Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Кара-Кечедеги өлүм үчүн эки милиционер соттолду


Чүй облусунун Кемин райондук соту Нарындагы эки милиция кызматкерин ар бирин 15 жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кести. Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошеванын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, экөө тең мындан ары күч түзүмдөрүндө иштөө укугунан да ажыратылды.

2013-жылдын 1-декабрында Кара-Кече көмүр кенинде Чаек айылынын тургуну Айбек Мамбеталиев аттуу жаранга кол салуу болуп, кийин ал ооруканада көз жумган. Бул үчүн айыптуу деп Нарын облустук милициясынын үч кызматкерине кылмыш иш козголгон. Кийин соттук териштирүү учурунда алардын бирөө сот залынан качып, Нарын суусуна түшүп кеткен. Анын сөөгү кийин табылган.

Милиционерлердин тарапкерлери Бишкекте эки жолу өткөрүлгөн соттук-медициналык экспертизанын тыянагы боюнча Мамбеталиев ур-токмоктон эмес, өзү өлгөнү жазылганын айтып чыгышкан. Эми алардын Кемин сотунун өкүмүнө карата облустук сотко доо арыз жазуу укугу бар. (RK)

XS
SM
MD
LG