Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:44

Рыскулов: Элдик дипломатия чек ара ачат


Кыргыз-казак чегиндеги чек ара бекети.

Кыргыз-казак чегиндеги чек ара бекети.

Кыргыз эл акыны, Казакстандагы мурдагы кыргыз элчиси Акбар Рыскулов чек ара маселелерин чечүүдө элдик дипломатиянын үлгүлөрүн колдонуу зарыл деп эсептейт.

- Кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө негизинен карапайым калк кыйналып жаткан экен. Бир топ жөө басып, эки-үч саат күтүп дегендей. Сиз өзүңүз бир жылдары Казакстанда элчи болуп турдуңуз, чыгармачыл адамдары менен байланышыңыз бар, өткөн жылы эле Казакстандан сыйлык алып келдиңиз. Акыркы жолу чек арадан качан, кантип өттүңүз эле? Төбөсү көрүнгөн адамдар деле ушундай кыйынчылыктарга дуушар болобу?

- Таластагы кабарчыңыздардын айтканын угуп зээним кейип атат. Мен өзүм кийинки учурларда республикабыздан алыс чыкпай калдым. Ал эми акыркы ирээт былтыр сентябрь айында бардым. Ошондо жазма акындардын жарышы өтүп, ошого барып келгем. Андан кийин так эсимде жок, октябрь-ноябрь айында Астанага барып келдим иштер менен. Жакындан бери каттай элекмин.

- Чек арадан кантип өттүңүз эле, узак убакыт күттүңүз беле?

- Жок, чек арадан кадимки карапайым адамдар менен өткөм. Ал кезде эч кандай кыйынчылыкты, көбүрөөк кармап коюуну сезген эмесмин.

Эми элчи катары Алматыда да, Астана шаарында да Кыргыз элчилигин ачуу салтанатын өткөргөм. Экөөндө тең эки мамлекеттин башчылары катышкан.

Айрыкча Астанадагы элчиликти ачканыбыз эсимден кетпейт. Анткени биз кыргыз калкынын улуу көчүн коштоп барган элек. Алгачкы дипломатиялык миссия болгонбуз. Казактын көк туусу менен, биздин кырмызы-кызыл желегибиз бир учурда желбиреген.

Эми эки өлкөнүн элчиликтеринин майрамы жыл сайын туш келе турган болуп калды. Бул жакшы деп ойлойм. Ошондо биздин убакта көп маселелер, көйгөйлүү маселелер өз маалында, убагында чечилип калчу эле. Түшүнүшүү, биргелешип иштешүү жакшы болчу. Анан да Астананын курулушунун өзү, кең талаада курулган жаңы шаар болду да жомок сыяктуу. Азыркылар барып суктанып келип атпайбы. Мен башында аралашып жүрүп, күбө болуп калдым. Ошондо мындай ыр саптарым бар экен, окуп берейинчи:

Аксарбашыл батаң бер, ырысың бер,
Астанадан берилди бир үзүм жер.
Көч баштады кыргыздын элчилиги,
Көч коштоду украин, грузиндер.

Жаңы тирилик орноду жаш калаада,
Жаш да болсо ордолуу баш калаада.
Гамаржоба дейт элчи Гагаладзе,
Ассолому десем мен Астанада.

Жаңылыкты жар салып ар-ар таңым,
Жакшылыкка жакамды агартамын.
Кыргызымдын кырмызы-кызыл туусун,
Эркелетет шамалы саратандын.

Дал ошол эле иштер азыркы кезге чейин көз алдымда турат.

- Акбар мырза, эки өлкөнүн саясатчылары, өзгөчө чыгармачыл адамдары жакшы алакада болуп келишет. Чек аралардан күн алыс өтүп тирилик кылган, узак убакытка созулган текшерүүлөрдөн, жакшы эмес мамилелерден тажаган карапайым калк, эки бир тууган элди бөлүп, чек араны куруп койду деп саясатчыларга нааразылыгын айтып жатышпайбы. Эми ушул маселелерди татаалдаштырбай кантип чечиш керек деп ойлойсуз?

- Эми ар бир мезгилде өзүнүн маселелери чыгат. Аны чечишибиз керек. Чечүүнүн бир гана жолу бар – дипломатиялык жол. Бир жол болгон менен дипломатиянын ыкмалары көп. Айталы азыркы классикалык, калыптанып калган дипломатиянын үлгүсүндө, өкмөттөрдүн деңгээлиндеги кеңешмелерде, тегерек үстөлдөрдө, сүйлөшүүлөрдө, кат алышууларда чечишибиз керек. Экинчи бир түрү, албетте казак-кыргыз эгиз эл, боордош эл, менталитети окшош эл дегенден кийин элдик дипломатиянын үлгүлөрүн да пайдаланышыбыз керек.

- Өзүңүз белгилегендей кыргыз-казак бир тууган, боордоштор деп көп айтылат. Бирок эмнегедир чек арага келгенде, же Казакстанда жүргөндө деле бул сезим такыр байкалбайт деп көптөрү айтышат. Бул сөз саясатчы, же элге таанылып калган адамдар үчүн эле айтылабы? Негизинен маселени чечүүнүн кандай жолдорун көрөсүз? Дипломатиялык жолдор менен дегениңиз менен бул мурдатан эле колдонулуп келет да?

- Ооба, болуп келет. Мага дагы чек ара маселелерине байланыштуу кейиштүү жагдайлар айтыла калып жүрөт. Кеминдеги Кара-Булак деген айылда чек ара бөлүшкөн кезде бир мүрзө экиге бөлүнүп калган экен. Бул эми ойлонуп көрсөң Чыңгыз Айтматов жазган чыгармадай да. Казангаптын сөөгүн кең казак талаасына койо албай жаткандай эле ата-бабасынын мүрзөсүнө ошол айылдыктар барбай калганы жан кейитет. Мындай маселелер чечилүүгө тийиш деп ойлойм. Антпесе болбойт да.

Менимче, бул жерде иш билгилик гана керек. Ошол эле дипломатиялык жол керек. Айтып кеткен мисалда, дал ушул маселеде элдик дипломатиянын үлгүлөрүн колдонуш керек.

Расмий делегацияларга дал ошол айылдын сөзү өткүр, нарктуу адамдарын кошуп койсо болот. Анын үстүнө ошол айыл чек арада тургандан кийин казак агайыңдар кыргыздар менен катарлаш жашайт. Болбосо энеси, эжеси, жеңеси кыргыз болгондор болушу мүмкүн. Ошондуктан ошолордон да делегациянын катарына кошсо жакшы болор эле.

- Казактар арасында “биз болбогондо кантет элеңер”, кыргыздар арасында “биз бир кезде казактарды ачкачылыкта куткарып калганбыз” деген сыктуу сөздөр айтыла калып жүрөт. Ушундай бири-бирин кемсинткен, сындаган сөздөр болбош үчүн Борбор Азия өлкөлөрүндө чек араны жок кылыш керекпи, анын үстүндө соңку кездерде ушул маселе да көтөрүлчү болду?

- Мындай сөздөрдү жалпы элге таандык кылып айткан туура эмес, албетте. Айрым адамдар болот, беш бармак тең эмес да. Турмуш-тиричиликтин төмөнкү деңгээлиндеги сөздөрдү жалпылаштарып жибергенде мамилебизге доо кетип калышы мүмкүн.

Коңшулаш эки мамлекет эрин менен тиштей да. Экөө эптүү, бирдей кыймылдаш керек. Эгер эрдиң жырылып калса, же тишиң зыркырап турса экөөнө тең аброй алып келбейт. Албетте жанагы таарынычтарды, башка жагдайды эске алыш керек. Анан маселени чечиш керек. Бирок чек араны таптакыр алып салган болбойт да. Бул эми дүйнөлүк практикадагы бар нерсе.

Башка маселе, бир тоңдун кыр жамачындай болгон Европа биригип келип, Евробиримдигин түзгөнгө чейин ошондой маселелер көп болду да. Биз да Борбор Азиядагы беш мамлекет биригип турсак бир муштумдун беш манжасындай болот элек. Тилекке каршы, андайга жете албай жатабыз.

- Эки өлкөнүн интеллигенциясы жолугуп, бийликке кайрылуу жолдоп же кандайдыр бир бул маселени жеңилдетүү жолдорун караса болобу?

- Ооба, интеллигенция буга кийлигиши керек. Бирок бул түздөн-түз азыркы саясатчылардын, өкмөттүн башында турган адамдардын милдети. Менин баамымда, Казакстанда туруктуулук бар. Айталы эл башы Нурсултан Назарбаев дүйнөлүк саясатчы дейбиз. Анын жанында дагы көп жылдардан бери иштеп, такшалып калган чоң өкмөт мүчөлөрү, саясатчылар бар. Азыркы премьер-министри Карим Масимов да биздин абалыбызды түшүнөт деп ойлойм. Анын жолу да ушундай бийиктеп келе жатат. Бир учурда жол, транспорт министри болуп турган. Ал эми бизден барган айрым жетекчилерди байкасам, элчиликке жеткенче кээ бир тиешелүү адамдардын атын билбейт. Ошол жакка барып сурайт, ким эле, кайсы киши эле, эмне кылам деп. Мурдатан ойлонуп, программа түзүп, чечимдерди жазып алып анан барыш керек да.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG