Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:03

Бишкек шаардык соттун төрагасы Айдар Осмоновдун кызматтан күтүүсүз кетиши күдүк ойлорду, түрдүү божомолдорду жаратты.

Соттор кеңеши Осмонов өз арызы менен иштен бошоду дегени менен ага ишенбегендер, жогору жактан келген көрсөтмө, кысым менен байланыштыргандар көп болууда.

Бишкек шаардык соттон билдиришкендей, Айдар Осмонов кызматтан кетүү тууралуу арызды өткөн аптанын этегинде жазган. Бул боюнча өзү менен байланышып, түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок. Соттор кеңешинин катчылыгы судья өз эрки менен кетти дегенден башка комментарий берүүдөн баш тартты:

- Арызында өз эрким менен деп жазды. Өз эрки менен жазып атса, аны кантип кармап калмак элек? Кат менен кайрылсаңар.

Такталбаган маалымат боюнча, Айдар Осмоновдун кызматтан кетиши депутат Карганбек Самаковдун баш коргоо чарасы боюнча чыгарган чечимине байланыштуу. Мындай божомолду сот органдарындагы “Азаттыктын” ишенимдүү булагы билдирди:

Карганбек Самаков

Карганбек Самаков

- Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Карганбек Самаковдун баш коргоо чарасын карап, үй камагын тандап алып, ушул райондон чыкпасын деген чечим кабыл алган. Алар бул чечим боюнча доо арыз бергенде, Бишкек шаардык соту Самаковго Октябрь районунан чыкпасын дегенге Биринчи май районун да кошуп койгон экен. Самаков андан кийин Биринчи май районунда жайгашкан Ак үй, Көк үй, же Жогорку Кеңешке барганда, "эмне үчүн бул Биринчи май районунда жүрөт?" деп маселе көтөрүлгөн экен. Бишкек шаардык соттун төрагасы ошонун кесепетинен иштен бошоду деген такталбаган маалымат айтылып жатат.

Айдар Осмоновдун кызматтан кетишин жамаатындагы нааразылык, чарбалык-каржылык мыйзам бузууларга да байланыштырган божомолдор да айтылып жатат.

Эмнеси болсо да борбор шаардын сот бийлигинин башчысынын кызматтан өз эрки менен кетишинен күмөн санагандар көп. “Коомдук анализ” институтунун жетекчиси Рита Карасартованын пикиринде, бир катар машакат менен шайланып келген судьялардын иштеп-иштебей жатып кызматын таштап кетиши мүмкүн эмес:

Рита Карасартова

Рита Карасартова

- Сотторду тандоо кеңешинен эленип келип, андан кийин президентке барып, айтор ушундай убаракерчилик менен шайланып келишет. Эми бир-эки жыл иштеп туруп эле өз ыктыярым менен кетейин дегендей жашы улгайган, оорукчан адам эмес болчу. Демек өйдө жактан же кылмыш иш козголуп ошонун негизинде кетесиң, же өз эркиң менен арызыңды жазып кет деген буйрук келди болушу керек. Көп эле жерде ушундай ыкма колдонулат. Мен ушундай эле болсо керек деп ойлойм. Ушунча жыл сот болуп, төрага деген бакандай кызматты ээлеп отурганда өз эрки менен кетип калышы мүмкүн эмес. Мен ишенбейм.

Айдар Осмоновдун атына байланыштуу чуулуу кеп 2013-жылы “Ата-Журт” партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талантбек Мамытовдун соту болуп жатканда чыккан. Депутаттарды актаган, мунун айынан кызматтан алынган Бишкек шаарынын судьялары Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиев Осмоновду кысым көрсөттү деп айыптап чыгышкан. Мурдагы судья Сатиев менен маектешкенибизде төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Ак үйдөн ушундай буйрук келип жатат, ушундай кыласыңар деп бизге басым кылган. Кийин биз мыйзамдуу чечим чыгаргандан кийин ар кандай шылтоо менен эмгек өргүүсүнө чыгарбай, менден карап жаткан иштеримдин баарын алып, кылмыш иштерин караган коллегиядан жарандык иштерди караган коллегияга которуп, биздин кабинетке келген башка кесиптештерден түшүнүк кат жаздырып, айтор ушундай иштерге барган. Бизге каршы “Мекен шейиттеринин” нааразылык акциясын да уюштурган деп айтып жүрүштү. Анткени ал “Мекен шейиттеринин” башчысы Осунбек Жамансариев менен курсташ экен. Биздин үйүбүздүн дарегин “Мекен шейиттеринин” мүчөлөрүнө берип, алар биз чечим чыгаргандан кийин үйүбүзгө чейин келип митинг өткөрүшкөн.

Медербек Сатиев Айдар Осмонов судьялардын ишине кийлигишчү деп айыптады:

- Судьяларга чечим чыгарардын алдында келип, мени менен акылдашасыңар деп айтчу. Жыйындарда мен буга ар дайым каршы чыкчумун. Чечим кабыл алуунун купуялыгы бузулуп жатат деп айтчумун. Мыйзам боюнча төрага деген судьялар карап жаткан ишке кийлигишпеши керек. Төрага болуп ал аппаратты гана жетектейт, болбосо ал деле биздей судья.

Айдар Осмонов Бишкек шаардык соттун төрагасы болуп 2013-жылдан бери иштеп жаткан. Ал Соттор кеңешинин мүчөсү, аталган кеңештин дисциплинардык комссиясынын төрагасы да болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG