Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:58

АКШнын Чикаго университетинин профессору Жаныбек Адышев АКШ менен Кыргызстанда иштөөнүн чоң айырмачылыктары тууралуу "Азаттыкка" ой бөлүштү. Батыштын байымдуу билимин алгысы келгендерге кеп-кеңешин айтты.

"Азаттык": Оболу АКШдагы ишиңиз тууралуу айтып берсеңиз?

Адышев: 2001-жылдан 2005-жылга чейин мен Балтимор университетинде иштедим. Кийин беш жыл Чикагодо сабак бердим, 2010-жылдан бери Иллинойс штатындагы университетте биомедицина боюнча илим-изилдөө менен алекмин. Азыркы ишим деле Чикагодо. Бул жерде мен адамдардын өпкө оорусунун пайда болушу жана өтүшүп кетишинин молекулалык механизмин иликтейм. Билимдин бардык тепкичтерин басып өтүп, минтип илимге келдим. Менден сабак бересизби деп көп сурашат. АКШ университеттеринде иштөөнүн өзгөчөлүгү бар. Бул жерде алдыңкы илимдин баары университеттерде топтолгон. Мен болсо изилдөө иштерин жүргүзөм.

"Азаттык": Сиздин балдарыңыз да АКШда окушканбы?

Адышев: Ооба, кызым Нью-Йорктогу Фордхэм университетин артыкчылык диплому менен аяктады. Ал жерде магистр даражасын коргоду. Ушу тапта "Митсубиси Токио Банк" инвестициялык банкынын Нью-Йорк бөлүмүндө иштеп жатат. Бишкекке мени менен чогуу келип, инвестиция жаатында кандай иштерди аткарууга болорун бул жердегилер менен бөлүшкөнү отурат.

"Азаттык": Сиз 15 жылдан бери АКШда иштеп жашап жүрөсүз. Кыргызстандагы жаштардын көбү чет өлкөдөн билим алгысы келет. Батышка сиз кандайча кетип калдыңыз? Чет өлкөдөн билим алгысы келген жаңы муундагы улутташтарыңызга кандай кеп-кеңештерди берер элеңиз?

Адышев: Мен бул жерде жүргөн кезде "XXI кылымдын кадрлары" деген жакшы программа бар эле. Ал программа Американын эң мыкты жогорку окуу жайларынан акысыз билим алуу мүмкүндүгүн ачып берчү. Өкүнүчкө карай, ал программа жабылып калды. Кыргызстанга да Казакстандагы "Болашак" программасына окшош программаны киргизүүнү канчадан бери эле айтып келатам. Мага баарын өзүм издөөгө туура келди. Өзүм Москва университетин бүтүргөм, Молекулярдуу биология институтунда илимий даражамды жактагам, кийинчерээк бир аз убакыт Жапонияда иштеп калдым. Мүмкүн ошондон мага чет өлкөдө окуп-иштөө жеңилирээк болду окшойт, анткени мен бул жагын аздыр-көптүр билип калган болчумун да. Жаштарга мен англис тилин жакшы окушун каалайт элем. Ансыз билим алыш кыйын.

Америкада окууга акы төлөш керек. Ошондуктан ал жерге баргандар биринчи эле англис тил курстарына жазылышат. Салыштырмалуу баасы арзаныраак программалар бар. Мисалы, "Комьюнити Колледжди" айтса болот. Андан АКШнын билим берүү системасы менен жакшылап таанышууга мүмкүн. Биздин балдар-кыздардын көбү ал жерге баргандан кийин иштешет. Жетишерлик капитал топтоп алган соң алар билим алганы тандаган окуусуна киришет.

"Азаттык": Университетте сизден башка да биздин мекендештер барбы?

Адышев: Мени менен келинчегим чогуу иштейт. Студенттер арасында кыргызстандыктар жок. Бирок Чикагодо саны жагынан арбын кыргыз жамааты жашайт. Азыркы кезде биринчи барган мигранттардын балдары билим алышууда. Биринчи муун ал жерде кыртыш даярдайт, алардын балдары анан америкалык университеттерде окушат. Өкүнткөн жагы, биздин мекендештер АКШга келгенден кийин кесипти талап кылган жумуштарды иштөөгө мажбур болушат. Бизде барганда эле университеттерден баштай турган программа жок. Анткен менен АКШдан жогорку билим алуу жалаң эле биздин кыргызстандыктарга эмес, америкалыктардын өздөрү үчүн деле кыйын жумуш. Себеп дегенде, ал жерде билим алуу кымбат, студенттер кредит алышка мажбур, аны кийин кыйла жылдар төлөшөт.

"Азаттык": Биз билгенден сиз АКШга кетерге чейин билим берүү министринин орун басары болгонсуз, президенттик аппаратта иштегенсиз. Мамлекеттик машинени ичинен жакшы билесиз. АКШда 15 жыл иштегенден кийин эки системаны салыштыра аласызбы? Кыргызстан менен АКШда иштөөнүн негизги өзгөчөлүктөрү эмнеде?

Адышев: Бул - тартип, мээнеткечтик, АКШда мунун баары системага салынган. Ал жерде сен эч башка нерсеге алаксыбай, өзүңдүн гана ишинди жасайсың. Ишке болгондун баарын бересиң. Ал жерде мунун баарына байкоо салчу атайын кызмат да бар. Маселен, керектүү нерселерди ташып келе турган кызмат иштейт. Сен илимий иш менен гана алек болосуң, сага керектүү шарттарды, материалды, дагы башкаларды даярдап беришет. Ал жерде мансабы чоңдун алдында үч бүгүлүп кошомат кылуу жок. Жетекчиң менен эч тартынбай ачык сүйлөшө аласың. Башкача айтканда, АКШ системасы кыйла демократиялуу. Бюрократизмдин жыты да жок, эгер сен мыйзам негизинде аракеттенсең сөзсүз максатыңа жетесиң. Кыргызстанда болсо кыйла убактың кайсы бир майда, мааниси жок проблемаларды чечүүгө кетип калат. Америкада болсо баары так, ачык иштейт. Мен Жапонияда да иштеп калбадымбы. Ал жерде да баары тартипке негизделген.

"Азаттык": Бизде кадрлардын жетишсиздиги тууралуу көп айтышат. Сиздин чет өлкөдө топтогон бай тажрыйбаңызды эсепке алып Кыргызстанда мамлекеттик кызматта иштөөгө сунуш кылышкан жокпу?

Адышев: Кыргызстанга пайдасын тийгизе турган бир топ мекендештерибизди билем. Ушунча жыл ичинде аларга же мамлекеттик кызмат тарабынан, же илим тармагындагы жетекчилер тарабынан кызыгуу пайда болгонун көрө алган жокмун. Бул мамлекет үчүн абыдан чоң резерв. Мен дайыма Казакстандын мисалын келтиргенди жакшы көрөм. "Болашакчылар" мунун баарынан өтүштү, Батыштан билим алып келишти, мына эми башкаруунун эки тизгин бир чылбырын колго алышууда. Бизде жагдай тескерисинче.

"Азаттык": Эми элестетип көрөлү, мамлекеттин кадр саясаты чукул өзгөрүлүп, сизди улуттук илимге жардам бериңиз деп чакырып калышса. Мекениңизге кайрылып келгенге макул болот белеңиз?

Адышев: Жан дилим менен келмекмин. Мен ал жердеги тапшырмамды аткардым, белгилүү деңгээлге жеттим. Менин балдарым АКШдан билим алышты. Менин тамырым ушул жерде, эч ким мени кел деп чакырбаса деле Мекениме келем. Эч кандай шарт-парты жок эле келем. АКШда 15 жылдан бери жашап жатканым менен ал жерде өзүмдү утурумдук жашоочу катары сезем. Менин Ата Мекеним - Кыргызстан.

Маек "Роза Отунбаеванын демилгелери" фондунун "Мекендештер" форуму тарабынан даярдалды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG