Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48

Парламент жума күнү “Сотторду тандоо кеңеши жөнүндөгү” мыйзам долбоорун кабыл алды.

Бул мыйзамга президент өткөн жылы каршы пикирин билдирип, артка кайтарган болчу. Ал эми жарандык коомдун өкүлдөрү кабыл алынган мыйзам долбоору соттордун эркиндигин чектеп, президент менен парламентке көз каранды кылат деп билдирүүдө.

Макулдашуу комиссиянын чечими

Жума күнү Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, бир топ мыйзам долбоорлорго добуш берди. Анын ичинде карама-каршылыктарга карабай “Сотторду тандоо кеңеши жөнүндөгү” мыйзам долбоору да колдоого ээ болду. Мыйзамдын демилгечиси, Сотторду реформалоо боюнча биргелешкен макулдашуу комиссиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев бейшемби күнкү талкууда анын зарылчылыгын мындайча түшүндүргөн.

- Кесиптештерден угуп жатабыз, судьялар депутаттардан да 3 миң, 10 миң доллар сурап жаткандыгын. Бул деген сот системасы кыйрап, эч кимди укпай, өзү менен өзү болуп калганын билдирет. Ошондуктан биз тез аранын ичинде сот системасын реформалоону башташыбыз керек.

Бул мыйзам долбоору өткөн жылы кабыл алынып, бирок алгач экс-президент Роза Отунбаева, андан кийин Алмазбек Атамбаев каршы пикирин билдирип, парламентке кайтарган болчу. Ага ылайык, сот реформасын алдыга жылдыруу боюнча президенттик аппарат менен Жогорку Кеңеш биргелешип, жыл башында макулдашуу комиссиясын түзгөн болчу. Макулдашуу комиссиясы иштеп чыккан долбоорго ылайык, өткөн жылы тандалган Соттору тандоо кеңеши иштей бермей болду. Бирок алар Жогорку Соттун судьялыгына тандап, парламентке берген 29 талапкердин орду үчүн кайра сынак жарыяланат.

Мыйзам долбоорундагы дагы бир өзгөчөлүк - мурдагы мыйзамда президент артка кайтарган талапкерди Сотторду тандоо кеңеши 3,2 добуш менен кайра эле президентке жөнөтүү укугуна ээ болсо, бу сапар ал татаалдаштырылып отурат.

Макулдашуу комиссиясынын төрагасы, “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев:

- Мурдагы мыйзамда эгер президент кайсы бир талапкерди жактырбай кайтарса, аны Сотторду тандоо кеңеши 3,2 добуш менен кайра киргизүү укугуна ээ болчу. Бирок биз эгер президент жүйө келтирип, аны артка кайтарса, ал кайра келбейт деп макулдаштык. Эгер ал талапкер кайра катышам десе, жаңы сынактын негизинде гана келе алат.

Жаңы мыйзам сотторду көз каранды кылат

Бирок жарандык коомун өкүлдөрүн дал ушул берене тынчсыздандырууда. Алардын жүйөсү боюнча, бул судьялардын президент менен парламенттин көзүн карап, судьялардын өз алдынчалыгын жоготушуна алып келет. Жарандык коом өкүлдөрү бул боюнча билдирүү таратып, мыйзам долбоорун артка кайтуу деп сынга алды. Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин өкүлү Рита Карасартова мындай дейт:

- Бул мыйзамда Жогорку Соттун жана Конституциялык палатанын судьялары боюнча акыркы чечимди парламент кабыл алса, жергиликтүү соттор боюнча чечимди президент кабыл ала турган болуп калды. Эгер президент чече турган болсо, анда кайдан көз карандысыз соттор болот. Эң негизги катачылык ушул болду. Мурдагы эле Акаев, Бакиев учурундагыдай кылып коюшту.

Ал эми мыйзам долбоору шашылыш кабыл алынып жатканын “Ата Журт” фракциясынын депутаты Курмантай Абдиев да талкуу учурунда "Бул мыйзам долбору талкууга туура эмес чыгып калган. Материалдар таратылган деп жатат. Ооба, бизде материалдар кабинеттерде бар. Бирок бүгүн күн тартибинде бул маселе болот деп күткөн эмеспиз да", дейт.

Мыйзамдагы өзгөртүүлөр

Мыйзамдагы дагы бир жаңылык - Конституциялык палатанын судьясын алгач жети жылга, анан ал дагы шайланса гана 70 жашка чейин иштей алат деген эреже киргизилүүдө. Мындан тышкары, мурдагы мыйзамдарда мөөнөтү бүткөн судьялардын ордуна гана сынак жарыяланат деп белгиленсе, акыркы долбоор боюнча иштеп жаткан судьялардын ордуна да сынак жүрөт. Мунун менен комиссия бардык сотторду жаңылоо максатын көздөөдө.

Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шаамарал Майчиев мыйзамга президент кол койгондон кийин сынак жарыялана тургандыгын айтты:

- Президент бул мыйзамга кол коюп, күчүнө киргенден кийин сынак жарыялайбыз. Кабыл алынган тартип боюнча биринчи Жогорку Сотко, андан кийин Конституциялык палатага, андан кийин жергиликтүү сотторго сынак жарыяланат.

Президент Алмазбек Атамбаев да буга чейин соттор эч кимди көзүнө илбей кеткендигин, аларды тартипке келтирүү зарылдыгын бир нече ирет билдирген болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG