Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:53

Кыргызстандын бийлиги көп жылдан бери сот системасын реформалап, сот адилеттигин орнотууга аракет жасап келет.

Соттордун бир эле мыйзам жобосуна таянып, кылмышка кинелеген жактарга жараша ар кандай өкүм чыгарууга жол берген көрүнүштөр токтогон жок. Ушундан улам кине соттобу же ар кандай колдонууга жылчык берген мыйзамдабы деген суроо көпчүлүктү бушайманга салып, коомдо сотторго ишенбөөчүлүктү улам күчөп барат. Мындай суроолорду үч жыл абакта жаткан Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин үч күн мурун эркиндикке чыгышы ого бетер көбөйттү.

“Арай көз чарай” талкуусуна Жалал-Абад облустук бейтарап соттун төрагасы Бекболот Ибрагимов, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, коомдук ишмер жана укук коргоочу Динара Ошурахунова катышты.

“Азаттык”: Бекболот мырза, Кыргызстандын президенти баштаган жогорку бийлик өкүлдөрү сот адилеттигин орнотобуз деп аракет көрүп жатат. Бирок коомдо көз караш менен ишеним дагы эле өзгөргөн жери жок. Соттун төрагасы катары буга эмне себеп деген ойдосуз? Деги ушундай көз караш соттордун өзүн намыстандырып, ойлонтобу?

Бекболот Ибрагимов: Негизинен соттордун өзү кабыл алган өкүмүнө жооп бербегендиги жөнүндө жобо Конституцияда жазылып калгандыктан ушундай көрүнүшкө пайдубал түзүп койду.

Сот өзү чечим чыгарарда акчалуулардын тагдырын жеңилдетип, акчасы жокторго көз жумгандай чечимдерди чыгарып берип жаткандыгын баарыбыз эле көрүп атабыз. Бул биздин коомдогу көнүмүш эле көрүнүш болуп калды.

Андан тышкары соттор кабыл алган өкүмдөр эч качан талданбайт, төмөнкү инстанциядагы соттордун чечимдерин андан жогорку соттор жөн эле бузуп коет. Бул башкы себеп жана мыйзамда негизги чаташкан жер ушул. Ошон үчүн айрым мыйзамдарга соттордун жоопкерчилиги жөнүндөгү жобону киргизүү керек. Себеби, соттордун жоопкерчилиги жөнүндө эч бир мыйзамда жазылган эмес. Ошон үчүн каалагандай өкүм чыгарып, ал туура эмес болуп калса дагы жооп бербейт.

Андан тышкары мамлекеттик соттордон тышкары азыркы күндө иштеп жаткан бейтарап соттор менен Аксакалдар соттору чындыгында иштеген жери жок. Алар кабыл алган чечимдер аткарылбайт. Ошон үчүн мамлекеттик бийлик органдары ушул кемтикти жөнгө салышы зарыл.

“Азаттык”: Клара айым, Жогорку Сот тарабынан коррупциялык аракеттери үчүн 11 жылга абакка кесилген экс-мэр Нариман Түлеев 7-майда күтүүсүз жерден эркиндикке чыкты. Буга комментарий берген Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов ал президенттин макулдугусуз чыкмак эмес деп баа берди. Мындай бүтүмгө негиз барбы? Түлеевдин мөөнөтүнөн мурда боштондукка чыгышына жол берген мыйзамдык негиз бар беле?

Клара Сооронкулова: Күтүлбөгөн жерден чыкты деп айткан туура эмес, себеби 2014-2015-жылдары 2011-жылы жарыяланган мунапысты колдонгула деп суранышкан. Ошондо Жогорку Сот карасын, андан кийин мунапыс колдонулушу мүмкүн деп 2015-жылы Бишкек шаардык соту жооп берген. Эми иши каралып бүткөндөн кийин 2011-жылы жарыяланган мунапыстын негизинде мөөнөтү кыскарып жатат.

Түлеев төккөн 61 миллион сом кайда төгүлгөнү, ал бюджетке киргизилдиби же жокпу, бул маалымат бизге белгисиз. Ошон үчүн ал тууралуу маалымат ачык айтылыш керек.

“Азаттык”: Клара айым, Түлеев абактан чыгарылгандан кийин социалдык тармактарда акчалуулар гана абактан чыгып кете алышат экен да, анда соттоонун деле зарылдыгы жок болчу, демек бул окуя Батукаевди чыгарып жибергендей эле соттордун беделине доо кетирген дагы бир чуулгандуу окуя болду деп жазып жатышат. Ушундан улам акчалуулар жеп-ичкенин кайра төлөп берсе эле жазадан кутулат деген көз карашты бекемдейт, ошону менен акчасы жоктордун укугунун басмырланышына түрткү берет деген ойлор негиздүү деп айта алабызбы?

Клара Сооронкулова: Эми чынында бул сөздөрдө кандайдыр бир деңгээлде адилеттик да бар. Анткени сот өзү чечим чыгарарда акчалуулардын тагдырын жеңилдетип, акчасы жокторго көз жумгандай чечимдерди чыгарып берип жаткандыгын баарыбыз эле көрүп атабыз. Бул биздин коомдогу көнүмүш эле көрүнүш болуп калды. Бирок бул жерде мен баса белгилей кетчү эл аралык бир тажрыйба бар. Дүйнө жүзүндө экономикалык кылмыш жасагандар ордун кайра толтуруп берсе жана кылмышы үчүн акча төлөп берсе эркинен ажыратылбайт.

“Азаттык”: Динара айым, сиз сот системасын жакшыртуу боюнча бир топ мониторингдерди жүргүзүп, иликтеп жүргөн адам катары айтсаңыз. Түлеев кымырып байыган деп табылган 61 миллион сомдук байлыгынын 14 миллион сомун накталай акча менен кайтарып бериптир. Калганын кыймылсыз мүлк, үй жана башка жайлар түрүндө бериптир. Алар мамлекеттин казынасына түштү деген ишенимдесизби?

Динара Ошурахунова: Менде да ошондой суроо бар. Түлеев төккөн 61 миллион сом кайда төгүлгөнү, ал бюджетке киргизилдиби же жокпу, бул маалымат бизге белгисиз. Ошон үчүн ал тууралуу маалымат ачык айтылыш керек. Ага карабастан азыр канча мүлкү бар экендигин иликтеп жүргөндөр - кээ бирлери прокуратуранын, айрымдар Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду өзүнө алган деген сөздөрдү айтып жатышат. Буга мамлекет тарабынан так маалымат берилбегендиги түрткү болууда. Бизде сот системасын көзөмөлдөгөн жарандык коом бар, аны менен бирге бюджетке каражат түштүбү, түшсө кайда жумшалгандыгын иликтейбиз.

“Азаттык”: Динара айым, Нариман Түлеевдин мүлкү боюнча камакка алынган Данияр Нарынбаев менен Хажимурат Коркмазовдун сотуна Нариман Түлеевдин чакыртылышы мүмкүнбү? Деги ушул сот процесси кандай аяктайт деген ойдосуз?

Динара Ошурахунова: Мен айта албайм, анткени сот системасы көз каранды. Жогорку бийликте отургандар кандай чечсе, сот ошондой өкүм чыгарары белгилүү. Аны баарыбыз билебиз, буга чейин деле айтып жүргөнбүз. Буга чейин Батукаев деле мунапыс менен бир күндө бошоп кеткен.

Саясий оппоненттер болобу, бийлик өкүлдөрү же депутаттар болобу, эгерде аларга карата сот процесси болсо аларга да карата көз карандысыз, адилеттүү чечим чыгарылат деп ишенбейм.

“Азаттык”: Динара айым, Кыргызстандын вице-премьер-министри Олег Панкратов сот системасынын реформаланбай жатышы экономиканы артка тарткан себептердин бири деп билдирген. Сиздин оюңузча реформа эмне үчүн ишке ашпай жатат? Башкы себеби эмне?

Динара Ошурахунова: Мунун башкы себеби - саясий эрк. Эгер чындап реформа болсун деген саясий эрк болсо аны жүргүзүүгө бизде толук шарт бар. Бирок бийлик тараптан ар кандай басымдар болуп турса эч бир сот көз карандысыз боло албайт.

“Азаттык”: Талкуудан кийин жыйынтыктап айтаар сөз - сот адилеттигин камсыз кылуу үчүн бардык бийлик бутактарында калыстык менен адилеттикти орнотуу жана бардык маселени утурумдук жеке кызыкчылыктан эмес жалпы мамлекеттик кызыкчылыктан чечүү зарылдыгы бышып жетилди деген ойдобуз. Бардык бийлик бутак жетекчилери чечимдерди мыйзам чегинде гана ала турган болсо бардык тармак мыйзамга баш ийе турган кырдаал түзүлөөрүнө шек жок.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG