Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Пакистанда теракт курмандыктары үчүн аза күтүп жатышат


Полиция академиясына жасалган чабуулдан мерт кеткендердин саны 61ге жетти.
Полиция академиясына жасалган чабуулдан мерт кеткендердин саны 61ге жетти.

Пакистан Кветта шаарында 25-октябрга караган түнү полиция академиясына жасалган кол салуунун курмандыктары үчүн аза күтүүдө.

Шаар боюнча бардык мекеме-ишканалар, соода-жайлар жабык турду. Бүгүн 61 курсанттын сөөгү жерге берилди. Алардын көпчүлүгүнүн курагы 20 жаштын тегерегинде.

Пакистандын башка шаарларында да айрым мекемелер жабылып, мамлекеттик туулар түшүрүлдү.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчилик алган чабуулдан жарадар болгондордун саны 120дан ашты.

2014-жылдын декабрь айында Пешавар шаарында мектепке жасалган чабуулдан 150 адам, көпчүлүгү окуучулар мерт кеткен.

XS
SM
MD
LG