Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:37

Кыргыз өкмөтү Кара-Кече көмүр кенинде жылуулук электр борборун куруу долбоорун тездетүүгө киришти.

Премьер-министр Темир Сариев союз кезинен бери демилгеленип, бирок ишке ашпай келаткан Кара-Кече кенин комплекстүү иштетүү планын кайрадан күн тартибине чыгарды. Ал конкурска байланышкан уюштуруу иштерин төрт күн ичинде бүткөрүүнү 6-октябрда тиешелүү тармактарга тапшырды:

- Кара-Кечеге жылуулук борборун куруу көп жылдан бери айтылып келет. Убагында темир жолдун долбоорун Турдакун Усубалиевич дагы элдик демилге менен Кочкорго чейин салабыз деп токтоп калган. Мына ушуну быйыл тендерге коюп эмки жылы баштайбыз.

Энергетика министри Кубанычбек Турдубаевдин айтымында, казып алынган көмүр бир гана Кара-Кече жылуулук борборун эле эмес, Бишкек ТЭЦин жана мамлекеттик мекемелерди да жабдышы керек.

- Тендерге биз эң маанилүү талаптарды киргиздик. Анын ичинде Кара-Кече көмүр кенинде жылына 3,3 млн. тонна көмүр казып алынышы керек. Анын ичинен Бишкек ТЭЦине 1 млн. тонна, Кара-Кече ТЭСине 1,8 млн. тонна деп караштырып атабыз.

Өкмөт бул дымагы ишке ашса, Кара-Кече долбоору эмки жылы Балыкчы-Кара-Кече темир жолун куруудан башталып, он миңдеген жумуш орун түзүлөрүн да убада кылууда.

Кара-Кече жылуулук станциясынын курулушуна жалпысынан 1 млрд. 200 млн. АКШ доллары жумшалары эсептелип чыккан. Ушул жылдын жазында президент Атамбаевдин Европага жасаган сапарында Германия долбоорду каржылоого кызыкдар экенин билдирген. Ушул өңдүү ниеттерге үмүт арткан кыргыз өкмөтү Кара-Кече курулушунун шарттарын аныктап, инвесторлорго өз долбоорун сунуштоону көздөөдө. Өкмөт мекемелер аралык конкурстук комиссиянын жардамы менен сынактын шарттарын даярдап чыкса, кызыкдар компаниялар арасында тендер өткөрүлмөкчү.

Тогуз компаниянын сегизи Кытайдыкы

Буга чейин вице-премьер-министр Валерий Диль Кара-Кече жылуулук борборун курууга тогуз компания арыз бергенин, анын ичинде кытай компаниялары басымдуу экенин маалымдаган. Энергетика жаатындагы эксперт Эрнест Карыбеков эгемендүүлүк жылдарынан бери тынбай демилгеленип, бирок ордунан жылбай келаткан Кара-Кече долбооруна азыркы өкмөттүн кудурети жетерине деле ишеним артпайт:

- Биринчиден, өкмөттүн Кара-Кечени курууга каражаты жок, экинчиден, тышкы карызыбыз ички дүң продукциянын 68% түзүп атат, бул деген дефолтко жакындап баратабыз дегенди билдирет. Мындай абалда эл аралык валюталык фонддор бизге насыя бербейт. Ошондуктан инвесторлордун колуна бериш керек же биргелешкен ишкана түзүү зарыл. Кытайлыктар насыяны бере турган болсо, өз ишкерлери жана тетиктери менен куруу талабын коюшат. Бирок кытайдын технолгиясы бизге жарабайт. Бишкек ТЭЦин реконструкция кылып атышат, көрөсүңөр кандай нааразылык жакынкы жылдарда чыгарын.

Дагы бир эксперт Мырзатай Султаналиевди экологиялык маселелер көбүрөөк тынчсыздандырып турат:

- Көмүр жанында болгондуктан, тез курулат. Ылдамдатса, эки жылда эле куруп койсо болот. Ошол эле учурда салыштырмалуу ГЭСтин курулушу орто эсеп менен 6-7 жылга чейин созулат. Элге дагы жумуш орду түзүлүп атат. Бирок жаратылышка биз зыяны тиет деп жатпайбызбы, ошондуктан жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.

Кыргыз өкмөтү 2020-жылга чейин ишке киргизүүнү мерчемдеп жаткан Кара-Кече жылуулук станциясынын курулушун бүткөрүү өлкөнү 2013-2017-жылдарда туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияда да камтылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG