Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:44

Кыргыз менен казак маселе чечүүгө белсенди


Кыргызстан Казакстанга көгүлтүр от боюнча карызынан толук кутулса, кийинки жылы Астана Бишкекке 300 миллион куб метр газ берет.

Бул тууралуу 1-ноябрда Бишкекте өкмөттөр аралык кеңештин 4-жыйынында маалым болду. Анда тараптар негизинен инвестициялык фондду түзүүнү тездетүү, суу-энергетика, айыл чарба тармагында кызматташуу, чек арадагы көзөмөл боюнча маселелерди талкуулады. Соңунда эки документке кол коюлду.

Жыйынга сырттан көз салгандардын баамында, кыргыз-казак сүйлөшүүлөрү оңой өткөн жок. Тар чөйрөдө, андан кийин кеңири чөйрөдөгү жолугушуулардан кийин да кырыз-казак премьерлери менен айрым министрлер өз ара жабык сүйлөштү.

Кыргыз өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев жыйын соңунда журналисттерге кол коюлган документтер маанилүү экенин белгиледи:

- Кол коюлган документтер Кыргызстан менен Казакстандын кызыкчылыгына төп келет. Эки өлкөнүн эли бүгүнкү кол коюлган протоколдун жемишин эң жакынкы күндөрү көрүп, сезе баштайт деп ишенем.

Казакстандын премьер-министри Серик Ахмедов эки өлкөнүн алака-катышында маселелер бар экенин айтып өттү:

- Биздин экономикабыздын кээ бир тармактарындагы маселелер өкмөттөр аралык кеңештин алдында түзүлгөн комиссиялардын алкагында чечилип, жөнгө салынат деп ишенем. Бул суу-энергетикалык, соода-экономикалык, инвестиция жана айыл чарба тармагындагы макулдашууларды ишке ашыруу маселелери. Мунун баары өкмөттөр аралык кеңештин бүгүнкү протоколдук чечимдеринде көрсөтүлгөн.

Жыйында газ тууралуу сөз болду. Кыргызстан Казакстанга көгүлтүр от үчүн 12 миллион долларга жакын бересе. Астана Бишкек карызынан толук кутулса эмдиги жылы 300 миллион куб метр газ берилет деп убада кылды.

Кыргызстандын айыл чарба министри Чыңгысбек Узакбаев тараптар сүт, эт жөнөтүү маселеси боюнча сүйлөшкөнүн айтты:

- Бизде былтыр июль айынан бери бир дагы шарп оорусу катталган жок. Мен бир жылдан кийин текшертүүгө даярмын дедим. Эл аралык эпизоотикалык бюро, же болбосо Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин эксперттери келсе, мен текшерткенге даярмын дедим. Эгер бул маселени чечсек, мал чарба продукциясын, этти, малды экспорттоо маселесин чечебиз. Азыр эт, мал чек арадан мыйзамсыз өтүп жатканы баарыбызга белгилүү. Ал эми сүт маселеси чечилгенине эки айдын жүзү болду. Азыркы учурда биздин жети ишкана өз продукциясын жөнөтүп жатат. Калган беш ишкана боюнча казак тарап Москва, Минск менен макулдашып бүтүп калдык деп жатат, буюрса ал бешөөнө да уруксат берет.

Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаровдун "Азаттыкка” билдиришинче, Казакстан аймагында калган жер тилкесинин маселеси каралды. Анда ал участокту пайдалануу шарттары тууралуу келишимдин долбоорун даярдоону макулдашты:

- Казакстанда биздин 800 метр жер тилкебиз калып калган. Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда Ысык-Ата районуна караштуу Достук айылынын жанындагы тилке казак тарапта калып калган. Бишкектен Көл тарапка барганда ошол участок менен өтөт. Бүгүн ошол маселени карадык.

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңеш жыйында, "Маймак" бажы бекети боюнча чечим кабыл алынды. Бекетти пайдалануу боюнча эки тараптуу келишимдин мөөнөтү 1-ноябрда аяктагандыктан Казакстан менен Кыргызстан 20-ноябрга чейин жаңы келишим даярдоону, ага чейин станциянын ишин үзгүлтүккө учуратпоо тууралуу макулдашты. Бул тууралуу Таластын губернаторунун орун басары Байышбек Жуманазаров кабарлады:

- “Маймак” станциясынын ишин токтотпоо тууралуу бир тыянакка келип, бири-бирибизди колдоп атабыз. Бул станция биздин облус үчүн абдан маанилүү. Бизде өндүрүлгөн айыл чарба жана башка продукцияларды биз ушул станция аркылуу сыртка чыгарабыз. Кант кызылчасын Кайыңды заводуна жөнөтөбүз. Андан сырткары биз “Маймак” аркылуу көмүр, күйүүчү май ташып алабыз.

Кыргыз-казак өкмөт башчылар катышкан жыйындын соңунда эки документке, өкмөттөр аралык кеңештин төртүнчү жыйынынын протоколу, эки өлкөнүн каржы министрлеринин кызматташтыгы тууралуу бири-бирин түшүнүү меморандумуна кол коюлду.

XS
SM
MD
LG