Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:02

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БАЙЫРКЫ МУРАСТАРГА КЫЗЫККАН ЮНЕСКО, ЖАШ ТАЛАНТТАРДЫ КҮТТҮРГӨН ЫРЧЫ...


Узап бара жаткан аптанын бейшемби күнү маданиятты өнүктүрүү боюнча малекеттик комиссияда ЮНЕСКОнун маданий мурас бөлүмүнүн мүчөлөрүнүн, Япония элчилигинин, Германия, Италия, Бельгия мамлекеттеринин эл аралык консультанттарынын катышуусунда кеңешме болду. Республиканын шаарларында “Эл ырчысын эл тандайт” аттуу сынак жүрүүдө.

Бейшемби күнү Бишкекте өткөн Улуу Жибек жолундагы Навекат, Суяб жана Баласагын маданий эстеликтерин сактоо боюнча долбоордун илимий консультациялык кенешмесине ЮНЕСКОНнун маданий мурас бөлүмүнүн жетекчиси Френсис Чайлд жана аталган бөлүмдүн кенешчиси Роланд Лин мырзалар келишти. Өкмөттүн алдындагы маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик коммисияда ушул долбоордун алкагында илимий консультативдик кеңешме болуп, ага Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын министрлери, Япония элчилиги, жана Германия, Италия, Бельгия мамлекеттеринин Эл аралык кенешчилери катышышты. Кыргызстанда болгон иш сапарында коноктор Навекат шаарчасында болушуп, тарых музейиндеги , Чүй өрөөнүндөгү табылгалар менен таанышышты.

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Касае Тацухико мырза өз сөзүндө жапон эли менен кыргыз элинин көп жалпылыктары бар, биздин тамырыбыз бир, андыктан Улуу Жибек жолунун кыргыз жеринде жаткан байыркы эстеликтерин изилдеп таануу өтө кызыктуу деген оюн айтты.

Долбоордун негизги максаты – Навекат, Суяб, Баласагын шаарларын изилдеп иликтөө. Бул эски шаарлар байыртадан Улуу Жибек жолундагы Кыргызстандын соода байланыштарын жүргүзүүнүн жана цивилизация менен технологияны таратуунун жолун байланыштырган эң маанилүү шаарлардын бири болгон.

Өкмөттүн алдындагы маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик коммисиянын төрагасы Султан Раев долбоор ишке ашып калса Навекат шаары будда динин туткан элдердин эң бир ыйык жерине айланышы мүмкүн дейт.

- Долбоор ишке ашып калса байыркы Навекат шаары будда динин туткан элдердин эң бир ыйык жерине мекесине айланышы мүмкүн. Ага өзгөчө Кытай, Япония, Корея мамлекеттери кызыгып жатышат. Бул үч шаардын тарыхый-маданий эстелик катары курулушу –Кыргызстанда туризмдин өнүгүшүнө кыйла өбөлгө түзөөрү бышык.

ЮНЕСКО менен кыргыз өкмөтү биргелешип иштеп жаткан долбоордун жыйынтыгында, Улуу Жибек жолундагы бул эстеликтерди ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине киргизүү каралган.

***

Өткөн аптада ырчы Муктар Атаналиевдин демилгеси менен Ысыккөл облусундагы маалымат каражаттарында жаш таланттарды издеген рекламалык роликтер жүгүртүлгөн. Бирок убада боюнча жыйырма биринчи, жыйырма экинчи июлда өтө турган сынак уюштурулбай калгандыктан катышууга келгендер нааразылык менен тарашты.

Талантыбызды сынайбыз деп келген кыздар Каракол шаарындагы областтык драма театрга чогулушуп, алдын ала берилген жарыялардын чакырыгынан улам келгенин айтышты. Алар сынактын уюштуруучуларына жолукмайынча кетпестигин билдиришип, беш саат күтүштү.

Биз, сынактын уюштуруучусу Муктар Атаналиевге кайрылганыбызда, ал учурда Балыкчы шаарында жүргөнүн айтып, конкурстун өтпөй калышынын себебин төмөндөгүчө түшүндүрдү.

- Алардын өздөрүнүн мурдатан белгилеп койгон “ыр кесеси” бар экен. Ошондуктан кароо-сынакты бир күн кийинкиге жылдырдык.

Муктар Атаналиевдин айтымында,“Эл ырчысын эл тандайт” аттуу бул сынак Кочкордо, Жумгалда жана Таласта өтмөкчү. Ал эми жеңүүчүлөрдүн жыйынтык концерти борборубуз Бишкекте өткөрүлөт.
XS
SM
MD
LG