Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:05

Жумагали: Маданий байланышты бекемдейли


Драматург Аманбек Жапаров (оңдо) жана режиссер Исламбек Жумагали.

Драматург Аманбек Жапаров (оңдо) жана режиссер Исламбек Жумагали.

Кыргызстандык режиссер, драматург Аманбек Жапаровдун “Өкүттөгү өмүр” аттуу драмасы Казакстандын Караганда облустук драма театрында коюлуп, казак театр сүйүүчүлөрү тарабынан жылуу кабыл алынды.

Драма акыркы жылдарда казак сахнасында коюлган биринчи кыргызстандык калемгердин чыгармасы. Драманы койгон режиссер Исламбек Жумагали “Азаттыкка” маек курду.

- Сиз 10-апрелде режиссер жана драматург Аманбек Жапаровдун "Өкүттөгү өмүр" аттуу драмасын коюптурсуз. Анын бет ачары кандай өттү, казак көрөрмандары драманы кандай кабыл алышты?

- Бул драма Кыргызстандагы театрларда коюлса керек. Мына ошону казакчага которуп, сиз айткандай 10-апрелде бет ачары өттү. Көрөрмандар коомчулугу абдан жакшы кабыл алышты.

Мен муну драманын бүгүнкү күндүн көйгөйлөрүн өзүнө камтыган чыгарма болгонунан көрүп жатам. Себеби Кыргызстанда кандай маселе бар болсо, Казакстанда деле ошол көйгөйлөр: коррупция, наркомания жөнүндө болгону үчүн көрөрмандардын жан дүйнөсүн ойготуп, алар драмага жылуу сөздөрүн айтып жатышат. Драма коюлган күндөрү театрда орун калбай жатты.

- Эмне себептен дал ушул "Өкүттөгү өмүр" драмасын казак көрөрмандарына тартуулоону чечтиңиз?

"Өкүттөгү өмүр" спектаклинен бир көрүнүш

"Өкүттөгү өмүр" спектаклинен бир көрүнүш

- Биринчиден, мындай чыгарма көптөн бери колго тийбей жүргөн. Ошондуктан Аманбек мырзанын бул чыгармасын окуп калдым да, дароо которуп, эл алдына алып чыгууну чечтим. Себеби бул чыгармада абактагы аялдар тагдыры баяндалып, алардын көргөн күнү чагылдырылган.

Мени кызыктырган - эне тагдыры. Бүгүнкү энелерди тоздуруп, кайырчы кылып, бала тарбиялоодон айрып, алардын абалын төмөндөтүп жиберген учурлар абдан арбын болуп жатат. Мындай уланып кете берсе, биз кайда барабыз, кантип жакшы жашоого жетишебиз? Ошондуктан энелерибизге кам көрүп, аларды тагдырдын татаал сыноосуна каалагандай таштап койбойлу деген идеяны көрөрмандарга берейин деген максатта драманы сахнага алып чыктым.

Экинчиден, кыргыз жазуучу-драматургдарынын мындай чыгармасы көптөн бери биздин театрда коюла элек болчу. Албетте биз буга чейин кыргыз адабиятынан Чыңгыз Айтматов, Мар Байжиевдин чыгармалары коюлуп эле жүргөн эле. Бирок төбөлсүздүк алгандан бери чыгармачыл байланыштар абдан эле солгундап кетти. Мен сахналаштырган чыгарма менин эсебимде эгемендүүлүк жылдарында казак театрында коюлган кыргыз драматургунун биринчи чыгармасы.

- Өзүңүз да белгилегендей, акыркы жылдары боордош эки элдин маданият жаатындагы байланыштары бир аз солгундап кетиптир. Эки өлкөнүн президенттери жакында болгон жолугушуусунда маданий байланыштарды күчөтүүгө убада беришти. Бирок мындай келишимдер көп эле болгон, ошентсе да алардын көпчүлүгү декларативдик мүнөздөн бери аша албай жаткандай. Бул байланыштын солгундап кеткенине эмне болду деп ойлойсуз?

- Эми Казакстан төбөлсүздүк алганы маданият, адабият жаатындагы ал-жайы анча деле жакшы болгон жок. Ага тереңдеп көңүл бура албай жатабыз. Анан орус адабиятына, маданиятына өтө берилгенбизби, же башка себептен уламбы аларга кылчыктоону токтото албай келебиз.

Эми эгемендик алганга 20 жыл толгон соң оңубуз менен солубузга карап, назар таштоого мезгил жеткендей. Маселен, казактын ичинде кыргыз болгондор, кыргыз ичинде казак болгондор өтө эле көп. Анын үстүнө биздин байланышыбыз канчалык экенин Чыңгыз Айтматов менен Муктар Шахановдун достугу далилдесе керек. Мына ушул эки улуу инсан салып кеткен достук көпүрөсүн улантсак, кайрадан жаңыртсак деп ойлойм.

Балким, Аманбек Жапаров агам экөөбүз койгон драма мындай достуктун башталышы болсо керек. Анан калса жакында эле Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев жолугуп, маданий байланышты күчөтөбүз деп жатышат. Ылайым эле бул тилектер орундала берсин.

- Сиздин пикириңизде, бул байланышты жандандыруу үчүн эмне кылуу керек?
Драма коюлган күндөрү театрда орун калбай жатты.

- Бул үчүн тыгыз ынтымакта болуп, эки өлкөнүн театрлар арасында гастролдук жүрүштөрдү көп кылыш керек. Кыргыз артисттери жалаң эле Алматы менен Астанада болбой, башка аймактарга да барышы керек. Бул боюнча мен Аманбек Жапаровго айтып жатам, мен койгон драманы андан башка Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" бар, алар менен Кыргызстанга келсек. Ушинтип отуруп эки элдин ортосунда достук бекемдейт эле. Бизди көрүп, башкалар да байланышууга аракет кылар эле.

Маселен, мен койгон "Өкүттөгү өмүрдү" Астанадан Алимбек Орозбеков деген жигит суратып жатат, Жезказгандан суратып жатышат. Андан башка мен да кыргызстандык Токтоболот Абдымомунов баштаган дагы эки-үч драматургдун чыгармасын которуп, сахнага алып чыгайын деп жатам.

Кыскасы, Нурсултан Назарбаев айткандай, сөздү коюп, ишке өтүшүбүз керек. Ошондо гана бир жыйынтык чыгышы мүмкүн. Экономикалык байланыш, соода байланыш өнүктүрүү керек деп жатабыз го, бирок маданий байланыш болбой мунун баары ишке ашышы күмөн.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG