Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:33

Жогорку Сот өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстанда сот реформасы уланып жатканын билдирсе, укук коргоочулар бул реформа өзүн актабаганын айтууда.

Жарандык коомдун өкүлдөрү ошондой эле өлкөдө мурдагыдай эле соттордун бийликке көз карандылыгы күчөдү деген да баасын беришүүдө.

Адам тандаган реформабы?

Бишкек шаарынын тургуну Айдар Усупов беш жылдан бери сот адилетсиздигинин күбөсү болуп келатканын айтып арызданууда. Анын кызы Бишкектеги цехтердин биринде иштеп жатып, колун аппаратка алдырып, майып болуп калган.

Айдар Усуповдун айтышынча, бирок ал үчүн компенсация төлөнгөн эмес, же бирөө-жарым жоопкерчиликке да тартылбаган.

- Мен үч жолу Жогорку Сотту уттум, алты жолу шардык сотту уттум. Ошончолук эле санда райондор аралык сотту да уттум. Бирок кайра эле артка жиберип жатышат тегеретип. Президент “мыйзам алдында баары бирдей” деп айтып келатат. Бирок бизде мыйзам алдында баары бирдей эмес. Бийлиги, байлыгы болсо мыйзам алдында ал адам өзгөчө укукка ээ болот экен. Жөнөкөй жарандардын укуктары болсо, мыйзам чегинде корголбойт экен.

Бул Кыргызстанда сот адилетисиздигине кабылган бир гана адамдын окуясы.
2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин келген бийлик өлкөдө сот адилеттигин орнотууну убада кылган. Ага ылайык, Сотторду тандоо кеңеши түзүлгөн жана бир катар мыйзамдар кабыл алынган.

Жарандык коом тарабынан түзүлгөн Сотторду көзөмөлдөө кеңешинин төрайымы, укук коргоочу Рита Карасартова канткен менен үч жыл аралыгында жасалган ал аракеттердин баары өзүн актаган жок деген пикирде

- Эми Конституциялык палатанын чечимдерин саясий кысым менен бузганы жатышат. Биз кайдадыр туура эмес кетип баратабыз. Кылмыш иштери саясий өңүттөн козголуп жатат. А карапайым элдин укугун эч ким ойлогон жок. Бүгүнкү сот системасы шал болгон абалда. Судьялар азыр “кандай чечим кабыл алсам, депутаттарга жагабы же жакпайбы?” - деп ойлонуп калышты.

Реформа бир айдын иши эмес

Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева болсо Кыргызстандагы сот реформасы өзүн актаган жок, туңгуюкка кептелди деген пикирлерге кошулбайт. Ал 12-февралда сот тармагынын 2013-жылдагы жыйынтыгын чыгарып жатып, буларга токтолду:

- Реформа жасалбай калды деген пикирлерден мен алысмын. Азыркы убакка чейин реформа жүрүп жатат. Реформа бир айда, же бир жылда өтө турган нерсе эмес. Буга бир топ аракет жана убакыт керек. Азыркы учурда Соттук реформа боюнча кеңеш бар. Ал бул маселеде катуу иштеп жатат.

Жамашеванын айтымында, реформа алдыга жылыш үчүн сот системасына өз ишин мыкты билген адистер келиши керек, ошондой эле соттордун материалдык-техникалык базасын күчтөндүрүү зарыл, үчүнчүдөн болсо соттор чыгарган чечимдердин сапаты жана жоопкерчилиги көтөрүлүүгө тийиш.

Жогорку Сот төрайымы өткөн жылы алты судьяга кылмыш иши козголуп, кызматтан четтетилгенин да кошумчалады:

- Алты судьяны жоопкерчиликке тартууга Соттор кеңеши макулдугун берген. Токтогул райондук судьясына өкүм чыккан. Бул иш Жогорку Сотко чейин жетип, өкүм күчүндө калган. Ысык-Көлдөгү Түп районунун сотунун төрагасы да коррупция менен кармалган. Ал боюнча да Жогорку Сотко чейин жетип, өкүм күчүндө калган. Башкалар боюнча да тергөө иштери уланууда.

Сот реформасынын башында сотторду тандоо кеңеши турат. Бирок ал өткөн жылдын июль айынан бери судьяларды тандоону жүгүзө элек. Буга кеңештин райондор аралык соттун судьялыгына тандаган талапкерлерин президенттин бекитпей артка кайтарганы себеп болгон.

Укук коргоочу Рита Карасартова буларды айтат:

- Былтыр жайында президент “силердин тандооңор жарабайт” деген кат жиберген. Бирок андан ары эмне кылыш керек десе, өздөрү да билишпейт. Мыйзам боюнча президенттин алардын ишин токтотконго укугу жок, кетирип да жибере албайт. Сотторду тандоо кеңешинин мөөнөтү жарым жылдан кийин бүтөт. Же мөөнөтү бүтсүн деп күтүп жатышат окшойт.

Президент сотторду тандоо кеңеши тандаган талапкерлерди тазалыгынан, калыстыгынан шектенгени үчүн бекиткен эмес. Андан кийин сот реформасы боюнча дагы бир кеңеш түзүлгөн. Ал кеңештин алдына сот тармагын түп тамырынан реформалоо максаты жүктөлгөн. Ошентип кудум милиция реформасындай, сот тармагындагы реформанын да аягы көрүнчүдөй эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG