Линктер

Алматы-Астана унаа жолунда 23-июнда болгон кырсыктан беш кыргызстандык каза тапты.

Алардын төртөө бала, бирөө аял экенин Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Дагы беш киши түрдүү жаракат менен Приозерск шаарындагы ооруканага жеткирилген.

Министрликтен билдиришкендей, Алматы облусунун Жамбыл районунда болгон жол кырсыгынан каза тапкан беш адамдын ким экени такталды. 23-июнда алардын сөөктөрү Жамбыл районунун Узынагаш ооруканасына жеткирилген. Кыргызстандын төрт жараны ар кандай жаракат менен ооруканага түштү. Арасында айдоочу да бар.

Каза тапкандар:

1. Махамадалиев Исламжон Исраилжанович, 2002-жылы туулган;

2. Махамадалиев Илёсбек Исраилжанович, 2007-жылы туулган;

3. Махамадалиев Ибрахимжон Исраилжанович, 2003-жылы туулган;

4. Алишерова Нурсулуу Базарбаевна, 1982-жылы туулган.;

5. Тойчиева Албина, 2002-жылы туулган.

Караганда облусунун Приозерск шаардык ооруканасына түшкөндөр:

1. Казыбеков Ислам Жолонович, 1978-жылы туулган. Ош облусунун Кара-Суу районунун Правда айылынын тургуну.

2. Мамыталиев Муктарбек Жээналиевич, 1987-жылы туулган. Аксы районунун Авлетим айылынын тургуну.

3. Бердибай уулу Керээз, Базар-Коргон районунун тургуну.

4. Ошондой эле 1980-жылы туулган айдоочу Махамадалиев Исраилжан Ахмадалиевич Балхаш шаардык ооруканасында жатат. Ал жол кырсыкта каза тапкан үч баланын атасы.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын мамлекеттик номери тагылган Mercedes Vito микроавтобусу менен жүргүнчүлөрдү ташып бараткан Setra автобусу кагылышып кеткен.

Окуяны Жамбыл райондук милициясы иликтеп жатат. Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугу жабыркагандарга тийиштүү жардам берүү жагын уюштурууда.

2015-жылы да Жамбыл облусунда “Газель” микроавтобусу авария болуп, 16 адам каза болгон эле. Алардын 15и кыргызстандыктар болгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG