Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:46

Сот тандоо кеңешин шайлоо күзгө калды


Кыргызстанда 100гө жакын судьянын орду бош турат.

Кыргызстанда 100гө жакын судьянын орду бош турат.

Жогорку Кеңеш Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамын шайлоону күзгө калтырды. Эми талапкерлерди тандоо үчүн жаңы сынак жарыяланмакчы.

Парламенттин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитети 30-июнда ушундай чечим кабыл алды. Өткөн аптада Жогорку Соттун төрайымы парламентке кайрылып, жайкы тыныгууга кеткиче Соттор кеңешинин жаңы курамын бекитип берүүнү суранган болчу. Сотторду тандоо кеңеши бир жылдан бери иштебей, натыйжада жер-жерлерде 100гө жакын судьянын орду бош турат.

Парламенттеги Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетинин жыйынында Сотторду тандоо кеңешине көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча талкуу чыкты. Тактап айтканда, мыйзам өзгөрө электе тандалган талапкерлерди шайлоо керекпи, же жаңы мыйзамга ылайык талапкерлерге жаңы сынак жарыялоо шартпы деген маселени тактады. Натыйжада жаңы сынак жарыяланмай болду.

Мындан улам “Республика” фракциясынын депутаты Максат Сабиров буга чейин сунуштаган талапкерлерин чакыртып алганын айтты:

- Буга чейин талапкерлерге башкача талап коюлган. Азыр жаңы мыйзам менен башка талаптар коюлуп жатат. Ал талаптарга так, туура дал келиши үчүн биз сөзсүз түрдө жаңы сынак жарыялашыбыз керек. Мыйзамдагы өзгөртүүлөрдүн негизинде жаңы сынак жарыялабасак анда мыйзамды бузган болуп калабыз. Мына азыр бизге жаңы сынак өткөргөнгө эки ай мөөнөт берип жатат.

Сотторду тандоо кеңешине мурунку юстиция министри Марат Кайыповду оппозициялык “Ата-Журт” фракциясы көрсөткөн. Комитеттин жыйынында анын талапкерлиги боюнча талаш болду. Кайыпов өзүнө айтылган дооматты четке какты жана Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамын шайлоону күзгө калтырууну сынга алды:

- ЖКнын Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Токтогул Туманов мени фракциядан 9 добуш менен өтпөй калган деп айтып жатат. Мен Кудайдан корккон жана мыйзамды сыйлаган кишимин. Эгер мен өтпөй калсам бул жерде отурмак эмесмин. Мыйзамда депутаттардын теңинен көбүнүн эмес, көбүрөөк добуш алган адам өтөт деп турат. Фракцияга шилтегени менен Тумановдуку туура эмес. Анткени оппозициялык азчылык чогулуп жыйын куруп, кеңешке талапкерлерди тандаганда ошол жыйынга катышкан 17 депутаттын баары мага добуш берген. Мага айтылгандардын баары куру жалаа.

Социал-демократтар фракциясы көрсөтүп жаткан талапкерлер арасында Сотторду тандоо кеңешинин мурдагы төрагасы Шамарал Майчиев дагы бар. Бирок айрым депутаттар аталган кеңешке буга чейинки ишинде бир топ калпыстыктарды кетирген, коррупциялык айла-амалдарга жол берген деген доомат койчу.

Майчиевдин пикиринде, Сотторду тандоо кеңеши мүмкүн болушунча ачык-айкын иштеди:

- Бүгүнкү күндө 138 судья шайланды. Анан ошолордун арасынан “мобулар туура эмес шайланды, бул кандайча шайланып калды”, деген суроолор берилиши керек эле. Анан ошолор боюнча бизге “татыктуу эмес судья шайланды” деп конкреттүү күнөө коюшу керек эле. Ушул тушта судьяларды сынга алып жатышат. Бирок биз 138 судьяны гана тандадык. Жалпысынан 447 судьянын орду бар. Биз шайлаган судьялар боюнча конкреттүү күнөө жок. Болгону эле аларды шайлап атканда аларды туура эмс баалагансыңар, туура эмс балл койгонсуңар деп атат. Биздин кеңеш түзүлгөндөн тарта эле ачык иштеди. Биздин сайтта кимге ким кандай добуш бергенинин баары жазылып турат.

Сотторду тандоо кеңешинин ишмердиги мындан бир жыл мурда токтотулган. Буга президент Алмазбек Атамбаевдин аталган кеңеш тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл деген Жогорку Кеңешке кайрылуу каты негиз болгон.

Парламенттеги Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетитинин төрагасы Токтогул Туманов мыйзамдагы өзгөртүүлөргө токтолду:

- Сотторду тандоо кеңеши судьяларды тандап жатканда биринчи айлампада балл коюу системасын киргизип алган. Мыйзам ага жол бербейт. Бул боюнча биз чек коюп, мыйзамга ачык-айкын жазып бердик. Андан сырткары 1, жана 2-айлампадан өткөн талапкерлерди 3-турда себепсиз эле добуш менен өткөрбөй койгон учурлар болгон. Биз добуш берүүну да тыйдык. Алган баллына, тажрыйбасына карап өткөрүү тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргиздик. Биз ошондой эле резерв түзүүнү да карадык. Мисалы кеңешке өткөнгө жетиштүү балл топтогон, бирок орун жок кирбей калган талапкерлер ошол резервде болуп турат. Кийин Сотторду тандоо кеңешине өтүп, бирок кайсы бир себептер менен иштебей калган талапкерлердин ордуна ошол резеревдегилер алынат. Бул дагы сынак өткөрүү, дагы тандоо деген түйшүктөрдү азайтат.

Бул мыйзам долбоорду парламент 25-июнда чукул жагдайда кабыл алган. Президент Алмазбек Атамбаев да эки күндөн кийин эле, 27-июнда кол койгон.

Азыр Кыргызстан боюнча 100го жакын судьянын орду бош турат. Өткөн аптада Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева Жогорку Кеңешке кайрылып, судьялар таңкыстыгынан сотторго кайрылган жарандар жабыркап жатканын айткан. Депутаттардар жайкы эс алууга кеткиче Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамын шайлап берүүнү өтүнгөн болчу. Эми болсо маселе күзгө калды.

XS
SM
MD
LG