Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

Пиллэй кыйноолорго каршы турууга чакырды


Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нэви Пиллэй президент Алмазбек Атамбаевди кыйноо фактыларына каршы күрөштүн алдыңкы сабында болууга үндөдү.

Баш комиссар мындан тышкары июнь окуяларынан кийинки адам укуктарынын абалына да өзгөчө көңүл буруп, бир катар билдирүүлөрдү жасады.

Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нэви Пиллэйдын айтымында, адамдарды суракка алууда кыйноого барган тартип коргоо органдарынын жоопко тартылбашы мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирет.

Ал эки күн Кыргызстанда бир катар мамлекеттик жетекчилер жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуудан кийин 10-июлда Бишкекте маалымат жыйынын өткөрдү. Анда Пиллэй айым Кыргызстандагы кыйноо фактыларына өзгөчө көңүл буруп, ага каршы күрөштө президент Алмазбек Атамбаевди башында турууга чакырды.

- Кыйноолорго барып, бирок жоопкерчиликке тартылбаган милиция кызматкерлери бар. Натыйжалуу көрсөтмө алууда кыйноого барган боюнча арыздарга өз жумган соттор жана прокурорлор да болууда. Ошондой эле күбөлөрдү, адвокаттарды коркутуу бул өлкөнүн бүтүндүгүнө доо кетирет. Ал эми кээ бир жакшы багыттарды айтсак, бул - мыйзамдарды реформалоо. Бул өкмөттүн адам укуктарынын абалын жакшыртууга болгон аракетин күбөлөйт. Ошол эле кезде негизги көйгөйдү мыйзамдарды аткаруу жана реформаларды эл аралык стандарттарга карап жүргүзүүлөр саналат.

Анткен менен баш комиссар ИИМ министри Зарылбек Рысалиев менен жолукканда милициянын ичинен кыйноого баргандарга чаралар көрүлүп жатканы боюнча маалымдар болгонун белгилеп, 286 кыйноо фактысы боюнча ички иликтөө иши жүргөнүн, анын жыйынтыгында 38 кызматкерге кылмыш иши козголуп, 47 адам кызматтан бошотулганын кошумчалады.

Баш комиссар кыйноолорго каршы Башкы прокуратура да алгылыктуу иштерди жасап жатканын айтып, өлкөдөгү убактылуу кармоо жайларын ИИМдин карамагынан Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүүнү кыргыз бийликтерине сунуштады.

Оштогу абал назарда

Нави Пиллаэ Оштогу жергиликтүү бийлик менен жолугушуусунда жана Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында Кыргызстандагы улут аралык мамиле тууралуу өзгөчө сөз кылды. Ал айрыкча мындан эки жыл мурдагы июнь окуяларына, андан кийинки жагдайларга кеңири токтолду:

- Орчундуу көйгөйдү улутуна, жынысына жана динине карап бөлүү жаратууда. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, этникалык жана улуттук азчылыктар аткаруу бийлигинде, башка өкмөттүк мекемелерде, тартип коргоо жана сот системасында аз. Улутуна карап бөлүү айрыкча 50 пайызы өзбек улутундагылар жашаган Ош шаарында ачык көрүнөт. Анда сот мекемесинде иштеген бир да өзбек улутундагы адам жок. Ушундай эле тең салмактын жоктугу борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарында да байкалат. Бул айрыкча 2010-жылдагы кайгылуу окуяларда даана көрүндү. Бул окуяда набыт болгондордун 75 пайызы, ал эми кийин айыптуу делинип, камалгандардын 77 пайызы өзбек улутундагылар болду.

Нэви Пиллэй менен Ошто жолуккан шаар мэринин орун басары Дастан Ходжаев баш комиссардын маалыматтары бир жактуу экенин айтат.

- Ал киши сот системасы акыйкатсыз, өзбек атуулдарына басым жасалууда жана тартип коргоо органдары улутуна карап мамиле жасап жатат деп айтты. Бирок биз ага бул бурмаланган маалыматтар экенин айттык. Анын үстүнө ал өзбек маалелерине гана келип, атүгүл аймактык кеңештин адамдарын да жолугушууга жолотпой, ушундай иштерди кылып кетти. Биз анын маалыматтары так эместигин айттык. Мисалы, бизде прокуратуранын маалыматы боюнча, 2012-жылдын январынан 30-июнуна чейин кыйноо, басмырлоо окуялары боюнча бир дагы иш козголгон эмес.

БУУнун баш комиссары Кыргызстандагы сапарында мындан тышкары, президент Алмазбек Атамбаев, баш прокурор, Жогорку Соттун төрайымынын орун басары, тышкы иштер министри, акыйкатчы жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуп, адам укугу жаатында өз сунуштарын берди.

Ошондой эле ал укук коргоочу, июнь окуялары боюнча айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров боюнча да камтамачылыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG