Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:30

Каракол: кооптондурган жазуулар


Караколдун чок ортосунда жайгашкан үч кабаттуу “Факир” кафеси.

Караколдун чок ортосунда жайгашкан үч кабаттуу “Факир” кафеси.

Каракол шаарында улуттар аралык араздашуу болот деп тынчсызданууга негиз жок. Жергиликтүү расмий бийлик коомчулукту ушинтип ынандырып жатат.

Бул аралыкта улуттук азчылыктын айрым өкүлдөрү акыркы окуя ынтымакта жашап келаткан көп улуттуу калктын ынак мамилесин салкындатып койду деп жатышат. 7-декабрда Каракол шаарындагы бир топ имараттардын дубалдарында, айнектеринде улуттарды кайраштырган жазуулар пайда болгон эле.

Караколдун чок ортосунда жайгашкан үч кабаттуу “Факир” кафеси 7-декабрга чейин шаардыктарды жана конокторду даамдуу тамактары менен тейлеп келаткан ири ашканалардын бири катары белгилүү болчу.

7-декабрда анын дубалдарына, терезелерине белгисиз бирөөлөр өзбек, уйгур улутундагы тургундарды опузалаган сөздөрдү кара сыр менен жазып кетишиптир. “Факир” кафесине өзбек үй-бүлө ээлик кылат экен.

“Азаттыктын” кабарчысы менен жолукканда Захида кожойке жүрөктү опкоолжуткан мындай түрү суук жазуулардын пайда болгонуна азыр да ишенбей жатканын айтты:

- Улуттар арасында жаңжалдар айрыкча Ысык-Көлдө эч качан болгон эмес. Улуттар ортосунда тополоң кылайын деп атайын бирөөлөр келгенби деп да ойлойт экенсиң. Биздикилер, биздин эл антпейт, бардыгы ак жүрөк адамдар.

Захиданы өзгөчө “21-декабрда бирди көрөсүңөр” деген кыяздагы опуза кооптондуруп турат:

- Жыйырма биринде эмне болот деп күтүп, эмне капсалаңы болуп кетет деп эле отурабыз. Чынын айтканда өзүңдүн бизнесиң үчүн, балдарың үчүн санааркайт экенсиң.

Эл тилеги тынчтык

6-декабрдын түнүндө опуза жазууларды жалгыз эле “Факир” кафесине эмес, уйгур, өзбек улутундагы жарандар иштеген, ээлик кылган имараттардын бир тобуна жазып кетишкен экен. Алардын бири “Зарина” кафеси. Анын ээси, уйгур улутунун өкүлү Жанна Захидадан айырмаланып бул окуяны олуттуу деп деле ойлогон жери жок:

- Билесизби, ал күнү чынында эле 18-20 жаштагы өтө көп жаш балдар жүрүшкөн. Алар мас болчу. Шаардыктарга окшобогон, айылдан келген балдар өңдөнгөн. Мен деле ал күнү ошол өңдүү балдар тентектик кылып коюшса керек деп ойлодум.

“Зарина” кафеси
Демейде улуттар аралык араздашууну боюна жуутпаган караколдуктар азыр эми ар кандай түкшүмөлдөр менен баш оорутуп турган чагы. Маселен, шаардык такси айдоочулардын бири элди козуткан үчүнчү күч болушу мүмкүн деп боолгойт.

Ал эми дунган улутундагы соодагер Фарид Ош окуясын уюштургандар Ысык-Көлдө да жаңжал чыгаргысы келип жатат деген ишенимде:

- Алар эми Ысык-Көлдө да улуттар арасында жаңжал чыгарууга аракет кылып атышат. Бул биздин кызыкчылыгыбыздагы иш эмес. Өлкө ынтымакта жашашы керек. Биз митингдерди каалабайбыз.

“Азаттыктын” сурамжылоолоруна караганда жергиликтүү эл арасында жазуу жүзүндөгү опузалар тууралуу беймаалым тургундар сейрек. Ага жараша улуттар аралык араздашууга түрткөн бул жазуулардын артында бийлик талашкан саясий күчтөр же диний-экстремисттик күчтөр, болбосо сырткы күчтөр турушу мүмкүн, алар аракеттерин андан ары да улантышы ыктымал деген өңдүү жоромолдорду жоругандар да кыйла экен. Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев болсо мындай кооптонууга негиз жок деп ишендирди:

- Жок, андай болбойт. Жазып кетип атышпайбы “Сарттарга өлүм” деп. Караколдо. Ошто деле жазып кетип атышат. Токмокто кээ бир жерлерде жазуулар болуп атат. Буга түрткү берген кишилер бар арасында. Бирок десант түшүп, боевиктер келип, согуш ачып ийет экен деген туура эмес эле. Бардыгы көзөмөлүбүздө турат.

Кооптонууга негиз жок...пу?

Анткен менен Ош окуясынан калктын үрөйү учуп турган убакта Караколдун соода жайларында пайда болгон опуза жазуулар аз улуттардын айрым өкүлдөрүнө психологиялык басым катары тийип жатканы байкалат. Фарид азыр кыргыз тилдүүлөр арасында ким кайсы улуттан экендигин ачык эле териштиргендер пайда болгонун айтат. Ал эми Мавлян:

- Мобул окуядан кийин мамилелер мурдагыдай болбой калды. Мамилелер психологиялык өзгөрүүгө тушукту. Мурдагыдай ынак болбой калышты. Бул окуя таасир этпей кое алган жок.

Ысык-Көл облусунун администрациясы
Бул аралыкта бийлик өкүлдөрү улуттар аралык араздашууга Караколдо жол берилбестигин, ага негиз болуучу себептер да жок экендигин айтып жатышат. Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары Мухамбет Асаналиев аз улуттарда кооптонуу Ош окуясынын учурунда болгондугун айтат. Азыркы учурду ал кезге салыштырып болбойт. Калктын көпчүлүгү буга өзгөчө деле маани берген жери жок. Анын үстүнө буга облустук бийлик катуу көзөмөлгө алып, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат дейт облустук бийлик өкүлү:

- Улуттар аралык ушак-айыңдар боюнча кооптоно турган эч кандай негиз жок. Бул жөн эле бейбаштык. Бейбаштардын эле кылганы.

Ички иштер министрлигинин облустук башкармалыгынын маалыматы боюнча 7-декабрда Каракол шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү айрым имараттарда, базарда пайда болгон улуттук араздашууга түрткөн жазуулар боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүп жатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG