Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:22

“Таалай акем үйлөнүптүр” деген кабар айылга "дуу" дей түштү. Кыздар жеңе жандап, көшөгө ичинде топ таш ойноп жатса, боз уландар улам бири сонуркап карап кетип... Кичинекей айыл заматта шаан-шөкөткө бөлөнүп, көркүнө чыга түштү. “Өтө сулуу экен, өзбек дешет” деген күбүр-шыбыр угулуп жатты. Бир убакта бойго жетип калган акем “Таалай акемдин аялы итти дагы "кетиңиз” дейт экен" деп күлүп калды. Көрсө атасы кыргыз, апасы өзбек улутундагы жаңы жеңебиз ноокаттыктардын салты боюнча жаңы төрөлгөн балага да "сиз" деп кайрылчу тура...

Дагы бир тууганыбыз үйлөнгөн жылы экинчи бир тууганыбыз баласын сүннөткө отургузат. Үйдүн ээси эмне максатты көздөгөнү белгисиз, наристенин кесилген этин “жаңы келинге” жедирип коюптур. “Сагызга окшош катуу турбайбы деп, бир күнү кечке чайнап жүргөнүмдү айтсаң” деп эстеген сайын күлүп калчу жеңебиз. Албетте билбегенге күлкү, билгенге адамдык түшүнүктүн жеткен чеги. Келинге болгон аёосуз, түркөй шылдың.

Биздин элде келинге карата бөтөнчө сын көз бар. Турмушка чыккандан кийин көпчүлүк келиндердин өз ысымы унутулуп, “ай, келин” атка конот. Келген күндөн тартып, ар кандай сыноого тушугуп, турмуштун чоң соккусуна кабылат. Андан аркы жашоосу ошол сындан өткөн-өтпөгөнүнөн көз каранды. Кайын-журт үчүн “келин келди -“күң” келди”. Ал баарына чыдаш керек. Сөзгө да, жумушка да. Чыдап жүрүп кыркка жеткиче тиши түшүп, оорукчан болуп калса да мейли, чыдаш керек!

“Бу да бирөөнүн баласы, алдап-соолап боорубузга тарталы, бүлө болуп кетсин” деген көз караш көпчүлүк үй-бүлөгө жат. Жаңы үйлөнгөн жигит кокус ата-эне көзүнчө жаш келинчекке жылуу сүйлөп койду дегиче балээге калат. “Ии, эмитен көзүн карап калган го" деген какшык зырылдап, аялды кантип тарбиялоо керектиги тууралуу дарс окула баштайт. “Балам алганы менен бактылуу жашап кетсин, ушулардын убайын көрөйүн” деп уул-келинге үйрүлүп түшкөн апалар бизде азыраак. Анын ордуна “жубарымбек үйлөнгөнү мага бой салбай калды, аялын менден артык көрөт” деген сөздү көбүрөөк угасың.

Келин болуу азабы аялдын бетпардасын бат эле сыйрып алат экен. Адам темир эмес да. Чыдаган чыдайт, чыдабаган бир күнү жарылат. Жаман мүнөзү, жаман тили чыгат. Кайнене-келин ортосунда ошентип ажырым пайда болот, көңүл сууйт. “Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат” деген макал мына ошондон калган. Бөтөн босого, тааныш эмес жүздөр, ар бир кыймылыңды жаза кетирбей тикирейген каректер... Таңдан кечке бүтпөгөн тирлик, кимиси эмне деп жиберет деп жазгануу, кайнене сумсайса эмнеден жаздым деп күнү кечке кыжаалат болуу. Деги койчу, акырын бассаң аксаксың, катуу бассаң таскаксың. Ар бир кыймылың, сөзүң эсепке алынып, эртеси өзүңө муш болуп тийет. Көпчүлүк айымдарга мындай сезимдер тааныш болсо керек.

Келинге болгон мамиле, жазылбаган мыйзам ар бир аймакта ар башка. Ош жактын чөл тарабына түшкөн келин үрүң-бараңда туруп, бүт короону шыпырып чыгууга милдеттүү... Көлгө барган келин карыганча кайын-журтка жүгүнсө, Таласка түшкөн келин үйдө да, талаада да чарчабаган дулдул болушу керек. Антпедиң дегиче бүттү, "бошолоң" атка конуп, башыңа таяк ойнойт. Нарында деле ушул, бир жагыңан ыйлаган балаңды сооротуп, экинчи жагыңан малыңды жайгарып. Ал эми күйөө сөрөйлөр чылымды чычайта тиштеп, түшкө жетпей кызуу болуп келгенине корстон.

Баса келиндин дагы бир парзы, барган жериңдин тууган-уругун билип чыгышың керек. Баштан-аяк тергеп, өз атың кайнене менен кайнеженикине окшош болуп калса ысымыңды өзгөртүп, деги койчу, мындай чоркок мыйзамдар кимге керек эле? Үй-бүлө өтө назик мамиледен тураарын, кээде аны ушул кагазга жазылбаган мыйзамдар түбөлүккө кыйратарын качан түшүнөбүз? Андан көрө ушул оор заманда эки жаштын түтүн булатып кетүүсүнө шарт түзүп, акыл-насаат айтсак, канча деген чакан мамлекетти сактап калмакпыз.

Жана айткан Таалай акемдин аялы азыр очор-бачар, неберелүү болгон. Жеңем чын эле сулуу болчу. Апакай жүзүнө жарашкан кызыл жоолугу, жылтылдаган атлас көйнөгү, кайнагасынын алты айлык баласын алдына отургузуп алып, “бутуңузду тартпаңыз” деп байпагын кийигизип аткан учуру көз алдымда калыптыр...


Прага, 2013-жыл

  • 16x9 Image

    Карамат Токтобаева

    1998-жылы КМУУнун журналистика факультетин аяктап, 1997-2003-жылы “Асаба”, “Агым” гезиттеринде эмгектенген. Баткен окуясында курман болгондорго арналган “Жоокерлер кушка айланып учуп жүрөт” аттуу эскерүү китептин автору. "Азаттыктын" блоггери, Прага шаарында жашайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG