Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:36

Уу көмүрдүн артында ким турат?


Казакстандан радиациялык көмүр ташып келүү фактысы боюнча президент Алмазбек Атамбаев менен өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов жооп берүүгө тийиш.

Бул тууралуу парламенттин укук тартиби жана мыйзамдуулук комитетинде айткан “Ата-Журт” фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев ууланган көмүрдү ташып келүүгө кызыкдар болгон аткаминерлер камакка алынбай жатканын сындап чыкты.

Мыктыбек Абдылдаев сырттан көмүр ташуу боюнча буйрукка өкмөт жетекчилиги гана кол койууга укугу бар экенин эскертти. Ошондуктан ал башкы прокурордун орун басарынан ошол Кулан көмүрүн тарттырып келүү боюнча өлкө жетекчилеринин ичинен кимдин түздөн-түз буйругу болгонун териштирүүнү сурады. Жоопко канааттанбаган Абдылдаев бул боюнча Атамбаев менен Бабановду суракка алууну сунуштады.

Бирок Социал-демократтар фракциясынан депутат Акылбек Султанов мында берилген буйрукту аткарууну будамайлаган аткаминерлер болгон деп шекшиди:

- Мына ошол буйрукта Кулан кенинен гана көмүр алып келгиле деп жазылган эмес. Анда болгону жеңүүчү аныкталбай, тендер өтпөй калгандыктан кайсы бир булактардан көмүр сатып алууну уюштургула деп жазылган болуш керек. Буга жооптуу жетекчилерди камап, сурай баштаганда эле жогору жактан аларга ким буйрук бергени белгилүү болот.

Аталган буйрукка былтыр 24-августта кол коюлганы белгилүү болду. Бирок ага ошол кездеги өкмөт башчысы Атамбаев же анын биринчи орун басары Бабанов экөөнүн кимисинин колу коюлганы ачыктала элек.

Мыктыбек Абдылдаев “аталган көмүрдү ташып келүүгө буйрук берген аткаминерлер аныкталып, аларга иш козголбой турган болсо, анда жоопкерчиликти Башкы прокуратура алыш керек” деген оюн ортого салды:

- Ууланган көмүр бизге алынып келингени факт. Бул боюнча иш козголгону факт. Демек буга тиешеси бар жетекчилер жоопко тартылууга тийиш. Анткени мунун кесепетин биз азыр айта албайбыз. Коомчулукта баш оору пайда болду. Ошондуктан бул ишти аягына чыгарууга Башкы прокуратура жооп берет.

“Жебе” жетпеген жетекчилер

Буга чейин радиациясы бар көмүрдү текшерген эмес деген кине менен көзөмөл органдарынын беш кызматкерине кылмыш иши козголгон. Депутаттар эмне себептен буга жооптуу ири аткаминерлер ушуга чейин камалбай жатканына кызыгышты. Анткени төрт айдан бери радиациясы бар көмүрдү ташып келүүгө жол берген бир дагы жетекчинин ысмы аталбай жатканы айтылды.

Баш прокурордун биринчи орун басары Рыскул Бактыбаев бул факты боюнча айрым жетекчилерге иш козголушу мүмкүн деп жооп берди:

- Бул жерде факты боюнча Бишкек жылуулук борборунун, бажы кызматынын, темир жолдун, санитардык-эпидемиологиялык кызматынын жана “Электр станциялар” акционердик коомунун жетекчилиги жоопкер катары суралышы мүмкүн.

Ошол эле учурда радиациясы бар сегиз миң тоннадан ашуун көмүрдү артына кайтаруунун чаралары талкууга алынды. Бирок аны артка кайтаруу боюнча өтүнүчтү Казакстандын бийлиги четке кагып жатканы белгиленди.
Ошондуктан өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов радиациясы бар көмүрдү Кыргызстандын аймагында көмүүнү ойлонуштуруп жатышканына токтолду:

- Бизде анын зыяндуулугун азайтуу боюнча эки вариант бар. Биринчиси, Казакстанга чыгарып кетүү. Бирок бул жагынан жыйынтык жок. Экинчиси, бул көмүрдү жерге көөмп салууну карап жатабыз. Бул боюнча Кара-Балта тоо-кен комбинатына караштуу калдыктарды көмүүчү атайын жайдан жер издештирип жатабыз. Бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Казакстандын Кулан көмүрү 2006-жылдан бери өлкөгө ташылып жатканы боюнча маалыматтарды Башкы прокуратура текшермей болду. Радиациясы бар көмүрдү быйыл Кыргызстанга казакстандык “Кулан - ТБ” ишканасы ташып келген. Казакстандын Жамбыл облусунда жайгашкан аталган көмүр кенин казууга мурда эле тыйуу салынганы белгиленди. Андыктан анын казылып, кайра кандайча сыртка сатылганы азырынча белгисиз.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргызстанга ташылып келинген көмүрдөгү радиациянын деңгээли ченден ашып, саатына сексен микроренгентке чейин экендиги аныкталган.

XS
SM
MD
LG