Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:05

Кыргыз-казак маданий байланыштарын чыңдоо жана өнүктүрүү, чек ара маселеси эки өлкөнүн элинин Ассамблея өкүлдөрүнүн форумунда козголду.

Мындай форум 21-24-август күндөрү Ысык-Көл жээгинде өткөн.


Сунуштар суу кечеби?


Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы Бектемир Мурзубраимов бул форумда буга чейин кыргыз-казак мамлекет башчылары «түбөлүк достук» келишимине кол коюшканы менен өткөн жылдагы апрель окуясынан кийин өлкөдө оор абал түзүлгөндө Казакстан тарап чек арасын жаап, карапайым калкка кыйынчылык келтиргени тууралуу маселе да козголгонун маалымдады.

Анын айтымында, чек арадагы көйгөйлүү маселелерди чечүү жөнүндөгү сунуштарды Казакстан калк Ассамблеясынын өкүлдөрү казак бийлигине жеткире турган болду.

- Айрыкча соода-сатык менен күн көрүп, бала-бакырсын багып жүргөн жүздөгөн-миңдеген адамдар үчүн чек ара маселесиндеги айрым кыйынчылыктарды жеңилдетүүнү талап кылат элек, абдан өтүнөт элек.

Бектемир Мурзубраимов жыйында ошондой эле маданий байланыштарды өнүктүрүү жана чыңдоо, достук мамилени, үрп-адат, каада салтты улантуу жана тоскоолдуктарды чечүүнүн жолдору талкууланып, аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу маселеси козголгонун белгиледи.

Ал эми кыргыздардын «Кыргызстан-Астана» этномаданий бирикмесинин төрагасы, Казакстан калк Ассамблеясынын мүчөсү Шавкат Исмаилов болсо эки-үч күн мурда Кордой, Ак жол чек ара бекеттерине барып байкоо жүргүзүшкөнүн, каттаган адамдардын жана жүк ташуучу унаалардын документтери жайында болсо өткөрүүдө эч кандай көйгөй жоктугун билдирди.

Анын айтымында, 50 киллограммдан жогору жүктөрдү өткөрүүдө анча-мынча тоскоолдуктар бар, бирок бул чечиле турган маселе. Ал ошондой эле ар бир өлкө өз алдынча эгемендүү мамлекет болгондон кийин чек араларды катуу көзөмөлдөө зарылдыгын белгиледи.

-Кыргызстандын ичиндеги туруксуздуктун бирден-бир себеби чек аралардын ачыктыгы экендигин саясат талдоочулар белгилеп жатышат. Алардын баамында, туруксуздукту пайда кылууда сырттан кандайдыр саясий-экономикалык күчтөрдүн, экстремисттердин таасири тийиши толук ыктымал. Ошондуктан бардык тарабынан тартип болушу керек.


Чек арадан өтүү кыйындады


Мындан эки ай мурда Кыргызстан менен Казакстан калк ассамблеяларынын төрагалары эки элдин жана мамлекеттин ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшкан болчу.

Соода-сатык менен каттаган кыргызстандык атуулдар болсо Казакстан Бажы биримдигине киргенден бери чек арадан өтүү кыйындап кеткенин билдиришүүдө.

Гүлмира аттуу келин казактардын бажы, чек ара кызматкерлеринен кордук көрүп жатканын мындайча сыпаттады.

- Кыргызстандан өткөндө бизде проблема жок. Казак тараптагы көпүрөдөн өтүп баратканда эле проблемалар башталат. Акча сурамай. Ары жакка барганда чек арачылар тосот. Аларга дагы акча беребиз. Жалдырап жатып эртең менен кирсең түштө араң чыгабыз. Паспорт текшерген жерден өтүп баратканда бизди араба сүйрөгөн жүк ташыгычсың деп өткөрбөй убара кылышат.

Айрым талдоочулардын билдиришинче, кыргыз-казак мамилесиндеги көйгөй жалаң эле чек ара эмес, Казакстанда иштеп жүргөн кыргыздардын убактылуу каттоого туруусу, балдарын мектепке, бала-бакчага орноштуруу, казак полицейлеринин документ текшерүүдөгү көйгөйлүү маселеси чечилмейинче маданий байланышты өнүктүрүү кагаз жүзүндө эле кала турган иштей.


Тарых бурмаланып жатабы?


«Манас-Ата» деп аталган этникалык кыргыздарды колдоо корунун төрагасы Акылбек Атабеков кыргыз-казак элинин Ассамблеясынын өкүлдөрүнүн форумунда Орто Азия элдеринин тарыхын биргелешип илимий жактан иликтеп, тактап чыгуу маселесин көтөрүп, тарыхты бурмалап жазуу келечекте аймакта кейиштүү кырдаал жаратат деген көз карашта.

- Орто Азиядагы чоң проблема, этникалык кагылыштардын чыгышынын түздөн-түз таасири бүгүнкү күндө тарыхты ар кимиси өз көмөчүнө күл тартып бурмалап жазып жатканында. Жөнөкөй эле мисал, казактар Чолпонбай Түлөбердиевди Жамбылда туулган деп өздөрүнүн баатыры кылып алышты. Эгерде тарыхты бурмалап жаза турган болсок, бөлө турган болсок келечектеги проблема жыйырма жылдан кийин чек ара маселесинен дагы оорлошуп, кыргыз-казак жаштары бир-бирине « мылтык кезеп» калышат.

Акылбек Атабеков белгилегендей, коңшу кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик, кыргыз-казак маданий байланышын өнүктүрүү жана чыңдоо маселеси мамлекет башчыларынын деңгээлинде чечилип, натыйжалуу ишке ашырылышы зарыл.

Ушул жылдын январь айынын соңунда президент Роза Отунбаева Казакстанга иш сапары менен барганда казактын маданият министри Мухтар Кул-Мухаммед менен жолугушуп, бирдиктүү маданият аймагын түзүү боюнча макулдашылып, эки тараптын өнөр адамдарынын чыгармачылык сапарын уюштуруу каралган болчу.

Бирок али күнчө казак тараптан бир дагы чыгармачыл жамааттын Кыргызстанга келгени же Кыргызстандын өнөрпоздору кошуна өлкөгө барганы тууралуу маалымат жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG