Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:45

Кайрадан беш жылдык мөөнөткө шайланган Казакстан президенти экономикада олуттуу реформаларды жарыялады. Бул реформалар Евразия экономикалык биримдигинин алкагында да өзгөртүүлөрдү көздөйт. Ошондуктан Кыргызстанга да таасир тийгизиши күтүлөт.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев салык жана бажы тармагында бир катар реформаларды жүргүзүүнү буйруду. Ага ылайык, Казакстанда кошумча нарк салыгын (НДС) алып салып, анын ордуна соодадан салык киргизүүнү, бажы тармагында жүктөрдүн тынымсыз агымын камсыздоо үчүн үч тепкичтүү бажы төлөмүн киргизүүнү сунуштады.

Үч тепкичтүү бажы төлөмдөрү товарлардын түрүнө жараша 0%, 5% жана 12% гана коюлушу керек. Мындай өлчөмдөгү төлөмдөрдү киргизүү үчүн Казакстан Евразия экономикалык биримдигинде дагы реформа жүргүзүүнү сунуштайт.

КМШ президенттери

КМШ президенттери

Кыргызстан жакынкы мезгилде Казакстан менен Бирдиктүү экономикалык аймакта жашоого өтөт. Ошондуктан кошуна мамлекетте жүрүзүлө турган бул реформалар Кыргызстанга кандай таасирин тийгизиши күтүлөт деген суроо жаралбай койбойт.

Кыргызстандык экономисттерде Казакстандагы реформалардын таасири боюнча бир жактуу пикир жок. Бирок алардын көпчүлүгү кошумча нарк салыгын алып салуу Казакстандын өндүрүш тармагына артыкчылык берет деген пикирди карманууда.

Экономист Азамат Акелеев мына ошондой пикирде:

Азамат Акелеев

Азамат Акелеев

- Аларда кошумча нарк салыгы жоюлган болсо, анда ишканалар, ишкерлер ошол жакта өздөрүнүн өндүрүшүн ачканга аракет кылышат. Анткени бизде кошумча нарк салыгы да, сатуудан салык да бар.

Азамат Акелеев Казакстан реформалар боюнча Кыргызстан эле эмес, Орусиядан да алдыда баратканын белгилейт. Кыргызстан мына ушундай атаандаштык шартта салыктын өлчөмүн жана түрүн кыскартуу, ал эми салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүүгө баруу керектигин кошумчалады.

Кыргызстанда кошумча нарк салыгы бюджетке салыктан түшкөн кирешенин негизин түзөт. Маселен, 2015-жылга Салык кызматы 47 млрд. сомдон ашуун салык жыйнашы керек болсо, анын 37 млрд. сомго жакыны кошумча нарк салыгынан жыйналат. Ошондуктан мындай шартта Кыргызстандын кошумча нарк салыгынан баш тартуусу мүмкүн эмес дейт дагы бир экономист Сүйүнбек Сырдыбаев:

- Кошумча нарк салыгын көбүнчө дүң продукция чыгаргандардан, саткандардан алышат. Себеби, аларды көзөмөлдөгөн жеңил. Мисалы, чоң ишкана болсо алар Салык кызматынан качпайт. Алар мыйзам чегинде иштегенге умтулат. Ошондуктан алардан кошумча нарк салыгын жыйноо оңоюраак. Бирок кошумча нарк салыгынан биротоло бошотуп койсо, майда өндүрүштөн, жеке соодагерлерден, базар, дүкөндөрдөн салык жыйноо татаал болуп калат.

Бул үчүн ар бир соода түйүнүнө кассалык аппараттарды орнотуу маселеси келип чыгарын, Кыргызстандын шартында ал абдан татаал экенин Сүйүнбек Сырдыбаев кошумчалады.

Кыргызстанда 12% кошумча нарк салыгы алынат. Бул өтө эле жогору эместигин белгилеген Сырдыбаев, бирок аны да ийкемдүү жүргүзүүгө болот дейт:

- Мисалы, кошумча нарк салыгынын өлчөмүн өндүрүшкө азыраак кылып койсок, инвестициянын көбөйүшүнө шарт түзүлмөк. Бизде баарын бир кылка кылып койгон. Биздин салык кызматынын мүмкүнчүлүктөрү да чектелүү, компьютерлери деле жок, көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү аз. Ошондуктан алар жеңил жагына качырып, чогултууга жеңил болгон салыктарды көбөйтүүгө аракеттенишет.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев Кыргызстанда салык саясаты жок деп эсептейт. Ал азыркы кезде көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу, коррупцияны кыскартуу жана мамлекетти башкарууну жакшыртуу милдети турганын белгилейт. Казакстанда болсо кошумча нарк салыгын жоюуну цивилдүү мамлекетке айлануу максаты катары баалады:

Айылчы Сарыбаев

Айылчы Сарыбаев

- Кошумча нарк салыгын алып салса, керектөө товарлар деген бар, мына ошолордун баасы арзандайт. Алар атаандаштыкка жөндөмдүү болот. Анан ишканаларына кирешеге салыкты көбөйтөт. Ошону менен алар көмүскөдөн чыгарат, легалдаштырат. Ошону менен алар цивилдүү өлкө болот, биз цивилдүү эмес бойдон калабыз.

Нурсултан Назарбаев өкмөт алдына койгон дагы бир тапшырма - бажы бекеттеринен товарлардын токтоосуз өтүүсүн камсыздоо жана мамлекеттин транзиттик мүмкүнчүлүгүн арттыруу. Бул эки чара тең Кыргызстандын азыркы артыкчылыгын кыскартат. Анткени Кыргызстан реэкспорт же товарларды өткөрүү борбору болуусу татаалдашат.

Астананын Кытай-Казакстан-Орусия жана Иран багытындагы темир жолу Казакстандын транзиттик мүмкүнчүлүгүн арттырат. Кыргызстан болсо түшүнүксүз жагдайларда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруудан баш тартып келатат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG