Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:11
Студент - бул латын тилинен «талыкпай иштеген же изденүүдө жүргөн адам» деп которулат экен. Азыр Жогорку окуу жайда окуп жаткандардын баарын ушинтип атайбыз. Бирок алардын көбү бул атты алып жүргөнгө татыктуубу деген суроо туулат?

Ал эми өзүм тууралуу айтсам, биз, медиктер түбөлүк студентпиз. Ошол себептүү биздин ишти түшүнгөндөр «Эгер сен врач болом десең, анда өмүр бою студент болууну чечкен турбайсыңбы» деп калышат. Ооба, менин алдымда океандай терең, Гималайдай бийик медицина дүйнөсү турат. Азыркы алып жаткан билимим өзүмө ийне менен кудук казып жаткандай сезилет. Окууга өтүү кыйын, бирок окуп, алдыга кетүү андан да кыйын эмеспи.

Менин күнүм китеп менен башталып, китеп менен бүтөт десем аша чапкандык болбос. Медик-студент уйку дегенди билбейт. Кокус 3-4 саат уктап алсак терибизге батпай сүйүнөбүз. Мен мектепте окуп жүргөн кезде адамдын организми ушунча татаал экенин билген эмесмин. Биринчи курстан баштап буга чындап ынандым.

Врач башканын өмүрү үчүн өзүнүкүн курмандыкка чалат. Башка адамдын жашоосу үчүн күрөшүп жатып, өз ден соолугубуздан ажырап калат экенбиз. Биринчиден, адамдын мээси эс алышы керек. Ал үчүн 8 саат укташың зарыл. А биздин студенттер уйку эмне экенин билишпейт. Экинчиден, китептен, компьютерден башыбыз чыкпайт. Анан көздүн көрүүсү бара-бара начарлайт. Ошондуктан врачтын кѳбү көз айнек тагынат, алардын ичинде мен да бармын.
Түнү бою кирпик какпай, кечке сөөк түзүлүшүн, булчуңдарды жаттап чыгасың. Бир маалда көзүң илинип кетет. Түшүңө ошол сөөктөрдү “чагып” айтып берип жатканың, ал үчүн “беш” алганыңдан бери кирет. Андай күндөрү “эх, ушундай эле болуп калсачы” деп өкүнөсүң. Ал эми кээде ужас кинодогудай өлүкканада жалгыз жүрөсүң. Анда бул түш болуп калганына ыраазы болосуң.


Биз шаарда жайгашкан ар бир оорукана менен таанышпыз. Анткени сабактар башкы корпустан башка ар кайсы ооруканаларда болот. №10 троллейбусту медиктердин троллейбусу деп койсом жаңылышпайм. Бир күнү группалаштар болуп Терапия сабагына шашып, троллейбуста бара жатабыз. Түшөрүбүзгө аз калган. Бир кезде отургандардын ичинен бир аксакал өзүн жаман сезип, кыйналып отурганын көрүп калдык. Ошондо биздин балдар чуркап барып оорукананын замбилин көтөрүп келишти. Аксакалды ага жаткырып, тез жардамга шаша жөнөштү. Кыздар эмне кыларыбызды, кантип жардам берерибизди билбей турабыз. Балдар көтөрүп бараткан кезде, аксакалдын колу шалак дей түштү. Кан тамырдын кагышын, дем алуусун текшерсек, тирүүлүктүн изи жок. Дароо эле жаны үзүлүп кетиптир. Эч кандай жардам көрсөтө албаганыбызга бушайман болгондой сабак учурунда баарыбыз мостоюп отурдук. Келечекте мындай кырдаалдын миңине күбө болушубуз мүмкүн. Бейтаптар айыгып кетиши мүмкүн, өлүп да калышы мүмкүн. Бирок мен бир нерсени билем, врач баары бир акырына чейин ажал менен алышат.

Башка окуу жайдын студенттери сабактан кыйналып жатканын көрүп жинибиз келе берет. Бизде терминдер өтө эле көп. Студент-медиктердин сөздүк запасы 3 чет тилдин сөздүк көлөмүнө барабар. Мисалы, фармакологиядан эле күнүгө бери дегенде 20дан ашык дарынын атын жаттайбыз.

Биз өз жашообузду өзүбүз курабыз. Биздин азыркы аракетибиз - мекенибиздин эртеңки берекети. Эгер азыр студенттер билим, илим алууга умтулуп, жакшы окушса, алардан жакшы кадрлар чыгат. Азыр биздин өлкөбүзгө жаш, өз кесибин мыкты билген, мекен үчүн күйгөн мыкты адамдар керек. Мен келечекте Кыргызстандын медицинасын Германиянын, Израилдин деңгээлиндей кылып өнүктүргүм келет. Ошондуктан бир да күнүмдү текке кетирбегенге аракет кылам. Кечээги күнүмө рахмат айтып, бүгүнкү күнүмө тобоо кылып, эртеңки күнүмдү үмүт менен тосом.

Каныкей Асанбекова, И.К. Ахунбаев атындагы медициналык академиясынын дарылоо факультетинин 2-курсунун студенти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG