Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:08

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов Кумтөрдү улутташтыруу, эл аралык соттордогу Кыргызстанга каршы доо, бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк тыңчы катары таануу тууралуу мыйзам долбоор жана башка маселелер боюнча "Азаттыкка" маек берди.

“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаев Кумтөргө байланыштуу кырдаалды татаал, туңгуюкка кептелип калды деп сыпаттады. Кыргыз өкмөтү “Центерра голд” менен биргелешкен ишкана түзүү боюнча бир жылга жакын убактан бери сүйлөшүп жатат, бирок азырынча натыйжа чыга элек. Олуттуу маселелер боюнча орток пикир табыла электигин моюнуна алууда. Ал арада Кумтөрдү улутташтыруу боюнча мыйзам долбоор коомчулуктун талкуусуна коюлду, өкмөткө жана парламентке жөнөтүлдү. Ушул улутташтыруунун юридикалык жактарын айтып бересизби?

Алмамбет Шыкмаматов: Коомдо Кумтөр боюнча эки ача пикир бар. Бир бөлүгү Кумтөрдү улутташтыруу керек, тарыхый адилеттүүлүктү орнотуу зарыл деп келишет. Азыр кенде казыла элек 1,1 миң тонна алтын бар. Ушуну эми адилетүү бөлүштүрөлү дегендер бар. Ошол эле мезгилде опурталдуу болуп калды, улутташтырууга барсак, карызга белчебизден батабыз, дагы кыйынчылыктарга кептелебиз дегендер да чыгат.

Улутташтыруу боюнча БУУнан атайын декларациясы бар. Бул уюмдун укуктук ченеми боюнча улутташтыруу – ар бир мамлекеттин эгемен укугу болуп эсептелет.

Быйыл февралда Жогорку Кеңеш токтом кабыл алып, өкмөт сунуштаган меморандумду колдоп берген. Ошол меморандумдун негизинде Кумтөр боюнча биргелешкен ишкана тууралуу келишимдин долбоору ушул декабрь айында парламентке жөнөтүлүшү керек болчу. Тилекке каршы, сүйлөшүү процесси өтө татаал болуп жатат. Мындан улам бул сүйлөшүүлөргө “Центерра” кызыкдар эмеспи деген да ой келет. Биз качан сүйлөшөлү, качан жолугалы, меморандумда болгон иш-чараларды качан ишке ашыралы, жаңы бир келишимге кол коелу деп кайрылсак, алар улам бир талапты коюп жатат. Алар бизди экологиялык зыян боюнча дооматтан баш тарткыла, коррупциялык схемалар боюнча далилденген кылмыш ишти токтоткула деген талаптарды коюп жатышат. Ушундай маселелер боюнча кат алышуу, сүйлөшүү абдан узарып кетти. Азыр Кумтөрдө үлүш 67-33 пайыз деп бөлүнгөн схема иштеп жатат да. Мындан улам аларга ушундай шарт абдан ыңгайлуу болуп, жаңы келишимдин кереги жокпу деген да ой кетет. Биз азыр эми маселени кабыргасынан коюп, улутташтырабыз дегендин кийин гана алар кичине активдеше башташты.

Улутташтыруу боюнча БУУнан атайын декларациясы бар. Бул уюмдун укуктук ченеми боюнча улутташтыруу – ар бир мамлекеттин эгемен укугу болуп эсептелет. Улутташтырбоо керек, мындай кылганга болбойт деген эл аралык укуктук ченем жок. Тескерисинче, улутташтыруу ар бир мамлекеттин өз эрки деген эл аралык ченем бар. Ошол ченемге ылайык улутташтырсак, болгону аларга төлөй турган компенсация маселеси гана калат. Бирок компенсация маселеси боюнча да Кыргызстандын аларга койчу дооматтары бар. Мисалы, лицензиясы жок эле 9 тонна алтынды казып алышканы жөнүндө айтып, ошону төлөгүлө десек болот, андан сырткары экологияга өтө чоң зыян келтиришкен. Эл аралык нормада мөңгүлөргө, экологияга зыян тийгизсе чоң айыппул төлөйт деген норма бар. Ошолорду бетке кармап биз дагы укугубузду коргосок болот. Азыр кенде запастын бештен бир бөлүгү гана казылды. Дагы миң тоннадан ашык алтын бар. Эгер биз азыр тарыхый адилеттүүлүктү орнотуп албасак, кийин мындан да кыйын болот. Кийинки муунга уят болбогондой, сөз болбогондой болуп азыр жоопкерчиликти моюнуна алган саясий күчтөр, парламент болобу, аткаруу бийлиги болобу баары биригип, Кумтөр боюнча тарыхый адилеттүүлүктү орнотпосок болбойт.

Кыргызстан эл аралык соттордо укугун коргоого даяр турушу керек

“Азаттык”: Кумтөрдү улутташтыруу тууралуу сөз болгондо эл аралык соттордун чечими менен Кумтөрдөгү Кыргызстандын акцияларынын камакка алынышы жүйө болуп келет. Кыргызстанга каршы азыр эл аралык соттордо канча доо каралып жатат? Сиздердин божомолдоруңуздар боюнча канча доо боюнча оң чечим чыгат? Ушундай абалга кептегени үчүн ким жоопкерчилик тартышы керек?

Кумтөр кени.

Кумтөр кени.

Алмамбет Шыкмаматов: Ушул тушта Кыргызстанга каршы сегиз компания доо коюп жатат. Доонун көлөмү жалпысынан 1,5 миллиард долларга жакын. Ушул сегиз компаниянын дээрлик баары Максим Бакиев, Гуревичтин аркасы менен келген компаниялар. Ушундан улам мамлекеттин улутташтырбай койгонго аргасы жок. Бизде эки гана жол бар болчу: алардын туура эмес кылганын далилдеп туруп улутташтыруу, же болбосо эл аралык соттордон коркуп, доого жыгылабыз деп ошол эле Куттуу-Сайды, "Мегакомду", Жерүйдү эл аралык шылуундарга берип коюу. Эл аралык шылуундардын арты менен сатылган кен байлыктарыбызды эл аралык соттордон коркуп, карматып жибергенибиз да туура эмес болуп калат. Ал да тарыхый катачылык болмок. Ошондуктан тобокелге салып, эл аралык соттордо чырылдап-чыркырап өз укугубузду коргогонго биз даяр турушубуз керек. Алар доо койгон менен сот чечими чыга элек. Азыр “Ак-Кеме” мейманканасы боюнча гана чечим чыкты. Калган иштер боюнча сот процесси жүрүп жатат. Биз сот жараянына катышып коррупциялык схема болгонун, анын айынан кен байлыктарыбызды тарттырып жибере жаздаганыбызды далилдеп, адилеттүүлүк болушун каалап жатканыбызды дүйнөлүк коомчулукка түшүндүрсөк болот.

"Кыргызстанга күчтүү жарандык коом керек"

“Азаттык”: Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк тыңчы катары таануу тууралуу мыйзам долбоор талкуу жаратууда. Сиздердин министрлик мындай мыйзамды кабыл алуу негизсиз деп бүтүм чыгарды. Ушуну чечмелеп айтып бересизби? Президент Алмазбек Атамбаев бейөкмөт уюмдарга көзөмөл болушу керек деген пикирин билдирди.

Алмамбет Шыкмаматов: Кыргызстанда бир эмес эки жолу эл үй - бүлөлүк башкарууга макул болбосун, авторитардык башкаруу коомго сиңбей турганы далилденди. Мунун бирден бир себеби – жарандык коом күчтүү. Жарандык коом күчтүү болгону үчүн элдин аң-сезими жогору болду, демократияга умтулду. Буга тарых күбө.

Жарандык коомдун күчтүү болушу биздин мамлекеттин өнүгүшүнө, демократиялык жолго түшкөнүбүзгө жакшы өбөлгө түзөт. Биз аларды мамлекеттин өнөктөшү катары кабыл алып жатпайбызбы. Жарандык коом билим берүү тармагында иштеп жатат. Мигранттардын укугун коргойт, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча, балдардын, майыптардын укуктарын коргоп жүрүшөт. “Жарандар коррупцияга каршы” деген уюм бар. Ошолордун баарын биз чет өлкөлүк тыңчы катары баалаганыбыз өзүбүздүн жетишкендигибизге балта чабуу менен барабар. Ошондуктан жети өлчөп бир кесишибиз керек.

Жарандык коомду чет өлкөлүк тыңчы катары баалаганыбыз өзүбүздүн жетишкендигибизге балта чабуу менен барабар. Ошондуктан жети өлчөп бир кесишибиз керек.

Ооба, бул маселе жөн жерден чыккан жок. Демократиялык институттарга, жарандык коомго жамынып алып кайсы бир күчтөр конституциялык түзүлүштү солкулдатуу, элди мыйзамсыз жагдайга үгүттөгөн көрүнүштөр бар. Бирок биз аларды азыркы колдонулуп жаткан улуттук коопсуздук боюнча мыйзам менен карап, көзөмөлдөп турсак болот. Жарандык коомдун баарына силер баарыңар зыян келтирип жатасыңар, силердин баарыңар тыңчысыңар деп мамиле кылуу демократиядан артка чегинүү болуп калат. Бул маселеге өтө аяр мамиле керек.

Бейөкмөт уюмдар дагы бардык мамлекеттик уюмдардай эле коомчулукта ачык-айкын болушу керек. Алардын ишмердүүлүгү, каржылоосу ачык болушу зарыл. Бирок биз аны кандай кылып көзөмөлдөйбүз дегенде азыркы сунушталып жаткан мыйзам долбоор кичине туура эмес. Башка мыйзам аркылуу жарандык коомдун ачык-айкындуулугун камсыз кылса болот. Бейөкмөт уюм эле эмес, юридикалык тарап катары катталган саясий партиялар, ар кандай ассоциациялар жана башка коммерциялык эмес уюмдар коомдун алдында ачык болушу керек деген жакшы нерсе. Бирок биз аны орой, одоно түрдө эмес, башка мыйзамдар менен жөнгө салып жетсек болот.

Жарандык коомдун өкүлдөрү өздөрү деле ачык-айкындуулуктан баш тартпай турганын, мамлекеттик органдарга караганда алда канча ачыктыгын айтып жатышат. Ошондуктан бул маселе боюнча жумушчу топ түзүлүп, коомчулук менен акылдашып туруп мыйзамдарды иштеп чыксак болот. Бирок азыркы сунушталып жаткан долбоор туура эмес.

Сот реформасы: СССРден калган каталар

“Азаттык”: Жакында эле Сот реформасы боюнча кеңештин алдындагы жумушчу топ Кылмыш-жаза кодекси баштаган жети жаңы мыйзам долбоор даярдап, талкууга чыгарды. Анын максаты сот адилеттигин камсыздоо, сот чечимдерине нааразылыктарды азайтуу экени айтылды. Ушул маселелерде кептин баары мыйзамдарда, андагы алешемдиктерде болуп жатабы?

Биз азыр уурдагандар, жеңил-желпи кылмыш кылгандар, тоок уурдагандар түрмөдө отурат деп айтып жатпайбызбы. Бул адамдар түрмөдөн тарбияланып деле чыкпайт.

Алмамбет Шыкмаматов: Эгемендик алгандан бери эле сот адилеттигин, анын көз карандысыздыгын камсыздоо максатында сот реформасы жүрүп келет. Бирок жылыштар ойдогудай болбой жатат. Буга чейин жүргүзүлгөн мониторингдин, окумуштуулардын, практик адистердин сунуштары боюнча сот системасындагы проблемаларды ачык-айкын алып чыкканда Жарандык процессуалдык кодексте, Жарандык кодексте, Кылмыш-жаза кодексинде СССРдин убагынан бери өзгөрбөй келген системалуу каталар бар экени аныкталды. Ошолорду оңдойлу, эл аралык стандарттарга төп келтирели деп жатабыз. Беш жумушчу топ түзүлгөн. Эгер бул мыйзам долбоорлор кабыл алынса, бир топ жылыш болот. Биз азыр уурдагандар, жеңил-желпи кылмыш кылгандар, тоок уурдагандар түрмөдө отурат деп айтып жатпайбызбы. Бул адамдар түрмөдөн тарбияланып деле чыкпайт. Тескерисинче, дагы кылмыш кылганга жөндөмдүү, келечектен үмүтүн үзгөн башкача бир коомду тарбиялап жатабыз. Гумандаштыруу деген нерсе аз болгон. Жеңил кылмыш кылгандарды түрмөгө кеспей, бирок кылмыш жообуна тарттырганга мүмкүнчүлүк болушу керек.

“Азаттык”: Ушул теманы улам ювеналдык юстиция, башкача айтканда, жашы жете элек өспүрүмдөрдү кылмыш жообуна тартууну жеңилдетүү маселелери тууралуу сүйлөшсөк. Бул тууралуу көптөн бери сөз болуп, ал тургай ЮНИСЕФ атайын мыйзам долбоор даярдаганга жардам берди эле. Соңку статистикалык маалымат боюнча кылмышка аралашкан өспүрүмдөр саны көбөйүүдө. Эмне себептен ювеналдык юстиция боюнча иштер алга жылбай жатат?

Алмамбет Шыкмаматов: Биз бул маселеге да аяр мамиле кылышыбыз керек. Тажикстан эл аралык келишимдерге кол койдук деп туруп ювеналдык юстиция тууралуу мыйзам кабыл алышкан. Бирок аны турмушка ашыра албай жатат. Анткени көптөгөн иш-чаралар аткарылышы керек. Балдардын иштерин карай турган өзүнчө соттор, прокуратура, акыйкатчы, өзүн өзү башкаруу органдарында адистер болушу абзел. Кылмыш - бул социалдык көйгөй да. СССР убагында өспүрүмдөрдүн колониясы болгон. Ошол жерге отуруп чыккан балдар өмүр бою кылмыштан башы чыкпай калары, уюшма кылмыш топтордун лидерлерине айланары белгилүү болгон. Ошондуктан мамлекет өспүрүмдөрдү, жашоосу эми башталып жаткан балдарды туура жолго салганга кам көрүшү керек. Бала кезинде жолунан бир жолу адашкан адамды кайра тарбиялап, көзөмөлдөп, анын кылмышка барган себебин иликтеши керек. Бул өтө көлөмдүү иш. Буга мамлекеттин капчыгы калың болушу керек. Анан бюджетте акча жок болсо, мыйзам кабыл алган күндө деле ал иштебейт. Бирок келечек, коомчулук, укуктук маданият үчүн ювеналдык юстициянын мааниси чоң, биз буга чоң маани беришибиз керек. Акча жок деп кийинкиге жылдыра берсек, кесепети оор болуп калышы ыктымал.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG