Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:28

Бишкектеги СИАР социологиялык изилдөө борбору июнь окуяларынын себеп, кесепеттери боюнча Ош жана Жалал-Абадда сурамжылоо жүргүздү.

Изилдөөнүн жыйынтыгы тууралуу аталган борбордун жетекчиси Айнура Сагынбаева «Азаттыкка» маек курду.

“Азаттык”:
Мына сиздер сурамжылоо жасап, иликтөө жүргүзүп келдиңиздер. Жарандар окуянын чыгышын кандай себептерге байланыштырышат экен?

Айнура Сагынбаева: Биринчиден, биз элдин арасында көп жолугушуу өткөрдүк. Үчүнчү күч деп аталган ар кандай кыймылдар, ар кандай күчтөр биринчи себеп болгон. Экинчи себеп, бул жаңы өкмөттүн бир аз алсыздыгы болду. Үчүнчү себеп, маалыматтын жоктугу, ушактардын айынан. Дагы бир себеп айрым өзбек тектүү жарандардын өз алдынча жашоону каалоосу деп эсептешет.

“Азаттык”: Иликтөөдө түштүктө эки эл ортосунда дале бир аз чыңалуу бар деген жыйынтык чыккан экен. Эмне себептен мындай болуп жатат?

Айнура Сагынбаева: Бул көрүнүп турат. Анткени тренингдерди, фокус топторду өткөргөндө кыргыздар өзүнчө, өзбектер өзүнчө өткөрөлү деп демилге көтөрүп жатат. Экинчи себеп, өзбектер айтышат, кечинде чыкканда милиция тараптан бир аз коркунуч болуп жатат, ошондуктан бир аз коркунуч туудуруп жатат деп. Ошондуктан азыркы мамиле оңолуп келе жатканы менен дагы көйгөйлөр толтура. Анын арасында өкмөттүн дагы, эл аралык уюмдардын дагы жардам күтүп турушат.

Анан элдин каалоосу азыр көбүнчө чогулуштарды, концерттерди чогуу өткөрүп, көбүрөөк маданий иш-чараларга көңүл бурушса, өзбек менен кыргыздардын ортосунда достук, мейманчылык деген күчөшү мүмкүн деп өздөрү айтып жатышат. Өзбек тараптан да, кыргыз тараптан да бирдей айтылып жатат.

“Азаттык”: Абалды толук турукташтыруу үчүн, былтыркыдай окуяларды болтурбоо үчүн кандай сунуштарды иштеп чыктыңыздар?

Айнура Сагынбаева: Биз элдин ой-пикирин чогултуп, элдин каалоосун эле изилдедик. Өкмөт, эл аралык жана бейөкмөт уюмдар биздин маалыматты алып, ошонун аркасында накта керектүү нерселерди колдонуп, бүгүнкү керектүү нерселер боюнча иш-чараларды өткөрүшү керек. Биздин негизги максатыбыз жөн эле элдин ой-пикирин чогултуу болду.

“Азаттык”: Абалды жакшыртуу үчүн өзүңүз айткан керектүү нерселер эмне деп ойлойсуз?

Айнура Сагынбаева: Эң биринчи өзбектер дагы, кыргыздар дагы көбүнчө маданий иш-чаралар болсо, бизди чогуу үстөлгө отургузуп, концерт катарыбы, балдардын арасындагы мелдештер болобу, же кандайдыр бир биргелешкен иш-чараларды өткөрсө деп жатат. Муну эки жак тең көбүрөөк өткөрүүнү суранып жатышат.

“Азаттык”: Иликтөөңүздөрдүн жыйынтыгында Ош жана Жалал-Абаддагы тургундар азыркы өкмөттөн бир катар чечкиндүү кадамдарды күтүп жатканы айтылган экен. Натыйжада калк өкмөттөн кандай өзгөрүү, кадамдарды күтүп жатышыптыр?

Айнура Сагынбаева: Башка дагы изилдөөнүн жыйынтыгында, конкретүү сиз айтып жаткан Ош менен Жалал-Абаддын тургундарынын ой-пикирин изилдөөнүн натыйжасында эң биринчи керектүү, негизги нерсе бул - маалымат. Элге бүгүнкү кезде маалымат жетпей жатат. Жалпы Кыргызстан боюнча маалымат, конкреттүү аймак боюнча маалымат, мисалы Ош шаары, Ош облусу боюнча, деги эле башка облустар боюнча маалымат абдан жетишпей жатат. Бул биринчиден. Экинчиден, өкмөт тарабынан психологиялык жардам бүгүнкү күндө абдан керек болуп жатат.

Дирекциянын иши азыр жүрүп жатат. Үйлөрдү куруп жатышат. Бирок психологиялык жардам берүүчү, маданий иш-чараларды өткөрүүчү мекеме азыр жетишпей жатат. Ошондуктан өкмөт ушул нерселерге көбүрөөк көңүл бурса, менимче эл ыраазы болот эле. Анткени үй албетте керек. Негизги нерселердин бири болуп эсептелет. Бирок бүгүнкү күндө эки элдин ортосунда достукту орнотбосок, ага анчалык көңүл бурбасак, анда эртең башка маселелерге туш болушубуз мүмкүн.

“Азаттык”: Маегиңиз үчүн рахмат.
XS
SM
MD
LG