Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:12

27-февралда Жогорку Кеңеш Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына төрт талапкерди шайлабай койду.

Президент тарабынан киргизилген бир да талапкер жетиштүү добуш албай калды. Эми Сотторду тандоо кеңеши кайрадан сынак жарыялоого тийиш.

2010-жылдагы ыңкылаптан кийин Конституциялык Сот жоюлган. Анын ордуна Жогорку Соттун алдындагы Конституциялык палата киргизилген. Бул палатанын курамы 11 судьядан турат. Өткөн жылы беш судья шайланган.

Сотторду тандоо кеңеши калган алты талапкерди сынак жолу менен тандап, президенттин кароосуна жиберген. Өз кезегинде президент алты талапкердин экөөн четке кагып, төртөөн парламентке жөнөткөн.

Алар: Куанбек Кыргызбаев, Максуда Оморова, Токтосун Сүйөркулов жана Абибила Тажибаев.

27-февралда Жогорку Кеңеш Конституциялык палатанын судьялыгына сунушталган төрт талапкерге жашыруун добуш берди. Шайлоонун жыйынтыгында бир да талапкер жетиштүү добуш алган жок.

Шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Султанов анын жыйынтыгын мындайча жарыялады:

- Чечилди: Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын судьялыгына Кыргызбаев, Оморова, Сүйөркулов, Тажибаев шайланган жок.

Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин мүчөсү Курманбек Осмонов комитеттерде бардык талапкерлер колдоо таап, анан парламентте шайланбай калышы түшүнүксүз болуп калды дейт. Ал ошондой эле Конституциялык палатанын айланасында саясий оюндар бар экенин билдирди:

- Саясий оюндар бар. Конституциялык палатанын азыр иштеп кетиши кээ бир саясатчылар үчүн ыңгайсыз болуп жатат окшойт.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Орозбек Молдалиев Конституциялык палатага судьялардын шайланбай калышын, талапкерлерге депутаттардын канааттанбашы менен байланыштырды.

“Кылым шамы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Азиза Абдирасулова Конституциялык палатанын судьяларынын дээрлик үч жылдан бери шайланбай жатышын сынга алды:

- Саясат кылып, Конституциялык Сотту жок кылгандын өзү туура эмес болуп калды. Конституциялык Сот деген институт иштеп туруш керек болчу. Азыр эми Конституциялык палата деп, Жогорку Соттун көзөмөлүнө коюп койгондун өзү Конституциялык Сот жеткиликтүү деңгээлде көз карандысыз болот дегенди жоготту. Ошого карабастан адам укугунун бузулушу боюнча кайрыла турган бирден-бир орган болуп жатат. Бүгүнкү күндө Конституцияга каршы келген мыйзамдар, нормативдик-укуктук актылар толтура. Алар боюнча кайрыла турганыбыз эле Конституциялык палата. Бирок ошонун түзүлүшү аябай созулуп кетти.

Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиевдин билдирүүсүнө караганда, эми кеңеш Конституциялык палатанын судьялыгына кайрадан конкурс жарыяланат. Тандалган талапкерлер президентке жөнөтүлөт. Президент карап көрүп, парламентке жолдойт. Бул процедураларды аткаруу бир нече айга созулат.

Конституциялык палатанын судьялыгына өткөн жылы шайланган Эркин Мамыровдун айтымында, судьялары толук шайланмайын Конституциялык палата ишке кире албайт. Анткени Конституциялык палатанын курамы толук шайлангандан кийин ал өзүнүн төрагасын, төрага орун басарларын шайлайт. Конституциялык палатынын төрагасы андан кийин берилген арыздарды бөлүштүрөт.

Ошондуктан Конституциялык палата жакын арада ишке кирбейт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG