Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

Ким айтат эми ырыңды?


Элмирбек Иманалиев.
Элмирбек Иманалиев.

Чындыкка тик караган ак таңдай акын, комузчу, Кыргыз Эл артисти Элмирбек Иманалиев 42 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Чыгаан акын, кыргыз-казакка таанымал төкмө Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Бир нече республикалык жана эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү, калк жактырып уккан бир нече обондордун автору.

“Айтыш” коомдук фондусунда көптөгөн жаш акындардын устаты. Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. Төкмөлүк акындан сырткары Манас, дастандарды мыкты чеберчиликте аткарган. Ал ырчы, обончу катары "Аруузатым", "Булбулум", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы", "Мунарым", "Балкыма" сыяктуу эл оозундагы мыкты бир топ чыгармаларды жараткан.

Замандаштары Элмирбек Иманалиевди коомдогу окуяларга жарандык позициясын дайым билдирген, мамлекеттик башкарууда кемчиликтерди тартынбай сындаган, эркин ой жүгүрткөн демократ акын катары жашап өткөнүн белгилеп жатышат.

"Тулпар ѳлбѳй калбайбы..."

Акын Шайлообек Дүйшеевдин залкар замандаш инисин жоктогондогу ыр саптарын, ошондой эле Элмирбектин 2015-жылы август айында "Азаттык" радиосунун "Жан дүйнө" рубрикасына жаздырылып алынган маегин кайра жарыялайбыз.

Бабаң Арстанбек ырчы ѳмүрдѳн ѳтүп баратып минтип керээз ырын айткан экен.

Тигилип ажал келгенде,

Атка минсе буттаган,

Алкымыңдан жыттаган,

Колун коюп башыңа,

Аста-секин уктаган.

Балакет ажал сеп ал деп,

Баламды коюп мени ал деп,

Атаң түшпѳйт арага.

Аяздуу күндѳ айланган,

Булуттуу күндѳ муңайган,

Тогуз ай курсак кѳтѳргѳн,

Тоорулуп эмчек эмизген,

Токтунун этин жегизген,

Торкодон топу кийгизген,

Кимдин уулу дегизген,

Айланайын сеп ал деп,

Аны алба ажал, мени ал деп,

Энең түшпѳйт арага.

Күнсүз күндѳ күн берген,

Айсыз түндѳ ай берген,

Алганым деп жан берген,

Албай тур ажал аны деп,

Аялың түшпѳйт арага.

Аялуу сѳзү кош болгон,

Антташып сага дос болгон.

Азирейил келгенде,

Досуң түшпѳйт арага.

Жалынган менен айла жок,

Өкүнгѳн менен пайда жок - деген экен.

Дагы бир залкар акын, Чоңду Койчуман уулу Айтыке акын дүйнѳдѳн кайтканда:

Капилет кеттиң дүйнөдѳн,

Калайык жоктур күйбѳгѳн.

Калкыңда адам жок эле,

Кадырлап сени сүйбѳгѳн.

Эгер кудай тилди алса,

Кезек-кезек бирди алса,

Ушакчы, бузук, жегичтен,

Ордуңа сенин миңди алса,-деп ырдаптыр.

Элмирбек, эми 19-кылымдагы дагы бир залкар абаң, казак акындарынын ири ѳкүлдѳрүнүн бири Мурат акындын ѳлүм жѳнүндѳгү ыры менен коштошолу.

Ушул жашка келгенче,

Укмуштун баарын кѳргѳмүн.

Ѳзүм кѳргѳн ѳмүрдѳ,

Ѳлбѳй турган жандарды,

Ѳмүрүмдѳ кѳрбѳдүм.

Учуп жүрүп кутулса,

Шумкар ѳлбѳй калбайбы.

Качып жүрүп кутулса,

Тулпар ѳлбѳй калбайбы.

Сүзүп жүрүп кутулса,

Балык ѳлбѳй калбайбы.

Агып жүрүп кутулса,

Арык ѳлбѳй калбайбы.

Он сегиз миң ааламды

Жалгыз ѳзү бийлеген,

Жан-жаныбар, чѳп-чардын

Жасатына тийбеген.

Курт-кумурска, тикендин

Тили менен сүйлѳгѳн,

Капаска салып шайтанды,

Кайгырып муңга күйбѳгѳн

Пайгамбардын паашасы

Сулайман ѳлбѳй калбайбы.

Тегеренип жѳтѳлсѳ

Тыңдаймын деген тыңчы ѳлгѳн.

Ылайык кебин айталбай,

Ырдаймын деген ырчы ѳлгѳн.

Алыстан келип атайы

Сындаймын деген сынчы ѳлгѳн.

Баатырды ѳлбѳс жаратса,

Арстан мүнѳз, албарс кѳз,

Манас ѳлбѳй калбайбы, -деп келип,

Билгеним жалган болбосо,

Берекелүү жер ѳлбѳйт.

Укмуштун баарын жомоктоп,

Учуп жүргѳн жел ѳлбѳйт.

Миң жылдап ѳмүр сүрсѳ да,

Бирдиги бар эл ѳлбѳйт.

Элдин тууусун кѳтѳргѳн,

Арбагы бийик ар качан,

Абалтан бери эр ѳлбѳйт!—деген экен…

Элмирбек, сен элиңдин туусун кѳтѳргѳн эр азаматыбыз элең. Сен ѳлгѳн жоксуң. Сенин экинчи ѳмүрүң элиң менен түбѳлүк жашай берет! Кош боорум!

Туйгуну элең асылдын,

Тулпары элең акындын.

Бутасы элең жылдыздын,

Булбулу элең кыргыздын!..

Кагылайын, Элмирбек!?

«Азаттык» радиосунун бүткүл жамаатынын атынан жакындарыңа, жубайыңа, балдарыңа, кыздарыңа терең кайгырып, кѳңүл айтабыз! Бүтүндѳй сени сүйгѳн элиңдин атынан кѳңүл айтабыз. Кош, эми. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун!

Элмирбек: көкүрөктү уялаган бир бук бар

13-14 жашынан баштап колуна комуз алып чоң айтыштарга катыша баштаган Элмирбек Иманалиев бүгүн отуздан ооп, кырк жашка чукулдап калган аралыкта бир нече республикалык жана эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү, калк жактырып уккан бир нече обондордун автору болду. Ал “Жан дүйнө” рубрикасында “Азаттыктын” угармандарына чыгармачылыгы тууралуу кеп салып берди.

“Азаттык”: Элмирбек мырза, сизди күйөрмандарыңыз төкмө акын, жазма акын, театр актеру, манасчы катары билишет экен. Сиз өзүңүздү ким деп эсептейсиз?

Элмирбек Иманалиев: Кеп ошо өзүмдүн ким экенимди билбегенимде. Негизи адам өзүнүн жан дүйнөсүн ар кыл нерселерден издей берет экен. Мен өзүмдөгү бир нерсени так билем: көкүрөгүмдө толуп турган кандайдыр бир бук бар. Ал менде дайыма жашап келет. Менимче өлгөндө кошо кетет го дейм.

Ошол букту сыртка чыгарып айтып берүүгө жасаган далалаттан улам мен ырдап көрдүм, обон чыгарып көрдүм, башка кылдым дегендей. Андыктан мага чыгармачылыктын ар кайсы жанры биригип келип бир бүтүндөй эле. Мен өзүмдүн ким экенимди чынында таба элекмин.

“Азаттык”: Өзүңүз айткан жан дүйнөңүздөгү бук качан келген, эмнеден улам пайда болгон?

Элмирбек Иманалиев: Дайыма турат десем болот. Бирок ал дарыя же деңиз сыяктуу нерсе экен. Кээде буркан-шаркан түшкөн, ашып кеткен, ташып кеткен учуру да болот. Андай кезде өзүңө да ээ болбой каласың. Кээде тартылып, мемиреп тынчып калат. Албетте ага ички жана тышкы таасирлер себеп болот. Ошол эле махабат дейбизби, ошол эле кайгыруу дейбизби...

“Азаттык”: “Күттүм, күттүм”, “Аруузат”, “Булбулум”, “Балкыма”, айтор дээрлик бардык обондоруңузда, жазган ырларыңызда арман, муң бар. Ал эмне болгон муң?

Элмирбек Иманалиев: Мага чынында бул тууралуу көп айтышат. Угармандардын ичинен “айтыштарга чыкканыңда күлүп-жайнап, тамаша айтып отурасың, анан эмнеге обондоруң муңдуу” деп айткандар болот. Бул боюнча өзүм: мен тамаша, күлкүмдү айтыш учурунда чыгарып салып, калган чыгармачылыгыма жалаң кайгы, арман гана калат окшойт деп ойлоп калдым.

“Азаттык”: Бир кезде шаардык театрда иштедиңиз. Кырдрамдын сахнасында Токтогулдун образын жараттыңыз. Киного тартылайын деген оюңуз барбы?

Элмирбек Иманалиев: Ачыгын айтканда, менден киноактер чыкпайт. Экранды мындай кой, мен фотопробага да жарабайм. Фотосессиям да бир топ кыйынчылык менен жасалат. Ошол эле учурда, мен жакшы деле театр актеру эмесмин.

“Азаттык”: Сиз үчүн обон, обончулук деген эмне?

Элмирбек Иманалиев: Бул өзү азгырмалуу нерсе экен. Мисалы, менин "Күттүм, күттүм" деген ырым көп жерлерде ырдалып турган учурда өзүмчө "и-и, бул оңой оокат табуунун жолу турбайбы, эми ыр артынан ыр чыгарып, популярдуу болуп кетсемби" деген ой пайда болгон. Албетте ал жол менен кетсем ушул убакта болгону шемирейген бир эстрада ырчысы болмокмун. Мени ошондо Кудай бир чоң сактаган.

Бул жерде нукура обончулук менен белгилүү жылдыз болуунун өтө чоң айырмасы бар. Мисалы, мага Асанкалый, Рыспай, Түгөлбай деген инсандардын аты аталганда эле кулагыма алардын обондору жаңырат. Же обон деген сөздүн өзү жогорудагы өнөр ээлерин көз алдыга тартат. Ырас бул обончулук деген өзү кереметтүү чоң өнөр. Бирок аны популярдуу эстрада ырчысына айланып калуу менен алмаштырбоо керек.

“Азаттык”: Сизди казак президентти Нурсултан Назарбав менен жеке мамилеси бар дешет. Ошол чынбы?

please wait

No media source currently available

0:00 0:11:43 0:00
Түз линк

Элмирбек Иманалиев: Эми ал киши даражалуу киши. Анткен менен мен ал киши менен бир нече жолу бет маңдай отуруп баарлашып жүрөм. Эки ирет туулган күнүндө болдум. Назарбаев биздин Ысык-Көлгө келгенде жолуккан учурларым болду. Казак президенти менен болгон расмий, бейрасмий жолугушууларда ырдап жүрөм. Айтор ошондой жакындыгым бар.

“Азаттык”: Назарбаевди сиздин чыгармачылыкка урмат менен мамиле кылат десек болот экен да?

Элмирбек Иманалиев: Урмат менен мамиле кылат. Негизи Назарбаевдин Борбор Азиядагы президенттерден өзгөчө бир айырмасы бар. Бул киши өзү домбра ойнойт. Ыр, обон жазат. Кыргыз-казактын улуу акындары боюнча дээрлик маалыматы кенен. Казактын залкар акындарынын ырларын, термелерин жатка айтат. Биздин Токтогул акындын ырларына чейин маалыматы бар.

Элмирбек Иманалиев: "Кайрылуу", 2015-жыл

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Шайлообек Дүйшеев

    "Азаттык" радиосунун баяндамачысы, Кыргызстандын Эл акыны жана бир катар сыйлыктардын ээси.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG