Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:05

Оштун кайып кыздары: НУРИЛА


Оштун кайып кыздары: НУРИЛА
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00

Нурила былтыркы коогада кордук көрүп, анын кесепетинен күйөөсүнөн да, балдарынан да айрылып, үй-жайсыз көчөдө калды. Бирок июн жаңжалында жапа тарткан башкалардан айырмаланып, буга окшогон зордукчулуктун курмандыктарына мамлекеттен эч кандай колдоо каралган эмес.

Нурила (аты өзгөртүлдү) атайын орто билимдүү, 1990-жылдары турмушка чыгып, бала-чакалуу болгон. Ошто батирде жашашчу, үй алалы деп акча чогултуп жүрүшкөн. Бирок былтыркы согуш анын бардык тилектеринин таш-талканын чыгарып, жашы 40тан ашкан эненин коколой жалгыз башы калды.

Догдурлардан аялы зордукталганын билип алган күйөөсү сот аркылуу аны менен ажырашып, балдарын да өзүнө каратып алган. Бир жарым жылдан бери балдарын бек кучактап эркелеткенге зар келин ошондон бери ар кайсы батирде убактылуу баш калкалап, күн өткөрүп келатат.


Жантөрө Сатыбалдиев жакында президент Алмаз Атамбаевдин администрация башчысы болду. Ага чейин ал Ош менен Жалал-Абатты калыбына келтирүү үчүн мамлекеттин жана эл аралык донорлордун он миллиондогон доллар каражатын тескеген мамлекеттик дирекцияны жетектеген.

Дирекциянын баш кеңсеси Ош шаарынын эски мэриясынын үчүнчү кабатында жайгашкан. Коридордо жаңы түшкөн үйлөрдүн сүрөттөрү илинип коюлган, алдыларында англисче түшүндүрмөлөр жазылган.

Төрага болуп турганда "Азаттыктын" кабарчысын өтө сылык кабыл алган Сатыбалдиев бүгүнгө чейин бир жарым миң квартира пайдаланууга берилгенин кубануу менен айткан. Анын сөзү боюнча, батирлердин акыйкат бөлүштүрүлүшүн атайын комиссия көзөмөлдөйт экен:

- Чоң мекемелер аралык комиссия иштейт. Ага премьер министрдин социалдык иштер боюнча орун басары (Ибрагим Жунусов) төрагалык кылат. Комиссиянын парламенттеги беш фракциядан, бейөкмөт уюмдардан, жергиликтүү бийликтен, ошондой эле жапа чеккендердин коомдук уюмдарынын өкүлдөрү, бардыгы болуп 20га жакын мүчөсү бар.

Төрага батирлер кимдерге берилээрин да тактап берген:

- Батирлер коогада ажал тапкандар менен дайынсыз жоголгондордун үй-бүлөсүнө, биринчи топтогу майыптарга берилет. Мына, үй-бүлө мүчөсү жоголгон 24 жаран, каза болгондор 144 жаран, буларга кийин дагы 101 киши кошулду, үйү күйгөндөр, мурдагы жашаган жерине кайтып бара албагандар 73 жаран, ок тийип, жараат алгандар бар. Биз азыр куруп жаткан батирлердин саны 1576. Батирлер бардык зарыккандарга жетиштүү деп ойлойм.

Жергиликтүү бийликтер же Ош мэриясы берген тизмедегилерге батир жетиштүү болгон менен, анда Нурилага окшоп жаңжал мезгилинде сексуалдык зөөкүрдүктөн жапа тарткандар жок. Дирекциянын мурдагы башчысы бул маселени өзү чечпей тургандыгын бетке кармап, мамлекеттин колун карагандар толтура дегендей мааниде сүйлөгөн:


Ж. Сатыбалдиев: зордукчулуктун курмандыктары тизмеде жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:14 0:00

"Азаттыктын" "Оштун кайып кыздары" деген журналисттик иликтөөсү Лондондогу Эл аралык телерадио берүүлөр ассоциациясынын 2011-жыл боюнча «Эң мыкты документалдык радио иликтөө» номинациясынын атайын сыйлыгына ээ болду.

Июндагы жаңжалда укук коргоочулар ондогон кыз-келиндин кордук көргөнүн болжолдогон. "Кылым шамы" уюму 60тан ашык зордуктоону каттаган, бул тизмеде курмандыктардын көбү - өзбектер.

Кыргыз улутундагы зордук көргөн кыз-келиндердин да өзүнчө тизмеси түзүлгөн.

Баш прокуратуранын маалыматы боюнча, жаңжал мезгилдеги төрт зордуктоо боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок алардын бири боюнча да иш аягына чыккандыгы тууралуу маалымат жок.
XS
SM
MD
LG