Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:47

Казак оппозициясы Казакстанды Бжы биримдигинен чыгаруу үчүн жарандардын колун топтой баштады.

Казакстанда минтип Бажы биримдигинен чыгуу чакырыктары айтылып жатса, Кыргызстанда тескерисинче бул уюмга кирүүгө даярдыктар көрүлүп жатат.

Оппозициянын демилгеси

Казак оппозициясы өткөн ишемби күнү Алматыда жыйын куруп, Казакстанды Бажы биримдигинен, Бирдиктүү экономикалык аймактан чыгаруу үчүн референдум жарыялоо чечимин жарыялады. Бул үчүн алар 200 миңден кем эмес жарандын колун топтош керек. Кошуна мамлекеттин оппозиционерлери ошондой эле металлургиялык корпорацияларды, Казакстандын элдик банкын мамлекетке кайтаруу талабын да коюп жатышат.

Казакстандын “Азат” оппозициялык партиясынын лидери Булат Абилов “Независимая газетага” берген интервьюсунда, Казакстандын Бажы биримдигине кирүүсү менен экономикалык жактан күчтүү Орусия алсызыраак Казакстанды басып баратат деген. Ал ошондой эле товарлардын кымбаттаганын, ички базарды Орусия менен Беларустун товарлары басып кеткенин белгилеген. Абилов пикиринде, Бажы биримдигин түзүүдөн Орусия гана пайда көрүп, андан ары саясий биримдикти түзүүгө баратат.

Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө камынууда

Кыргызстанда Бажы биримдигине кошулуу үчүн саясий чечим кабыл алынган. Биримдик жана Кыргызстан тараптан жумушчу топ түзүлүп, алар иштеп жатышат.
Бирок Бажы биримдигине кирүүдөн Кыргызстан экономикасы кандай пайда таап, кандай зыян тартаары так эсептелип чыга элек. Муну кечээ жакында Салык кызматынын башчысы Исхак Масалиев да белгиледи. Анын айтымында, Бажы биримдигине киргенден кийин Дордой жана Кара-Суу базарларында кырдаал өзгөрүп, 10 миңге чейин адам жумушсуз калышы мүмкүн. Анын так эсеби алына элек.

Андан сырткары Кыргызстандын базарлары сырттан келген товарлардын же импорттун очогу. Импорт товарлар болсо бажы төлөмүн төлөп кирет. Бажы төлөмдөрү болсо, Кыргызстандын бюджетинин жарым кирешесин берет. Демек Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүсү менен бажы төлөмдөрү көтөрүлүп, импорттун агымы азайат. Ошону менен бажы төлөмдөрү да кыскарат. Тартыштыгы 20 млрд. сомго жакындап жаткан Кыргызстан бюджети такыр эле тукулжурап калбайбы деген суроо да турат.

Мурунку экономика министри Эмил Үмөталиев андай коркунуч негиздүү деп эсептейт:

- Сөзсүз азаят. Экономикабыз да өнүгүү жолунан кете баштайт. Анткени биз эми-эми эл аралык соода мамилени түзүп, эми-эми түрдүү байланыштарды түзүп, жаңы жолдорду түптөй баштадык. Эгерде биз Бажы биримдигине кирип, өзүбүздү чектеп алсак, кайра эле бир тараптуу болуп калабыз.

Үмөталиевдин пикиринде, Кыргызстан өнүккөн дүйнө мамлекеттер менен
бир болобу же өнүгө албай жаткан, укуктук жактан аксап жаткан тарапта болобу деген тандоонун алдында турат.

Экономикалык эксперт Мейманбек Абдылдаев Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү менен импорт азайып, натыйжада бажы төлөмдөрү азайышын четке какпайт. Бирок ал кенемте Бажы биримдигине кирген өлкөлөр менен сооданын көбөйүшү менен толтурулат деген пикирде:

- Биздин соодабыздын 50% жакыны Орусия менен болгондон кийин биз Бажы биримдигине киргенибиз туура эле болот. Ал эми Казакстандын чыгабыз деп жатканы, бул алсыз, күчсүз оппозициянын акциясы. Анын таасири деле болбойт. Биз Бажы биримдигине киришибиз керек. Анын бизге өтө чоң пайдасы бар.

Кыргызстандын Экономика министрлиги бажы биримдигине кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келатат. Экономика министринин орун басары, Бажы биримдигине кирүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Олег Панкратовдун билдирүүсүнө караганда. Биримдикке кирүү боюнча иштер белгиленген ыргак менен жүрүп жатат. Ага ылайык, быйылкы жылы даярдыктар көрүлүп, келерки жылдан тарта Кыргызстан Бажы биримдигине кошулуш керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG