Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:57

Парламент депутаты Каныбек Иманалиев коррупцияга каршы жарыяланган күрөштө айрым соттордун “сатылма” позициясынын айынан мамлекетке моралдык жана саясий зыян келип жатканын белгилеген.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Жогорку Соттун судьясы Айнаш Токбаева, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, Коомдук иликтөөлөр институтунун директору Рита Карасартова.

“Азаттык”:
Сот реформасы эмнеге жай жүрүүдө?

Рита Карасартова: Менимче реформа жай жылбай эле, ал таптакыр башка нукка кетип баратат.

Башында биз кандай сот реформасын каалайбыз, бизге кандай сот реформасы керек деген улуттук диалог өткөргөнбүз. Анда бийликке көз каранды эмес сот керек деп аныктаганбыз.

Анын үч негизги багыты бар. Алар: финансылык, чечим чыгаруудагы жана сотторду тандоодогу көз карандысыздыгы. Азыр үч пункт тең артка кетип, туура эмес нукка түшүп атат.

Жаңы Кыргызстан курабыз, сот системасын реформалайбыз дегенге үч жыл болду. Бул багытта жоопкерчиликти мен 120 депутатка койот элем. Ар бири ага жоопкер, анткени Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүн ошолор бекиткен. Бекиткенде өзүнүн катчыларын, туугандарын, каяктан алып келгенин билбейм, көшөгө артында бекитишкен. Азыр жаңы сотторду ошолор тандап жатат.

Экинчиден, аткаруу бийлиги да каржылык көз карандысыздыкты камсыз кылган жок. Тескерисинче 2011-жылга караганда аз каржыланды.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Сиз өткөн аптада жемкорлук менен кармалган мамлекеттик кызматкерлерди айрым соттор актап жатканын айткан элеңиз. Мына ушунун айынан реформа жылбай турат десек болобу?

Каныбек Иманалиев: Биринчиден, биз, Жогорку Кеңеш соттук реформанын бүт мыйзамдык базасын түптөп бердик. Бул биздин негизги парзыбыз.

Жогорку Сот, жергиликтүү сот, Конституциялык палата, Соттор кеңеши жана Сотторду тандоо кеңеши жөнүндө беш мыйзам кабыл алдык.

Экинчиден, соттордун айлыгын, каржылык жактан аткаруу бийлигинен көз карандысыз болушун биз камсыз кылып бере алган жокпуз. Бул жагынан алганда жалпы бюджеттен көз карандыбыз.

Бизде милицияда иштеген он миңдей адам болсо, алардын айлыгын көтөрүш өтө кыйын. Ал эми 350-400 сот бар, алардын айлыгын көтөрсө болот. Соттордун айлыгын көтөрүп, жок дегенде 40-50 миң сом кылмайын алардан тазалыкты үмүт кыла албайбыз.

Үчүнчүдөн, адамдарды Сотторду тандоо кеңешине тандоону жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүшүбүз керек. Биз аларды тандаганыбызга 2,5 жыл болду. Балким алардын кээ бирин чакырып алышыбыз керек. Себеби алар кандайдыр бир кызыкчылыктарды бириктирген топко айланып баратат деп угуп жатабыз. Ал эми өткөн жылы 8 сот пара менен кармалды. Өзү 350 сот болсо, анын сегизи кармалса, бул өтө коркунучтуу көрсөткүч.

“Азаттык”: Жогорку Сотто жаңы судьялар иштей баштадыңыздар. Сотторду тандоо менен эле реформа жасалды дегенге болобу?

Айнаш Токбаева: Соттор тууралуу ар кандай пикирлер бар. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, айрым колу таза эмес соттордон улам ушундай сөздөр чыгып жатат. Ошондон улам жалпы сот системасына доо кетүүдө.

Жогорку Сотко судьялар тандалды, алардын арасында адилеттүү, таза судьялар бар деген ишеничтемин. Судья эң алгач бул бийлик эмес, бул өтө чоң жоокерчилик экенинин билиши керек. Ошондо гана сот адилеттүүлүгү орноп, элдин ишеними артат. Экинчиден, сот системасы өзүн өзү тазалап, компетенттүү эмес, таза эмес соттордон арылып турушу керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG