Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

Канатбек Исаев: Референдум өтөт деп ойлойм


Канатбек Исаев
Канатбек Исаев

Конституцияны өзгөртүү демилгесин колдоп жаткан Жогорку Кеңештин беш фракциясынын лидерлери референдум өткөрүү зарылдыгын бекемдешүүдө.

29-августта президент Алмазбек Атамбаев парламенттеги КСДП, “Республика - Ата Журт”, “Бир бол”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын лидерлерин кабыл алган. Сүйлөшүүнүн негизин Баш мыйзамды өзгөртүү маселеси түзгөнүн “Азаттык” радиосуна курган маегинде “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев да бышыктады.

“Азаттык”: Канатбек мырза, мамлекет башчы менен жолугушуунун жыйынтыгында Конституцияны өзгөртүү боюнча коомдук талкууну дагы эки жумага узартуу чечими кабыл алынганы кабарланды. Бирок коомчулукта референдум өтпөшү мүмкүн экени божомолдонуп жатат. Президент менен жолугушуу учурунда ушул маселе көтөрүлдүбү?

Исаев: Жок. Референдум өтөт болушу керек. Анткени, андай деле пикир келишпөөчүлүк жараткан маселелер болгон жок. Жалпысынан, баары эле өзгөртүүлөрдү колдоп жатат. Мурда талкууланып, талаш жараткан маселелерди баары алып салынды.

“Азаттык”: Кандай маселелер жөнүндө сөз болуп жатат?

Исаев: Мисалы, өкмөттү отставкага кетирүү маселесин жалпы депутаттардын үчтөн эки бөлүгү колдошу керектиги айтылып жатпады беле. Эми мурункудай эле, “теңинен көбү” дегенди калтырдык. Конституциялык палатанын ыйгарым укуктарына байланыштуу талаш жаратып жаткан маселелер кайра оңдолду.

“Азаттык”: Референдум өткөрүүнүн болжолдуу датасы талкууландыбы?

Исаев: Эгер бардык жараяндар өз убагында жүрсө, ноябрдын аягында же декабрдын башында өтүп калат го.

«Азаттык»: Фракция лидерлеринин арасында эч кандай талаш жараткан маселелер жокпу?

Исаев: Жок, андай маселе жок. Редакциялык багытта гана сөздөр болгон, сунуштар айтылды. Эки жума ичинде элдин пикирин угуп, саясий күчтөрдүн пикирин билип, анан каралат. Азыр редакциялык жактан айтылып жаткан сунуштар жалпы маанисине таасир деле этпейт.

«Азаттык»: Референдумду колдогон айрым башка фракциялар биз мына мындай сунушту киргизип жатабыз деп айтып жатышат. Ал эми жеке сиздин партияңыз киргизген кандайдыр бир сунуштар барбы?

Исаев: Биз дагы эки-үч сунуш бердик. Анын кээ бирлери кабыл алынды, айрымдары өткөн жок. Бардык сунуштар такталып, анан жалпы талкууга чыгарылды.

Маекти Ырысбек Улукбек уулу жүргүздү.

Канатбек Исаев референдум өтөрүн билдирди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00

XS
SM
MD
LG