Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:46

Өкмөт Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын курамын кыскартууну чечти. Өкмөт сунушу кабыл алынса, Конституциялык палатанын судьялары 11 эмес, 9 судьядан туруп калат. Конституциялык палатанын судьяларын кыскартуу себеби эмнеде?

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, “Жогорку Соттун Конституциялык палатасы жөнүндөгү” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору тез арада кароо өтүнүчү менен парламентке жөнөтүлдү. Парламентте ал мыйзамды коргоо юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовго жүктөлдү.

Жогорку Кеңеш аны кабыл алса, Конституциялык палатанын судьялары 11 судьядан эмес, 9 судьядан туруп калат. Муну менен Конституциялык палатага кошумча эки судьяны шайлоо зарылдыгы токтойт. Анткени азыркы кезде палатанын тогуз судьясы гана шайланып, алар иштеп жатышат.

Өкмөттүн бул мыйзам долбоорун тез арада кабыл алууга киришүүсү Конституциялык палатанын 15-январдагы чуулуу чечимине да байланышы бардай. Анткени Конституциялык палатанын мына ошол чечими бийликтин кескин нааразылыгын пайда кылган. Ал чечиминде Конституциялык палата мамлекеттик кызматкерлерге каршы кылмыш ишин прокуратура кызматы гана козгойт жана тергейт деп так кесе белгилеген.

Андан башка органдардын, маселен Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук кызматы жана башка органдардын мамлекеттик кызматкерлерге каршы кылмыш ишин козгоосу Конституциянын 104-беренесине карама-каршы келери көрсөтүлгөн. Бул бийликтегилердин кескин нааразылыгын пайда кылып, көп узабай Конституциялык палата өзүнүн чечимин өзгөртүүгө, жумшартууга барууга аргасыз болду. Бирок бийлик башчылары Конституциялык палатаны бир силкип, анын жетекчилигин алмаштырууну көздөп калгандай.

Азыркы кезде Конституциялык палатаны Мукамбет Касымалиев жетектейт. Анын орун басары Эркинбек Мамыров. Дал ушул Мамыров Конституциялык палатанын 15-январдагы чуулуу чечими боюнча өзгөчө пикир менен чыккан.

Конституциялык палата түптөлүп, анын төрагасы шайланып жаткан мезгилде Мамыров төрагалыкка негизги талапкерден болгон. Бирок Касымалиевдин Ак үйдөгү колдоочусу күчтүрөөк болуп, тараза ташы аны көздөй ооп кеткен.

Конституциялык соттун мурунку судьясы Марат Кайыпов жаңы мыйызамдын кириши менен Конституциялык палатанын жетекчилиги алмашуу мүмкүнчүлүгүн четке какпайт:

- Мүмкүн. Мыйзамды күчүнө киргизе турган жобо бар. Ошол жерде ушул мыйзам өзгөртүлгөндө кайрадан шайланат деп жазып койсо, ошентип өтө берет. Максаты алмаштыруу болсо, анда ошондой болуп кете берет.

Ошол эле учурда Конституциялык палатанын төрагасы 3 жылга шайланары, ал кызматынан көпчүлүк судьялардын добушу же өзүнүн арызы менен кызматтан кетери мыйзамда көрсөтүлгөн.

Марат Кайыповдун айтымында, мурун Конституциялык соттун 9 эле судьясы болгон. 2010-жылдан кийин көбөйтүшкөн. Бул чыгымдардын да өсүшүнө алып келет. Ошондуктан өкмөт чечими чыгымдарды кыскартуу максатын да көздөшү мүмкүн.

Конституциялык палатанын 15-январдагы талаштуу чечиминен кандайча чыгуу жолун депутаттар да издеп жатат. Алар Конституциялык палатага өзүнүн жаңылыш чечимин өзгөртүү укугу берилиш керек деп жатышат. Ал эми Конституцияда болсо Конституциялык палатанын чечими акыркы жана кайра кароого жатпайт деп жазылган.

Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева Конституциялык палатага кошумча чечим чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө мындай пикирин билдирди:

ЖС төрайымы Феруза Жамашева (солдо), баш прокурор Аида Салянова жана юстиция министри Алманбет Шыкмаматов.

ЖС төрайымы Феруза Жамашева (солдо), баш прокурор Аида Салянова жана юстиция министри Алманбет Шыкмаматов.

- Кошумча чечим деген бул ошол чыгарылган чечимде түшүнүксүз нерселер болуп калса, ошону түшүндүрүп, кошумча чечим чыгарганга укук берилет. Мисалы, бизде дагы азыр Жазык-процесстик кодексинде, Жарандык-процесстик кодексинде кошумча чечимди сот чыгара алат деген жобо бар. Ал иштейт. Ал жаңы чечим кабыл алды дегенди билдирбейт.

Конституциялык палатанын 15-январдагы чечимин бийликтегилер туура эмес деп баалаган менен, аны туура деген юристтер жана саясатчылар бар. Алар Конституциялык палатанын чечими туура болгон, ал аткарылыш керек деп келишет.

Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин төрайымы Рита Карасартова Конституциялык палатага бийлик тараптан басым кескин күчөп, ал сот бийлигинин көз карандысыздыгына коркунуч туудуруп жатат деген пикирин билдирди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG