Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:58

Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлерди тандоонун биринчи айлампасын аяктады. Ага 92 адам арыз берип, 72 адам өттү.

Сынакка байкоо салган жарандык коомдун өкүлдөрү сотторду тандоо ишинде калпыстыктар бар экенин белгилешүүдө.

Сотторду тандоо кеңешинин маалымат катчысы Кундуз Жолдубаеванын айтымында, биринчи айлампада 72 адам тандалып алынды. Тандоо иши талапкерлердин иш тажрыйбасын, аларга карата түшкөн оң жана терс пикирлерди эске алуу менен жүргүзүлгөн.

- Эми 25-июлда экинчи айлампа башталат. Башында 92 адам арыз берип, кийин 16 адам арыздарын кайтарып алган. Ал эми 4 адам сынактан өтпөй калды. Сынакта сот системасында иштеген тажрыйбасы канча жыл болгону, ошондой эле оң жана терс маанайдагы келип түшкөн каттар эске алынды.

Сотторду тандоо ишине жарандык коомдун өкүлдөрү да байкоо салууда. Алардын айтымында, өткөн жылдагы сынакка караганда бул сапар алдыга жылыштар бар. Бирок адилет, калыс, сот тармагында өз көз карашы бар адамдардын келишинен дагы эле күмөн санашууда.

Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин мүчөсү Рита Карасартова талапкерлер тууралуу малыматтар аз болгондугун, аларга карата түшкөн арыздарга Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү көңүл кош караганын айтат.

- Биздин соттордун кээ биринин пансионаттары, мейманканалары, чоң-чоң мекемелери бар экенин көрүп жүрөбүз. Бирок 15-20 миң сом маянага анча нерсени жасоо мүмкүн эмес. Ушул нерселерди текшерүүгө келгенде, алар үстүртөдөн гана карап коюшту. Кээ бирлеринин таптакыр үйү да жок болуп чыкты. Алар буга чейин документтерге жазып койгон нерсени гана карап, аныктап коюшту. Өзүңөр деле аткаминерлердин, вице-премьер-министрлердин, премьер-министрдин декларацияларында кыймылсыз мүлктөрү жок болуп чыкканын билесиздер. Ошондуктан бүгүнкү күндө декларацияга канчалык ишенсе боло деген суроо жаралат.

Адегенде соттор оңолсо...

Тандалган 72 талапкерди алдыда Сотторду тандоо кеңешинин дагы эки сынагы күтүп турат. Үчүнчү айлампа ар бир талапкерге добуш берүү аркылуу жүрөт. Алардан өткөндөрдүн тизмеси президентке сунушталып, президент да бир сыйра электегенден кийин акыркы тандоо парламенттин мойнунда.

Жогорку Соттун судьялыгына талапкер болуп, биринчи айлампадан өткөн мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов сынак тууралуу буларды айтты:

- Азыр сынакта упайларды берип гана экинчи турга өткөрүп жатышат. Эң акырында добуш берүү менен “бул сот болууга татыктуу, бул тактыксыз экен” деп тандашат. Ошондо анан булар адилеттүү тандадыбы же жокпу белгилүү болот. Азыр айтыш кыйын.

Азамат Акелеев

Азамат Акелеев

Кыргызстанда сот системасы коррупцияга баткан тармак катары айтылып, жергиликтүү адистер да, эл аралык уюмдар да сот адилеттиги болмоюнча, экономика да көтөрүлбөй, эл арасында нааразычылыктар да басылбай турганын эскертип келатышат. Экономист Азамат Акелеев:

- Сот адилетсиздиги, алардын жакшы иштебегендиги инвесторлордун, ишкерлердин бул тармакка ишеними аз болушуна шарт түзүп жатат. Эгер алар жакшы иштей баштаса, жалпы инвестициялык абал бир топ жакшырып, ишеним пайда болот.

Жогорку Соттун судьялыгына 35 адам тандалышы керек. Өткөн жылы да Сотторду тандоо кеңеши ага сынак өткөргөн. Бирок бир топ талаш-тартыштан кийин ал жокко чыгарылып, жаңы сынак жарыяланган болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG