааразылыгын басыш үчүн окуялар толук иликтенип, чындыкты баары ачыкка чыгышы керек.

Ал эми талдоочулар коогалаң боюнча кылмыш иштеринин дээрлик бардыгынын бети ачылбаган бойдон калып кетиши мүмкүндүгүн белгилөөдө.

Серепчи Төлөгөн Келдибаев майда барат фактылардан мурда окуянын өзүнө баа берип алуу манилүү экенин эске салат:

- Менимче, бир топ кылмыштардын бетин ачууга ички иштер кызматкерлеринин кудурети жетпейт. Анткени окуя - чоң саясаттын иши. Башкача айтканда дүкөн тоногон, уурулук, үй өрттөгөн, антпесе бирөөнү уруп сабаган эле майда-чүйдө кылмыштардын бети ачылганы менен коогалаңдын кайдан келип чыккандыгы, эмне себеп болгондугу, ким чыгаргандыгы ачык бойдон калып келет. Майда-баратты иликтегенден мурун жалпы июнь окуясынын өзүнө баа берип алышыбыз керек. Бирок ага милиция эмес, бийлик өзү да кызыкдар эмес.

Ош жана Жалал-Абаддагы 2010-жылкы кандуу окуяга байланыштуу 6000 миңдей кылмыш иши козголгон болсо, азырга чейин алардын он пайыздайынын гана бети ачылган. 600гө жакын адам кылмыш жоопкерчилигине тартылып, анын 408и абакка кесилген.

Бирок башаламандыкка аралашкан деп шектелгендердин көбү Орусияга, Өзбекстанга жана башка өлкөлөргө качып кетишкен. Аларды Кыргызстанга экстрадициялоо өтүнүчү коңшу өлкөлөр тарабынан канааттандырылбай келет.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG