Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Мунаса комиссиясы: сотторду коркутуу күч алды


Апрель окуясы боюнча сот жараянынан, 2010-жылдын 17-ноябры.
Апрель окуясы боюнча сот жараянынан, 2010-жылдын 17-ноябры.

Кыргызстанда соттор психологиялык жана моралдык кысымга кабылып, өтө оор шартта иштеп жатканы айтылууда.

Бул тууралуу дүйшөмбү күнү cот реформасы боюнча макулдашуу комиссиясынын жыйынында сөз болду. Ага ылайык, судьялардын коопсуздугун коргоону күчөтүп, алардын көз карандысыздыгын арттыруу сунушталууда. Анткен менен бул кадам да соттордун адилет чечим чыгаруусуна кепил боло албайт дегендер да жок эмес.

Соттор коргоого муктажбы?

Жыйында соттордун көз карандысыздыгын камсыздоо маселеси да көтөрүлдү. Комиссиянын төрагасы, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев сотторду көчө террорунан, коркутуулардан коргоо зарылдыгын билдирди:

- Сот ар түрдүү коркутуулардан жана тараптардын көчө террорунан корголушу керек. Ошондой эле алар аткаминерлердин кийлигишүүсүнөн көз каранды болбошу зарыл. Сотто каралып жаткан иш боюнча жазуу түрүндө жана оозеки кайрылууга, же ишарат кылууга, дегеле кандай гана түрүнө болбосун аткаминерлерге жол берилбеши зарыл.

Текебаев сот жараянындагы коркутуу-үркүтүүлөрдөн улам соттор бир тараптуу чечим кабыл алууга мажбур болорун да кошумчалады. Айрыкча июнь окуясы боюнча жүрүп жаткан сот иштеринде тараптар судьяларга кысым көрсөтүп, сот жараяндары өзгөчө оор шарттарда жүрүп жатканы белгиленүүдө.

Андыктан аталган комиссия “Сот аткаруучулар жөнүндөгү” мыйзам долбоорун киргизүү демилгеси менен чыгууда. Ага ылайык, сот аткаруучулар тарабынан судьялар коргоого алынып, алар чыгарган кандай гана чечимдер болбосун сот аткаруучулар аны ишке ашырмакчы. Сот аткаруучуларга кенен ыйгарым укуктарды берүү жагы каралууда.

Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева да өлкөдөгү чоң сот жараяндары сөзсүз нааразычылыктар менен коштолорун белгиледи:

- Мисалы, апрель окуясына окшогон чоң сот процесстери учурунда, анын жыйынтыгы кандай гана болбосун, сотторго нааразы болгондор чыгат. Соттолуп жаткандарды сот кесип жиберсе, анын туугандары, чогуу иштегендер нааразы болот. Анткени айыпталып жаткандар буйрукту гана аткарышкан деп келишүүдө. Ал эми аларды актап жиберсе, жабырлануучулар тарабынан чоң толкундоолор пайда болушу мүмкүн.

Соттор кимге көз каранды

Анткен менен азыркы мыйзамдар деле сотторго толук көз карандысыздык берерин айткандар болууда. “Прецедент” бейөкмөт уюмунун төрагасы Нурбек Токтакунов болсо, сотторду толук көз карандысыз кылуу мүмкүн эместигин белгилеп, судьялар өздөрү жоопкерчиликти алышы керектигин билдирди.

Ал эми “Адам укугу жана демократия” борборунун деректири Идирис Кубатбеков мындай дей:

- Эгер мыйзам боюнча алып карай турган болсок, анда сотторду толук түрдө көз карандысыз деп айтууга болот. А бирок бүгүнкү күндө соттор тууган-туушкандык жана акча жагына көз каранды болуп калып жатат.

Идирис Кубатбеков сотторго карата коркутуулар жана кысым жасоолор укук коргоо органдары тарабынан тыкыр териштирилип, андай фактылар боюнча катуу чаралар көрүлүшү керек деп эсептейт.

Кыргызстанда өткөн жылы башталган сот реформасы жыл аяктап барып, түрдүү карама-каршылыктардын кийин басаңдап калган. Ошондон улам жыл башында сот реформасы боюнча бирдиктүү долбоорду иштеп чыгуу боюнча парламентте макулдашуу комиссиясы түзүлгөн болчу.

XS
SM
MD
LG