Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:07

Бишкекте тергөө абагында жаткан казакстандык укук коргоочу Александр Осадченко Кыргызстандан саясий башпаанек берүүнү суранып, президентке кайрылды.

Укук коргоочунун жактоочулары Осадченко өз мекенинде Жаңы-Өзөн окуясы боюнча маалыматтарды тараткандыгы үчүн кысымга алынып, башка бир жасалма кылмыш иши менен куугунтукталганын белгилешүүдө.

Ошондой эле укук коргоочунун расмий өкүлү менен жактоочусу башында казакстандык изкубарлар Осадченкону Бишкекте мыйзамсыз кармашканын жана бул нерсеге жергиликтүү милиция менен прокуратура көз жумуп коюшканын айтып чыгышты.

Кыргызстандын тартип коргоо органдары азырынча бул боюнча расмий комментарий берише элек.

Саясий куугунтук дешет

Казакстандык укук коргоочу Александр Осадченко 10-июнда Бишкектеги борбордук көчөлөрдүн биринен казакстандык белгисиз из кубарлар тарабынан кармалган. Осадченконун расмий өкүлү Ксения Филимонованын айтымында, алар укук коргоочуну Казакстанга жашыруун алып кетүүгө аракеттенишип, бирок ага окуянын күбөлөрү кийлигишип, милицияга кабарлашкан.

Милиция териштирүү учурунда Осадченконун өз мекенинде кылмыш иши бар деген негиз менен аны камакка алууга соттон уруксат сураган. Мына ошондон бери тергөө абагында отурган Осадченконун кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча суроого анын жактоочулары азыркыга чейин жооп алыша элек.

Жаңы-Өзөн окуясы боюнча соттон бир көрүнүш, 27-март, 2012

Жаңы-Өзөн окуясы боюнча соттон бир көрүнүш, 27-март, 2012

Казакстандык укук коргоочунун расмий өкүлү Ксения Филимонова Осадченко Казакстанга кайтарылса, ал кыйноого алынышы мүмкүн экендигин белгиледи:

- Кечээ Александр Осадченко Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин наамына саясий башпаанек берүү талабы менен кайрылуу жолдоду. Анда ал Казакстандагы укук коргоочулук ишмердиги үчүн куугунтукталып жатканын жазган. Ошондой эле ал ага каршы жасалма кылмыш иши токулгандыктан Кыргызстанда калууга уруксат берүүнү сурады. Аны күч менен Кыргызстандан чыгарып кетүүгө аракет болгону да белгиленген.

Александр Осадченкого Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин алдамчылык беренеси боюнча иш козголгон. Муну жасалма токулган кылмыш иши деп ынандырган анын жактоочулары Осадченко Казакстандагы Жаңы-Өзөн окуясы боюнча маалыматтарды билгендиктен ага саясий куугунтук болуп жатат деп эсептешет.

Осадченконун жактоочусу Елена Ткачева кадимки жарандык иш кылмыш ишине айлаганын белгиледи:

- Ал Казакстанда мына ошол жарандык иш боюнча күбө катары суралып жаткан. Күбө катары суралгандыктан ал май айында Бишкекке ачык эле чек арадан өтүп келген. Бул жерден аны жашыруун кармап кетүү оңунан чыкпай калгандыктан алар эми бул жактагы тартип коргоо органдары аркылуу жарандык ишти кылмыш иши катары караган тергөөчүнүн токтомунун негизинде аракеттенишүүдө.

Кыргыз бийлиги үн ката элек

Осадченконун Бишкекте кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы комментарий берүүдөн баш тартты. Ошондой эле аны Казакстанга кайтаруу маселеси боюнча прокуратура органдарында азырынча эч кандай маалымат жок экендиги кабарланды.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ал жетектеген мекемеге казакстандык жарандын саясий башпаанек берүү талабы менен кайрылуусу түшпөгөнүн айтты:

- Бизге бул боюнча кайрылуу түшкөн жок. Эгерде ошондой кайрылуу менен кайсы бир мамлекеттин жараны кайрылса, ал канчалык деңгээлде негиздүү экендигин тиешелүү органдар аркылуу текшерип көрөбүз. Кайрылууну кабыл алуунун жана аны кароонун атайын тартиби бар.

Адатта саясий башпаанек суроонун эрежесине ылайык, качып келген чет элдик жаран мына ошол мамлекеттин миграция боюнча органдарына кайрылат. Бирок мында түз эле президенттин наамына башпаанек берүү өтүнүчү менен кайрылуу түшүп жатышында айрым адистер кандайдыр бир саясат бар деп түкшүмөлдөшөт. Талдоочу Эдил Байсалов башпаанек алууга муктаж адам кайрылуунун башка жолдорун деле таба алмак деген ойдо:

- Мында маалымат жыйыны аркылуу жер жүзүнө жарыя кылбастан эле канчалаган жарандар башпаанек сурап жатышат. Эми саясий башпаанек сураган учурда деле ал маселе боюнча кайрылуунун башка деле жолдору толтура болчу. Мисалы, Кыргызстанда БУУнун качкындар боюнча комиссарлыгынын өкүлчүлүгү бар. Мына ошол жакка кайрылып, анан Кыргызстандын миграция боюнча органдары аркылуу ал маселени чечсе болмок. Бирок президенттин дарегине түз кайрылып, башпаанек суроонун артында кандайдыр бир максат болушу да мүмкүн.

“Азаттыктын” Казак кызматынын маалыматына караганда, буга чейин да Жаңы-Өзөн окуясы боюнча кылмышка шектелген коомдук активисттерди жана укук коргоочуларды Казакстандын атайын кызматы Кыргызстандын аймагынан кармап кеткен учурлар катталган.

Кишинев конвенциясына ылайык бир өлкөнүн аймагында башка бир мамлекеттин тартип коргоо органдары өз алдынча кылмышка шектүүлөрдү кармоого акысы жок. Мындай иш-чаралар эки тараптын расмий макулдашуусунун негизинде ошол жердеги өлкөнүн милиция же коопсуздук органдары тарабынан гана жүрөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG