Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Орусия БУУну Алеппого жардам жөнөтпөйт деп сындады


Алеппонун Жибриин аймагы.
Алеппонун Жибриин аймагы.

Орусия Алеппонун Сирия өкмөтүнүн колуна өткөн аймактарына гуманитардык жардам жеткирбей жатат деп Бириккен Улуттар Уюмун сындады. Орус Коргоо министрлиги көтөрүлүшчүлөрдөн бошотулган конуштардагы 90 миңдей тургунга орус армиясы гана жардам берип жатканын билдирди.

“Сириянын өкмөттүк күчтөрү шаардын чыгышындагы конуштардын 40 пайызын бошоткондон кийин Алеппого гуманитардык жардам көрсөтүү сунуштары токтоду”, - деди министрликтин басма сөз өкүлү Игорь Конашенков.

БУУнун гуманитардык маселелер боюнча өкүлү Ян Эгеланд Алеппонун чыгышындагы 150 миң адамды камсыз кылууга жете турган азык-түлүктөр бар экенин, жардам жеткирүү үчүн Орусия убактылуу коридор ачарын ишара кылганын билдирген.

XS
SM
MD
LG