Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Конституциялык палата: мыйзамга өзгөртүү керек


Кыргыз Республикасынын Конституциясы
Кыргыз Республикасынын Конституциясы

Кыргызстан Конституциялык палатанын чечимдерине байланыштуу бир катар мыйзамдарга алымча-кошумча киргизгени жатат.

Бул тууралуу Бишкекте 21-майда конституциялык сот адилеттигине арналган эл аралык жыйында айтылды. Үч күнгө созулчу бул иш-чарага Казакстан, Тажикстан, Армения, Азербайжан , Грузия, Түркия жана Латвиянын өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык эксперттер катышууда.

Быйыл жыл башында кыргыз коомчулугунда Конституциялык палатага чечимдерин кайра кароого мүмкүнчүлүк берүү керекпи, же жокпу деген талаш-талкуу чыккан. Буга аталган палатанын мамлекеттик кызматкерлерге кылмыш ишти прокуратура гана козгой алат деген бүтүмү негиз болгон.

Конституциялык палатанын төрагасы Мукамбет Касымалиев бийликтин кысымы менен бул чечим жумшарган деген дооматты четке кагууда:

- Биз кабыл алган чечим акыркы чечим. Конституция боюнча ал чечимди өзгөртүүгө мүмкүн эмес. Биздин чечимди прокуратура менен бирге мамлекеттик органдар аткарып жатат. Биз бул чечим боюнча прокуратура кайрылганда, түшүндүрмө гана бергенбиз. Себеби алар кээ бир жерлерин түшүнбөй калдык деп кайрылышты. Биз түшүндүрүп бергенден кийин ошонун негизинде иштеп жатышат. Башында түшүнбөгөндүктөн ызы-чуу, гүрү-гүү болуп кетти.

Бул окуяга байланыштуу Конституциялык палата үч ирээт түшүндүрмө берүү менен коомчулукка негизсиз кымгуут салды деп айрым маалымат каражаттарын күнөөлөгөн билдирүү тараткан.

Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев “Азаттыкка" палатанын чечимдерин аткарууну мыйзамдарды өзгөртүү аркылуу жөндөө зарыл деген пикирин билдирди:

- Мыйзамдардын негизинде конституциялык палатанын чечимдеринин бардыгын бийлик кабыл алып, аткарганга умтулат. Айрым мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип, аталган палатанын мындан аркы чечимдерин аткарылышын тартипке келтиребиз. Палата чечим чыгаргандан кийин Баш мыйзамга дал келбеген, каршы келген мыйзам кантип жокко чыгарылат, анын ордун эмне менен кантип толтурабыз деген маселе турат.


Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева Кыргызстан сот адилеттигин камсыздоодо эл аралык тажрыйбаны эске алышы керектигине токтолду:

- Соттордун көз карандысыздыгын камсыздаган мыйзамдар жетиштүү. Бирок ал мыйзамдар жакшы иштеши керек. Анын жол-жобосу болушу керек. Жогорку Соттун чечими акыркы чечим. Ал даттанууга жатпайт. Эгер жаңы ачылган жагдай болсо анда аны кароо мүмкүн. Ал эми Конституциялык палатанын чечимдерин кайра кароого азыр мыйзам жол бербейт. Чечими боюнча түшүндүрмө берет.

Анткени менен Жогорку Кеңештеги кээ бир депутаттар Конституциялык палатага өз чечимдерин кайра кароого мүмкүнчүлүк берүү демилгесин көтөрүп, мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Анткени менен мындай демилгени колдобогондор четтен чыгат.

Алардын бири парламенттеги Сот, укук маселелери жана мыйзамдуулук комитеттин төрагасы, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Токтогул Туманов:

- Конституциялык палата тууралуу мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш карай элек. Талкуу бул мыйзамдын тегерегинде болуп жатат. Ар кандай саясатчылар бар. ар ким өзүнүн пикирин айтат. Мен аталган палата боюнча мыйзам чийки деп айта албайм. Палата чыгарган чечим туура эмес болгон деген талаш-тартыш болуп жатат. Жогорку Сотто деле кандайдыр бир чечимдер туура эмес болгонуна байланыштуу, аны кайра кароо мүмкүнчүлүгүн пленумга берели, эгер чечимди туура эмес деген шартта Жогорку Соттун курамы карасын деген сунуш киргизип жатабыз. Конституциялык палата боюнча да ушундай ой-пикирлер пайда болуп жатат.

Эксперт Эмил Жураев Конституциялык палата өткөндөн сабак алышы зарыл деп эсептейт:

- Кайсы мамлекетти албайлы, сот бийлиги күчү жок, тиши жок бийлик деп эсептелет. Булардын жалгыз күчү мыйзамда. Кыргызстандабы, же башка мамлекеттеби мүмкүнчүлүгү тар. Ушундай жагдайдан улам биз Кыргызстанда Конституциялык сот оюнчуктай болуп, күчтүүрөк бийлик бутактарынын кызматчысына айланып калганын көргөнбүз. Ошондуктан азыркы Конституциялык палата өзүнүн макамын кайра калыбына келтирип, мыйзамды чечмелөө ишине киришип, башка бийликтин таасирине алдырбашы керек.

Кыргызстанда конституциялык сот адилеттиги боюнча доомат көп айтылып, мурунку президенттердин тушунда бийликтин бир колго топтолушуна жол чаап бергени айыпталган. Ушунун негизинде 2010-жылы бийлик алмашканда Конституциялык сот таратылып, палата болуп кайрай түзүлгөн. Негизинен анын курамы 11 судьядан турат, бирок ушул тушта тогузу эле иштеп жатат.

XS
SM
MD
LG