Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:05

Кара-Сууда дүрбөлөң, Адина кайда?


Кыздын жоголушуна байланыштуу имиштер чыкканы мечиттерде балдарга сак болуу тууралуу чакырык айтыла баштады. Кара-Суу районундагы мечит.
Кыздын жоголушуна байланыштуу имиштер чыкканы мечиттерде балдарга сак болуу тууралуу чакырык айтыла баштады. Кара-Суу районундагы мечит.

Кара-Суу районунда сегиз жаштагы Икрамжон кызы Адина үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Бул аралыкта райондо секелек кыздар уурдалып жатат деген ар кыл имиштер айтылууда.

Кара-Суу районунун Киров айылында жашаган Раимжановдордун үй-бүлөсүндө 15 күндөн бери тынчтык жок. Алардын 8 жаштагы кызы Адина 4-августта жоголгон бойдон дайыны чыкпай жатат. Адинанын атасы Икрамжан Раимжанов кызын милиция менен кошо издеп, бирок, майнап чыгара албай жатканын айтты:

- Кызым Адина көчөгө ойноп чыккан бойдон кайтып келген жок. Ошол күнү кечке издеп таппай, анан милицияга кайрылганбыз. Ноокат, Араван, Кара-Суунун эл көп жүргөн жерлерине кызымдын сүрөттөрүн чаптап чыктык. Натыйжа жок. Эми дагы каяктан издешти билбей турабыз.

Икрамжон кызы Адина
Икрамжон кызы Адина

Бул арада Адинанын жоголушу аймакта түрдүү имиштерге жем таштады. Айрыкча балдардын ички органдарын сатып алууга кызыккандар чыгыптыр деген имишке ишенгендер да аз эмес.

Бирок мындай кеп чындыкка коошпогон айың экенин Кара-Суу РИИБнин башчысынын орунбасары Эрмекбай Өмүрбеков айтты:

- Жаш кыздын органдары алынган денеси табылды деген бир дагы факты бизде катталган эмес. Бул сөздөрдүн баары имиш. Андай айыңдын чыгышына Киров айылынан 8 жаштагы Икрамжан кызы Адинанын жоголуп кеткени себеп болду. Кыз азыр табыла элек. Издөө иштери уланып жатат.

Икрамжан Раимжанов да өз кызы тууралуу мындай ооз ачырган имиштердин кайдан чыкканын билбей, таң калып жатканын айтып, кызын табарына үмүтү зор.

Имиштер чыкканы эми мечиттерде да балдарга сак болуу тууралуу чакырыктар айтыла баштады. Кара-Суудагы "Базар башы" мечитинин Ахунбай аттуу кызматкери элге кулактандыруу жасаганга аргасыз болгонун мындайча түшүндүрдү:

- Бул сөздөрдүн баары имиш. Бирок ал элге тарап кетти. Мындан улам биз дагы жалган-чынына карабай ата-энелерди балдарына сак болууга чакырууга аргасыз болуп атабыз.

Жергиликтүүлөрдүн маанайына караганда эл арасында дүрбөлөңдүн чыгышына милицияга ишенимдин аздыгы, издөө иштеринин солгундугу да себепкер болуп жаткандай.

Расмий маалыматтар боюнча Ош облусунда акыркы жети айда 34 бала дайынсыз жоголгон болсо, алардын көбү бир апта аралыгында табылган.

XS
SM
MD
LG