Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:25

Жогорку Кеңеш 2010-жылдагы апрель-июнь окуяларынын кесепеттерин жойуудагы жана күнөөлүүлөрдү кармап жазалоодогу аткаруу бийлигинин ишин канааттандырарлык эмес деп тапты.

Депутаттар 7-апрелдеги кан төгүүнү жана июндагы этникалык кагылышууну уюштургандарды өлкөдөн качырууга көмөктөшкөндөрдүн иши иликтенбей калгандыгын сындап чыгышты. Аткаруу бийлигинин жетекчилери муну тиешелүү жагдайлар тоскоол болуп жаткандыгы менен түшүндүрүштү.


Кылмыш иштеринин көбү ачыла элек


Депутаттардын көпчүлүгү өзгөчө июнь коогалаңы боюнча козголгон кылмыш иштеринин ачылбай жаткандыгына көңүл бурду. Адам өлтүрүү, зордуктоо, карактоо, бирөөнүн мүлкүн өрттөп талкалоо сыяктуу оор кылмыштар боюнча учурунда беш миңге жакын кылмыш иши козголгон болсо, анын көпчүлүгүнүн бети ачылбай тургандыгы айтылды.

Баш прокурор Аида Салянованын айтымында, буга учурунда кылмышка шектүүлөрдүн өздүгү аныкталбай калгандыгы же болбосо алардын өлкөдөн качып кеткени себеп болгон:

- Учурда июнь окуясындагы кырк кылмыш иши боюнча ага кимдердин катышы болгондугу аныкталып, бирок алардын кайда жүргөндүгүн биз билбейбиз. Кылмышка шектүүлөрдүн ичинен 19 адамдын Россияда экендиги боюнча маалымат бар. Аларды кайтаруу боюнча суроо талап жөнөткөнбүз. Бирок алардын ичинен сегизин кайтаруудан баш тартып жатышат. Мындан сырткары үч миңден ашуун иш боюнча шектүүлөрдүн өздүгү аныктала элек.


Белгисиз жагдайлардагы белгилүүлөр


Андан соң баш прокурор окуялардын курчуп өнүгүшү жана ага таасир эткен жагдайлар туурасында баяндамасын баштады. Бирок айрым депутаттар андан коогалаңды уюштурган деп шектелгендердин кармалбай жатышы боюнча конкреттүү жооп берүүнү талап кылышты.

Жогорку Кеңештин “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Камила Талиева прокуратура органдары сепаратисттик маанайдын идеологу деп айтылып жүргөн экс-депутат Алишер Сабировдун аракеттерине укуктук баа берилбегендигин сынга алды:

- Аида Жеңишбековна, сиз биз билген маалыматтарды кайталап, убакытты ала бербеңиз. Бизди ал кызыктырбайт. Сиз жанагы токтомдо көрсөтүлгөн Алишер Сабиров эмнеге кылмыш жоопкерчилигине тартылбагандыгына жооп бериңиз. Биздин депутаттык комиссиянын жыйынтыгы боюнча аны издеп, таап жоопко тартуу боюнча талап койулган. Ал киши ээн-эркин Ысык-Көлгө келип эс алып жүрөт. Муну кандайча түшүнсө болот?

Аида Салянова болсо Алишер Сабировдун иш-аракеттеринен улуттук араздашууга от жагуучу мыйзамга каршы келген фактылар табылбагандыгын белгиледи. Ошондуктан Сабировго кылмыш ишин козгоого негиз жок экендигин кошумчалады:

- Биз ал боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөнбүз. Ал кишинин өзү менен дагы телефон аркылуу сүйлөшкөнбүз. Анын иш-аракеттеринен сепараттисттик иш-аракеттер табылган жок.


Жоопкерчиликтен жооп жок


Депутаттар окуянын от алышына жол берген Убактылуу өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын аракеттерине саясий жана укуктук баа берүү маселеси көңүл сыртында калгандыгын эскертишти. Баш прокурор кылмыш курамы жок болгондугуна байланыштуу алардын саясий жана моралдык жоопкерчилиги ар бир бийлик түзүмүнүн ичинде каралыш керек деген жүйөөнү карманды.

Бирок Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынын башчысы Камчыбек Ташиев мында укуктук баа берилбей калгандыгын айтты:

- Кызматтан кетип же болбосо бийликке ыңгайсыз болгон адамдарды кылмыш ишин ачып, башкаларына тийбей койгон адатыңарды токтоткула. Биздин токтомдо ким экендигине карабастан ошол кездери жоопкерчиликти өзүнө алган бийлик өкүлдөрүнүн аракетине укуктук баа берүү тууралуу маселе көтөрүлгөн болчу. Бирок андай иш тилекке каршы жүргүзүлбөптүр.

Мындан сырткары депутаттар этникалык кагылышуунун кесепеттерин жойуу боюнча көрүлгөн чаралардын алсыздыгын сынга алышты.

“Республика” фракциясынан депутат Нурбек Алимбаев окуу тарбия иштериндеги жана идеологиялык багыттагы айрым өксүктөргө токтолду:

- Улуттук мектептерде мамлекеттик тилди, Кыргызстандын тарыхын жана маданиятын окутуунун сапатын жакшыртуу талабы койулган болчу. Бирок биз бул боюнча кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү көрө алган жокпуз. Биримдикке жана ынтымакка багыттаган иштердин жыйынтыгы байкалбайт. Экинчи бир маселе, Оштогу мурдагы кыргыз-өзбек университетинин эмгек жамааты анын атын Ош мамлекеттик социалдык университет деп өзгөртүү боюнча кайрылуу жолдогон экен. Бирок эмнеге ушуга чейин буга көңүл бурбай жатасыздар. Окуу жайдын этникалык негиздеги аталышын сактап калууга кимдер ынтызар болуп жаткандыгын ачык айтыңызчы?

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков бул боюнча ынанымдуу жооп бере алган жок. Ошол эле кезде ал алдыда албан иштер жүргүзүлө тургандыгын айткан жалпы сөздөр менен чектелди. Кечке чейин созулган парламент жыйыны өкмөткө аталган токтомду аткарууга кошумча убакыт берүү демилгесине токтолду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG