Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:06

14-мартта Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында сот системасын реформалоо боюнча кеңештин жыйыны болуп, сотторго байланыштуу 20дан ашык мыйзамга өзгөртүү киргизүү жана сотторду тандоо талабын күчөтүү зарылдыгы айтылды.

Кыргызстандын бийлиги көп жылдан бери сот системасын реформалоо милдетин алдыга коюп, аны ишке ашырууга аракет кылганы менен коомдо сотторго ишеним жок деген пикир дагы эле күчүндө. Сот системасын жакшыртуу аракети эмне үчүн майнап бербей жатат? Ага ишеним жаратуу үчүн дагы кандай талаптар зарыл?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Соттун мурдагы судьясы Төлөнбай Масыбаев, Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев жана мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев катышты.

“Азаттык”: Төлөнбай мырза, Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Соттордун биринчи курултайында эле “коррупция Ак үйдүн 7-кабатына жетти” деп айтып, соттордун адилет болушун талап кылган. Андан кийин соттордун материалдык жактан көз карандысыздыгын камсыз кылабыз деп, айлыктарын көтөрүп, пенсияга ошол айлыктын өлчөмү менен чыгаруу ишке киргизилген. Азыркы бийлик да сот системасын реформалоого катуу киришкен. Бирок коомдо дагы эле соттор адилетсиз, соттор сатылат, соттор көрсөтмөнү аткарат деген көз караш жоюлган жери жок. Буга эмне себеп?

Төлөнбай Масыбаев: Реформа жүрүп жатат, бирок соттун иши ушундай - бир тарап жеңилет, бир тарабы жеңет. Ушундан улам жеңген тарап ыраазы болсо, жеңилген тарап “тигил жакка тартып койду, демек бир нерсесин алып койсо керек” деген көз карашты пайда кылат. Бирок соттор ишти мыйзам чегинде чечет. Соттордун Х съездинде этика кодекси кабыл алынып, ошонун негизинде иш алып барышат. Бирок, элдин сотторго көз карашы жакшыра элек, аны моюнга алуу керек.

Жогорку Сот сот системасынын жогорку тепкичи болгондон кийин судьялыкка тажрыйбалуу адам келиши керек. Ага керек болсо беш жылдык тажрыйба аздык кылат.

“Азаттык”: Шамарал мырза, азыркы бийлик сотторду адилет тандоо үчүн атайын кеңеш түзүп, анын мүчөлөрүн парламент аркылуу тандап жатат. Бирок Сотторду тандоо кеңеши депутаттар жана башка таасирлүү адамдар өз өң-тааныштарын түрткөн чайкоо кеңеши болуп калды деген сын коомдо айтылганын угуп жүрсөңүз керек. Төрага катары мындай сындардын себебин иликтеп жатасыз да, эмне себептен тандоо кеңешине ишеним жок болуп жатат? Талапкерлерди калыс, адилет тандайбыз деп ишендире аласызбы?

Шамарал Майчиев: Тандоо деген чоң маселе, кандай тандоо болсо да аягы чыр менен аяктайт. Себеби орун аз, талапкерлер көп. Мисалы, Бишкек райондор аралык сотто сегиз орун болсо, ага 40тан ашык талапкер документин тапшырды. Кырк талапкердин 20сы кызматка татыктуу, бирок сегиз киши гана алынат. Калгандар өз нааразылыгын билдирет, алардын туугандары, тааныштары колдоп, коомдо нааразылык күчөп жатат. Чыр жаратпаш үчүн ар бир талапкерди дыкат тандаганга аракет кылып жатабыз. Ар бир талапкер жөнүндө маалымат коомго ачык жарыяланат, бардык органдардан маалымат алынат.

“Азаттык”: Байтемир мырза, кечээги жыйында сот арачыларынын санын тогуздан экиге чейин кыскартуу демилгеси айтылар замат социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды. Кээ бирлери айыпталуучулар мурда эле өң-тааныштарын сала коюп жүргөн көрүнүш ого бетер күчөп, эки адам менен сүйлөшүп алуу же сатып алуу оңой болот дешсе, айрымдары аларды соттордун чөнтөк арачысына айлантуу үчүн атайылап жасалып жатат деп жазышты. Буларга негиз барбы? Анан бул кыскартуу сотко карата коомчулуктун кайдыгерлигин, ишенбестигин дагы күчөтпөйбү?

Байтемир Ибраев: Сот арачылары канча көп болсо талаш-тартыш көп болуп, акыйкаттык жаралат. Алардын саны андан да көп болсо жакшы болмок, себеби чет өлкөлөрдө алардын саны жыйырмадан ашык. Ал эми эки киши менен сүйлөшүп коюу оңой да.

“Азаттык”: Төлөнбай мырза, кечээги жыйында айтылган маалыматка караганда, Жогорку Соттун судьялыгына талапкер сот болуп иштеген беш жылдан кем эмес тажрыйбага ээ болуш керек деген талап мындан кийин “Соттордун статусу жөнүндө" мыйзамдан алынат экен. Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Жакупова мындай жобо сот системасында бир күн иштебеген адамдардын Жогорку Сотко чейин жетишине кеңири жол ачып, эл ишенимин ого бетер жоготот деп билдирди. Буга кошуласызбы?

Төлөнбай Масыбаев: Жогорку Сот сот системасынын жогорку тепкичи болгондон кийин судьялыкка тажрыйбалуу адам келиши керек. Ага керек болсо беш жылдык тажрыйба аздык кылат. Маселен, райондук сотто иштеген судья беш жылда иштөөнү гана үйрөнөт.

“Азаттык”: Шамарал мырза, эми Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүнө талап күчөтүлүп, алар сөзсүз түрдө юридикалык толук жогорку билимге, өз кесиби боюнча беш жылдан кем эмес тажрыйбага ээ болушу керек болгон жатат. Мындай талап тандоо кеңештин калыстыгын камсыз кыла алабы? Андан тышкары талапкерлердин атуулдук жоопкерчилиги жана моралдык тазалыгы да зарылбы?

Шамарал Майчиев: Бул сунушту колдойм, бирок юридикалык билими болбогон менен башка тармактарда тажрыйбасы күчтүү мүчөлөр да бар. Кеңеште 24 мүчө бар, талкууда 24 башка көз караш болгону дурус да...

Жарандык иштер эмне үчүн 10 жылдап созулуп жатат, себеби соттор жоопкерчиликти алгысы келбейт.

“Азаттык”: Байтемир мырза, сот системасын реформалоо аракетин коомчулуктун колдоосу жана ишеними зарыл да, туурабы? Эмне үчүн ушул аракет майнап бербей жатат? Сиз элет жеринде турган адис катары айтсаңыз, эң ириде кандай көрүнүшкө каршы күрөшүү зарыл?

Байтемир Ибраев: Сотторду эл ишенбеген тандоо кеңеши тандап жатса ишеним кайдан болот? Сотторду тандоо кеңешинин ыкмасы дагы туура эмес. Эң ириде судья сот болуп иштей алабы деген маселени биринчи планга коюу керек.

Угарман: Нарындан Кубаныч. Соттор адамдын тагдырын чечет. Аны мен өз башымдан өткөрдүм. Соттор туура эмес чечим чыгарса, алардын үстүнөн арызданса болобу?

Төлөнбай Масыбаев: Эгер сот мыйзамга туура келбеген чечим чыгарса арызданууга укуктуусуз.

Угарман: Мен Токтогулдан Алимжанов. Эмне үчүн сот процесстери аягына чыкпай көпкө созулат?

“Азаттык”: Байтемир мырза, чын эле соттун өкүмүн күтүп, убактылуу тергөө абагында жылдап жатып, оорулуу, майып болуп калган адамдар бар. Мисалы, былтыр төрт жыл тергөө абагында жатып майып болуп калган Шахида деген кыздын тагдыры тууралуу айтканбыз. Эмне үчүн кийинки кезде сот процесстери Жаза-процессуалдык кодексте каралган мөөнөттө каралып бүтпөй, айлап-жылдап созулуп кетчү болду?

Байтемир Ибраев: Себеби соттор эч кимдин алдында жооп бербейт. Сот системасын реформалоо 2000-жылдан бери жүрүп келатат. Андагы башкы багыт – жаңылып калышыбыз мүмкүн, бирок көз карандысыз болушубуз керек деген максат болду. Мындай максаттын туура эмес экендигин турмуш өзү далилдеп койду.

Мурун СССР мезгилинде бир жылда эки-үч кишини туура эмес соттоп койсо кызматтан кетип, соттун өзү соттолуп кетчү. Азыр жарандык иштер эмне үчүн 10 жылдап созулуп жатат, себеби соттор жоопкерчиликти алгысы келбейт. Сот деген жоопкерчиликти алып чечим чыгарышы керек. Азыр жаман көрүнгүсү келбей улам бир сотко айдай берет. Ошон үчүн сөзсүз түрдө соттор эл алдында отчет бериши жана чечимдер анализдениши зарыл.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG