Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

Шаханов: Казак-кыргыз мамилесин эч ким буза албайт


Казак менен кыргыздын эл акыны Мухтар Шаханов "Азаттыкка" маданий алака-катыш, Казакстандагы авторитаризм тууралуу маек курду.

“Азаттык”: Мухтар ага, эки элдин аттуу-баштуулары тарыхыбыз бир, ынтымагыбыз бекем болгон деп айтып жүрүшөт. Айрыкча, расмий жолугушууларда боордош элбиз, динибиз, дилибиз бир деп көп айтабыз. Бирок соңку мезгилде кыргыз-казак ортосунда маданий, адабий алака-катыш солгундап кеткендей. Бир тууган, боордош эл руханий жактан алыстан кеткендей көрүнбөйбү сизге?

Мухтар Шаханов: Азыр биздин республикага руханий байлык керек болбой калды. Материалдык байлык биринчи орунга чыкты. Бизде "урматтуу, кудуреттүү” адамдар өлкөнүн уурулары, демократия азыр жемократия, депутаттар жепутатка айланып кетти. Казакстандын бүт байлыгын 15-20 адам бөлүп алды, баары ошолордун чөнтөгүндө.

Кезинде мен 10 жыл бою Казакстандын Кыргызстандагы элчиси болгом. Ошол убакта турганда менин бөлмөмө келбеген кыргыз акын-жазуучулары болгон эмес. Башка да ар кандай иш-чараларды өткөрдүк. Анан менин үстүмдөн арыз түштү, "Шаханов Казакстандын Кыргызстандагы элчилигин маданият очогуна айландырып жиберди" деп. Элчилик дегендин өзү жабык уюм, бирок мен анча-мынча маселени тыңдаган жокмун. Мен бул жагдайды эки элдин боордоштугуна, эки элдин маданий байланыштарын арттырууга күч салдым. Билбейм, азыр бийлик башындагы адамдарга маданият, руханий байлык, тил, улут кереги жок...

“Азаттык”: Акыркы кезде кыргыз-казак бири-бирин жек көргөн акыбалга бараткандай. Мисалы казактарды Көлгө келгенде тоноп кеткен, уруп кеткен учурлар бар. Кыргыздар чек арадан өтө албай турат, мигранттар кыйналып жатат, керек учурда чек аралар жабылып калат дегендей... Ушул көрүнүштөрдөн кийин эки өлкө азыр достук мамиледе деп айтканга болобу?

Мухтар Шаханов: Эми эзелтен эки элдин ортосунда боордоштук, достук мамилеси болгон. Азыркы кезде бийлик башында отурган адамдардын ушундай көз караштары, кээ бир уурулардын жасаган иштерин бүтүндөй калкка жабыштырууга болбойт го. Эки калктын көңүлү, ниети эзелкидей эле. Аны эч ким бура албайт. Бирок жеке ошондой адамдар болот, ар түрдүү топтор, ар түрдүү башчылар бар. Элдин пайдасынан көрө өзүнүн жеке мүдөөсүн ойлоп, чөнтөгүн толтургусу келет. Аларга карап калкка баа берүүгө болбойт.

Кез келгенде казак кыргыз дегенде ичкен ашын жерге койот. Мисалы кечинде эшигин кагып, мен кыргызмын десе эшигин ачпаган казак болбойт. Башка десе киргизбей коюшу мүмкүн. Кыргыздар деле ошондой. Мисалы Желтоксондо бизге боордоштук көргөзгөн жалгыз гана кыргыз улуту болгон.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG