Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү кытайлык “Жунда” заводуна 217,7 гектар жер аянтын 49 жылга ижарага берди.

Мындай токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев 31-мартта кол койгон. Экономика министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев аталган жер "Жунда" заводунун өндүрүшүн кеңейтүү максатында берилгенин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Жайыл районунун Ак-Башат айыл аймагындагы 217,7 гектар жер аянты Коргоо министрлигинин карамагындагы аэродром болгон. Сариев кошумча жер аянтынын берилиши боюнча буларды билдирди:

- Аталган жер заводду мындан ары кеңейтүү үчүн берилди. "Жунда" биздин план боюнча келечекте жылына 3 млн. тонна мунай иштетиши керек.

Токтоп турган заводдун эңсегени экспорт

Мындан мурдараак кыргыз өкмөтү "Жунда" заводуна чийки затты Орусия бажы салыгысыз берүүгө макул экендигин жар салган. Мындай макулдашуу кыргыз-орус өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрүндө жетишилген. Темир Сариев "Жунда" заводу ишке кирип Орусия чийки затты пошлинасыз берсе, казынага жылына 150 млн. доллар салык түшөрүн айтууда.
Темир Сариев.

Темир Сариев.

- Эгер биз сырье маселесин чечип алсак, нефтини экспортко да чыгарабыз. Азыр Орусия менен бул жаатта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз буга чейин күйүүчү-майлоочу майларды бажы төлөмүсүз алып келгенбиз. Эми ошону нефтиге алмаштырып алсак, кошумча нарк салыгы бизде калат эле.

Орусиянын чийки затты бажы төлөмүсүз берүү ниетин Кыргызстанды бажы биримдигине эртерээк киргизүү үчүн кызыктыруучу чалма катары баа бергендер да жок эмес.

“Жунданын” экологияга зыяны канчалык?

Деген менен "Жунда" заводу 18-февралда өз ишин убактылуу токтотууга мажбур болгон. Буга жергиликтүү элдин жана экологдордун дембе-дем заводго каршы өткөргөн акциялары себеп болгон. Алар заводдун курулушу бир дагы мыйзамга туура келбей тургандыгын, мунай заводу ишке кирсе, Кара-Балта шаарынын жаратылышына олуттуу зыян болорун какшап келишет. Бул маселени жеринде көтөрүп жүргөн эколог Динара Кутманова "Жунда" заводу жаратылышка Кумтөр сыяктуу эле зыян келтирет деген пикирде. Ал көйгөйү чечилбей жаткан заводго дагы кошумча жер берген өкмөттүн токтомун чекилик деп атады.

- Бул объект шаарда такыр эле курулбашы керек болчу. Эмнеге дагы деле курулуп жатканын эч ким түшүнбөйт. Анткени завод курулуп баштаган 5 жылдан бери эл каршы болуп келет. Мамлекеттик органдар болсо көз жумуп келатат. Бул завод экологиялык, техникалык негиздемелери жок эле курулуп баштаган. Кумтөр сыяктуу эле мыйзамдар көзгө илинген эмес, аягы эмне болору белгисиз.

“Заводдо экологиялык, техникалык мүчүлүштүктөр аныкталды”

Жергиликтүү элдин нааразылыгынын кийин өкмөт мекемелер аралык комиссия түзүп, заводду текшерүүгө алган. Аталган комиссиянын мүчөсү, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчи орунбасары Расул Артыкбаевдин ырасташынча, текшерүүдө экологиялык жана техникалык жактан мүчүлүштүктөр аныкталган.
Кара-Балтадагы мунай заводу.

Кара-Балтадагы мунай заводу.

- Эл заводдон жаман жыт чыгып жатат дегенинен текшерүүнү баштаганбыз. Булар чынында эле чийки затты цистерна менен ташып келип ачык төгүп жиберишкен. Жыт ошондо чыккан. Болбосо чийки затты жабык түрдө төгүш керек болчу. Кудай буюрса комиссиянын жыйынтыгы жакын арада чыгат.

Ал эми “Чайна Петрол Компани” курган “Жунда” заводунун президентинин кеңешчиси Шатман Ботоев завод качан ишке кирерин айта албайт. Бирок заводго чийки зат түтүк менен эмес, цистерна менен ташылгандыктан нефтинин жаман жыты абага тарап кеткенин тана албайт.

- Азыркы заманбап заводдордо сырье түтүктөр менен келгендиктен жыты анчалык сезилбейт. А бизде чийки зат цистерна менен келет. Ошондуктан бир аз жыт чыгып турат. Азырынча экология жагынан да, техникалык жактан да маселелер бар. Ошолорду жоюу боюнча иштер кызуу жүрүп жатат.

Курулушу 2009-жылы башталган "Жунда" заводу жылына 800 миң тонна мунай иштетүүгө ылайыкташкан. Заводдо миңге жакын жумушчу иштесе, алардын 30 пайызын кытай, 70 пайызын жергиликтүү жумушчулар түзөт. Айрым адистер Кыргызстан жылына 1 млн. 200 миң тонна күйүүчү май керектерин эске алып, "Жунда" заводуна өлкө керектөөсүн камсыз кылат деп үмүт артуу эрте экенин баса белгилешет.
  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG